Эрдоган: «ИКУ Сириянын экономикалык өнүгүүсүн колдоо үчүн атайын программаны баштады»
Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Сирия элине транспорттон билим берүүгө, коопсуздуктан соодага жана саламаттыкты сактоодон социалдык кызматтарга чейин кеңири колдоо көрсөтүүнү улантып жатканын айтты.
Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Экономикалык жана Соода Кызматташтык Туруктуу Комитетинин (COMCEC) алкагында Сирияны колдоо боюнча атайын программа ишке киргизилди. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган билдирди. Ал Ислам дүйнөсүнүн колдоосу Сириянын саясий биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууда өтө маанилүү экенин белгиледи.
“Бул программа аркылуу адамдык жана институттук мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөөгө салым кошуп, Сирияга окутуу, эксперттерди алмашуу, муктаждыктарды талдоо жана техникалык-экономикалык негиздемелер сыяктуу тармактарда долбоордук колдоо көрсөтөбүз”, – деди Эрдоган дүйшөмбү күнү Стамбулда өткөн COMCECтин 41-министирлер жыйынында.
Ал мындай деп кошумчалады: “Акыркы 14 жыл ичинде биздин сириялык бир туугандарыбыз оор жоготууларга дуушар болушту; Баас режими жана террордук уюмдардын чабуулдарынан улам бир миллионго жакын сириялыктар каза болду.”
Эрдоган:“Миллиондогон адамдар, анын ичинде 3,6 миллион адам Түркияга көчүүгө аргасыз болду. Бул процесс учурунда биз сириялык качкындарды меймандостук менен кабыл алдык”,-деди.
Ал Түркия бир туугандык жана коңшулук милдетин мүмкүн болушунча жакшы аткарууга аракет кылганын белгиледи.
“Аллага шүгүр, басмырланган сириялыктар акыры жеңишке жетишти”, – деп баса белгиледи ал.
Президент Эрдоган Сирияны 14 жыл бою канга боёгон зомбулуктар 8-декабрдагы революция менен акыры аяктаганын жана Сирия президент Ахмед аль-Шараанын чечкиндүү жетекчилиги астында калыбына келүү процессине киргенин кошумчалады.
Эрдоган Түркия транспорттон билим берүүгө, коопсуздуктан соодага, саламаттык сактоодон социалдык кызматтарга чейин ар кандай тармактарда сириялык элди колдоону улантып жатканын баса белгилеп: “Биздин уюмдун жана Ислам дүйнөсүнүн колдоосу өлкөнүн саясий биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууда, ошондой эле сириялык бир туугандарыбыздын туруктуу бакубатчылыгында өтө маанилүү”, – деди.
“Сириянын аймактык экономикалар менен интеграциясы Сирияга жана биздин аймакка даана пайда алып келет”,-деди ал.