ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Эрдоган менен Стармер Eurofighter Typhoon келишимине кол коюшту
Eurofighter Typhoon учактарын учурда Европада Улуу Британия, Германия, Италия, Испания жана Австрия, ал эми Жакынкы Чыгышта төрт Перс булуңу өлкөсү, анын ичинде Сауд Арабия, Оман, Кувейт жана Катар колдонушат.
Эрдоган менен Стармер Eurofighter Typhoon келишимине кол коюшту
Эрдоган менен Стармер Eurofighter Typhoon келишимине кол коюшту
28 Октябрь 2025

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер “Еврофайтер Тайфун” учактары боюнча эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.

Эрдоган дүйшөмбү күнү Анкарадагы Президенттик комплексте Стармер менен келишимге кол койгондон кийин «Биз муну эки жакын союздаштын ортосундагы стратегиялык мамиленин жаңы символу катары эсептейбиз», - деди.

Түркиянын президенти6 Еврофайтер келишими Улуу Британия менен биргелешкен коргонуу долбоорлорунун эшигин ача турганына ишенгенин билдирди. Ошондой эле Эрдоган Түркия менен Улуу Британиянын соода көлөмүн 40 миллиард долларга жеткирүүгө жана экономикалык байланыштарды чыңдоого убада берди.

Эрдоган “Биз Улуу Британия менен соода көлөмүбүздү алгач 30 миллиард долларга, андан кийин 40 миллиард долларга жеткирүүгө умтулабыз. Экономикалык байланыштарыбызды чыңдоого чечкиндүүбүз. Еврофайтер консорциумунун алкагында Улуу Британиянын жүргүзгөн иштери үчүн премьер-министр Стармерге жана анын командасына ыраазычылык билдирем. Ошондой эле консорциумдагы башка союздаш өлкөлөрдүн лидерлерине конструктивдүү мамилелеринен улам рахмат айтам,” - деп кошумчалады.

Тарыхый келишим

Стармер келишимдин болжол менен 11 миллиард доллар наркында экенин айтты.

“Бул чындап эле маанилүү келишим, анткени 10,7 миллиард долларлык буйрутмаларды камтыйт; бул 10 жылга созула турган ишти билдирет” деген Улуу Британиянын премьер-министри, Түркия менен Улуу Британиянын ортосундагы Eurofighter учактары боюнча келишим “НАТОнун коопсуздугу үчүн жеңиш болуп саналат” деп билдирди.

Биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Стармер: “Бул НАТОнун коопсуздугун бекемдейт, эки тараптуу коргонуу кызматташтыгын тереңдетет, бул жерде жана Улуу Британияда экономикалык өсүштү колдойт, 20 миң жумуш орундарын камсыз кылат, заманбап согуштук учактарды курууга шарт түзөт,” - деди.

Стармер бул келишимди “учурдагы кызматташтыгыбыздын тереңдигин жана кеңдигин чагылдырган, ошондой эле дагы да өнүктүрүүгө болгон амбициябызды көрсөткөн тарыхый учур” деп атады.

Улуу Британиянын коргоо министрлиги бул буйрутма 20 Еврофайтер учагын камтый турганын билдирди.

Премьер-министр Стармерди Анкарага сапарында коштогон коргоо министри Жон Хили болсо басма сөзгө: "Түркия НАТОнун негизги өнөктөшү жана Кара деңиздин кароолчусу. Аларды жогорку класстагы Typhoon согуштук учактары менен жабдыган бул келишим НАТОнун таасирин күчтөндүрөт жана баарыбызды коопсуз кылат", - деди.

Британ өкмөтү бул келишимди "бир муундагы эң ири согуштук учактарды экспорттоо келишими" деп мүнөздөдү.

Келишим Улуу Британияда 20 миң жумуш орундарын камсыз кылууга жардам берет жана Эдинбург, Уортон, Самлсбери, Бристолдогу өндүрүш линияларын колдойт.

Жөн гана учак эмес

Өткөн жумада Airbus Defence and Space компаниясынын башкы директору Майкл Шеллхорн “Еврофайтер” келишими Түркия менен узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүп, өндүрүштү кеңейтүүгө жана жаңы технологиялар менен өнүккөн моделдерди иштеп чыгууга шарт түзүшү мүмкүн экенин айтты.

НАТОнун экинчи ири аскердик державасы Түркия ата мекендик учактар массалык өндүрүшкө киргенге чейин, Улуу Британия, Германия, Италия жана Испания тарабынан биргелешип өндүрүлгөн көп максаттуу согуштук учак Еврофайтер Тайфунду сатып алууну пландап жатат.

Еврофайтер Тайфун учактары учурда Европада Улуу Британия, Германия, Италия, Испания жана Австрия, ошондой эле Сауд Арабия, Оман, Кувейт жана Катар сыяктуу төрт Перс булуңу өлкөлөрүндө колдонулат.

Иликте
Түркияда өлкөнүн негиздөөчүсү Ататүрктүн каза болгонунун 87 жылдыгы белгиленүүдө
Стамбулда «Газанын келечеги» аттуу эл аралык саммит өтөт
Түркиянын тышкы иштер министри дүйшөмбү күнү АКШга барат
Эрдоган: «Ооганстан менен уланган ок атышпоонун морттугунан улам түрк делегациясы Пакистанга барат»
Президент Эрдоган Вашингтон F-35 боюнча милдеттенмелерин аткарат деп үмүттөнөт
Түркия кибер тыңчылыкка шектелген эки адамды камакка алды
Президент Эрдоган: Азербайжандын Карабах жеңиши Кавказда тынчтык үчүн негизги ролду ойноп жатат
Түркия Нетаньяху жана 36 кишиге Газадагы геноцидге байланыштуу камакка алуу чечимин чыгарды
Түркиянын президенти Эрдоган менен Ливиянын премьер  - министри Дибейбе сүйлөштү
Британиянын Анкарадагы элчиси: Түркиянын Сириядагы жылыштардагы ролу "өтө маанилүү"
Түркия Сирия президенти менен ички иштер министрин БУУнун санкциялар тизмесинен чыгарууну кубаттады
Түрк аба жолдору испан Air Europa компаниясынан 355 миллион долларлык акция сатып алды
Түркия ХАМАСтын расмий өкүлдөрүн Стамбулда кабыл алды
Түркиянын атактуу Газиантеп лахмажуну Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүч күбөлүгүн алды
Түркиянын коргонуу экспорту 2025-жылдын алгачкы 10 айында 31 пайызга өстү
Түркия ноябрь айында Сирияга карата транзиттик ташууларды баштайт
Фидан: Израиль Газадагы ок атышпоону саботаж кылды жана бул үчүн жооп бериши керек
Түркия Газага аскер жөнөтүү боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимине ылайык иш алып барат
ЮНЕСКО Эрдогандын сунушу менен 15-декабрды "Дүйнөлүк түрк тилдеринин үй-бүлө күнү" деп жарыялды
Эрдоган: Түркия коргонуу долбоорлору боюнча европалык өнөктөштөрү менен кызматташуусун тездетет