Сереп салуу
ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган протекционизмге каршы күрөшүү жана өнүгүүнү күчөтүү үчүн кызматташууга убада берди
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Түркия менен Египеттин ортосундагы кызматташтыктын өсүшү аймактык туруктуулукка салым кошконун айтты.
Эрдоган протекционизмге каршы күрөшүү жана өнүгүүнү күчөтүү үчүн кызматташууга убада берди
Эрдоган Сисиге түрк ишкер чөйрөсүнө болгон ишеними жана түрк компанияларын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. / AA

 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Египет менен кызматташуу аймактык туруктуулукка салым кошоорун жана Анкара муну инвестиция жана соодада натыйжалуу пайдалангысы келерин билдирди.

Каирде өткөн Түркия-Египет бизнес форумунун жабылыш жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Эрдоган: «Биз Египеттин президенти Абдүлфаттах ас-Сиси менен эки тараптуу соода көлөмүн 15 миллиард долларга жеткирүү максатыбызга ылайык тыгыз кызматташтыгыбызды улантабыз», - деди.

Президент Эрдоган Жогорку деңгээлдеги Стратегиялык Кызматташтык Кеңешинин жыйынында соода-экономикалык мамилелер кеңири талкууланганын жана мамилелердин пайдубалын бекемдөө жана алардын бардык тармактардагы көлөмүн кеңейтүү боюнча келишимдерге кол коюлганын баса белгиледи.

Ал кошумчалап: «Дүйнөлүк экономикада протекционизм жана ички саясат күчөп жаткан учурда, кызматташтык гүлдөп-өнүгүүнүн туруктуулугу үчүн маанилүү болуп баратат. Бул барган сайын татаалдашып бараткан шартта, мен сиздин колдооңуз менен экономикаларыбыз биргелешип күчөй алат деп чын жүрөктөн ишенем»,-деди.

Эрдоган Египет Түркиянын Африкадагы эң ири соода өнөктөшү экенин, соода көлөмү 8 миллиард доллардан ашканын айтып: «Египет эң көп экспорттогон өлкөлөрдүн арасында 7,4% үлүшү менен үчүнчү, ал эми эң көп импорттогон өлкөлөрдүн арасында 3,4% үлүшү менен жетинчи орунда турат»,- деп кошумчалады.

 Эрдоган соода министрлеринин Жогорку деңгээлдеги соода консультация механизминин кийинки жыйыны Анкарада өтөрүн билдирди.

Президент: «Биз Эркин соода келишимибизди айыл чарба өнүмдөрүн камтыгыдай түрдө жаңыртуу боюнча аракеттерибизди улантып жатабыз. Бул жылы Анкарада өткөрүүнү көздөп жаткан 6-Биргелешкен комитеттин жыйыны менен бул багытта олуттуу ийгиликтерге жетүүнү көздөйбүз», - деп баса белгиледи.

Эрдоган ошондой эле Түркиянын Египеттеги ар кандай тармактарга жалпысынан 4 миллиард долларга жакын инвестициялары учурда 100 000 египеттикти жумуш менен камсыз кылаарын кошумчалады.

Президент түрк компаниялары жогорку экспорттук кубаттуулукка ээ тармактык лидерлер экенин жана түрк подрядчылары Египетте жалпысынан 1 миллиард доллардан ашык 27 долбоорду ишке ашырганын белгиледи.

Ошондой эле Эрдоган түрк фирмалары Египеттин 2030-жылга карата көз карашынын алкагында пландаштырылган 14 жаңы акылдуу шаардын курулушуна катышат деген үмүтүн билдирди жана Сисиге түрк бизнес дүйнөсүнө болгон ишеними жана түрк компанияларын колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент ошондой эле Түркиянын курулуш тармагынын технологиясын жана стандарттарын Египеттин жумушчу күчү жана тажрыйбасы менен айкалыштыруу Африка жана Азия боюнча ири долбоорлордун ийгиликтүү аякташын камсыздай турганын баса белгиледи.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Түркиянын президенти Эрдоган бул аптада Сауд Арабия жана Египетке барат
Иликте
Трамптан Рюттеге нааразычылык: Иран согушу боюнча НАТОнун колдоосу "көңүл калтырды"
Трамп Венесуэлага кылымдын эң күчтүү жер титирөөсүнөн кийин жардам сунуштады
Президент Эрдоган: Израилдин провокацияларына карабастан аймакта тынчтык орнойт
Францияда КДРдагы эпидемия менен байланыштуу алгачкы эбола учуру аныкталды
Бириккен Улуттар Уюмунун эвакуация планы боюнча Ормуз кысыгынан кемелер өтө баштады
АКШ Түркияга реактивдүү кыймылдаткычтарды сатуу процессин тездетип жатат
Бишкектеги ШКУнун бизнес - форумунда 150 миллион долларлык келишимге кол коюлду
Нуман Куртулмуш Бакуда Азербайжандын Улуттук Парламентинин спикери Гафарова менен жолугушту
Трамп: "Түркиядагы НАТО саммитине Эрдоган үчүн катышып жатам"
Түркия менен Египеттин ортосундагы жакындашуу Афина үчүн тынчсызданууну жаратууда
Тышкы иштер министри Фидан эртең Канадага барат
Рубио Жакынкы Чыгышка сапарын баштады; Союздаш өлкөлөр Иран тууралуу суроолорго жооп күтүшүүдө
Байрактар: "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек"
Түркия ФИБАнын Дүйнөлүк Кубогунун Европа тандоо оюндарынын "күч рейтингинде" биринчи орунда
Согуш башталгандан бери Түркияга таандык 11 кеме Ормуз кысыгынан коопсуз өттү