Быйыл «Манас» университетинин түзүлгөнүнө 30 жыл толду
МАДАНИЯТ
10 мүнөт окуу
Быйыл «Манас» университетинин түзүлгөнүнө 30 жыл толдуКыргыз-Түрк «Манас» университетинин биринчи проректору, профессор Ибраев Алмаз Орозакунович: «Университет биздин чыгаан жазуучубуз, дипломат, саясий ишмер Чынгыз Төрөкулович Айтматов агабыздын наамын татыктуу алып жүрөт деп ишенебиз»,-деди.
Кыргыз-Түрк "Манас" университети / TRT
3 Октябрь 2025

«Манас» университети 30 жылдыгын белгилеп жатат.

Улуу тоонун уулу Чыңгыз Айтматов: «Ушул ээн жерде имараттар салынып, Кыргыз -Түрк «Манас» университети курулаарын ким ойлоптур… Бул – тарыхтын бизге берген берекеси» – дегендей бүгүн, Кыргыз-Түрк «Манас» университети миңдеген жаштарга билимдин канатын тагып, XXI кылымда билим берүүдө дүйнөлүк маркага айланды.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) - Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасынын Өкмөттөрү тарабынан 1995-жылы, 30-сентябрда Измир шаарында кол коюлган «Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк «Манас» университетин ачуу боюнча эл аралык келишимдин» негизинде ачылып, 1997–1998-окуу жылынан тартып, студенттерге билим бере баштаган.

Окуу жай союз ыдырап жаңы дүйнөгө туруштук берүү учурунда, дүйнөлүк стандартта билим берип, мезгил талабына жооп берген адистерди даярдап, билимге суусаган жаштарга дүйнөнү ачуусуна себепчи боло алды. Кыргыз-Түрк «Манас» университети QS Азия университеттеринин рейтинги жана QS дүйнөлүк университеттеринин рейтинги боюнча туруктуу түрдө өзүнүн ордун бекемдеп, билим берүү сапатын, илимий изилдөөлөрдү жана социалдык жоопкерчиликти өнүктүрүүдө, QS рейтингине Кыргызстандан биринчи чыгып, илим дүйнөсүнүн тарыхына атын алтын тамга менен жаздырды.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин биринчи проректору, профессор Ибраев Алмаз Орозакунович мырза ТРТнын «Түркия үнү» радиосуна маек куруп берди.

- Отуз жылдык мөөнөт бир адам үчүн узун убакыт болсо да, бир университет үчүн өтө деле көп убакыт эмес, ошого карабастан «Манас» университети көптөгөн ийгиликтерге жетишип жатканына күбө болуп жатабыз. Ушул отуз жылда жасалган иштерди ирээти менен кыскача баяндап берсеңиз.

Чындыгында эле бул жылы биз үчүн өзгөчө жыл болуп турат, себеп дегенде, тарых учурунан алганда отуз жыл бул  кыска бир мөөнөт, бирок Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан тартып узун мөөнөткө ачылган университет үчүн бүгүнкү күндө бул бир жакшы кадам жана чоң жетишкендик болуп эсептелип жатат.

Анткени ачылгандан баштап бир миң тогуз жүз токсон бешинчи жылы отузунчу сентябрда Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда өкмөттөр аралык келишимдин негизинде бүгүнкү университетибиз калыптанган. Ошол күндөн баштап бүгүнкү күнгө чейин мына он эки миңден ашуун бүтүрүүчүлөрдү бакалавр деңгээлинен жана ошондой эле магистратура жана  докторантура деңгээлинен дагы эки миңге жакын студент уясынан учуп жатат.

Жалпысынан алганда университетибиз он төрт миңден ашуун  бүгүн күнгө чейин Кыргызстан, Түркия жана жалпы эле түрк дүйнөсү үчүн адистерди даярдады десек болот.

Башында бизде «Манас» проспектинде жайгашкан биринчи корпусубуз болчу, ошондон ишмердүүлүгү башталган, ал эми биз азыр Жал районундабыз, бул жерлер бош жаткан аянтча болчу, эч ким карабай жаткан жерлер болчу. Бирок ошого карабастан көргүчтүк менен Кыргыз Республикасы тарабынан сексен беш аянтча гектар жер бөлүнүп, ошол жерге бүгүнкү күндө заманбап кампус жайгашты. Бул жакта он алты корпустан түзүлгөн кампустун өзүнүн эки жатаканасы да бар. Мугалимдерди, окутуучуларды ошол жатаканаларда өзүнө камтыган заманбап корпус жайгашкан, ал эми алты корпустун ичинде он эки факультет ишин жүргүзүп жатат, он эки факультеттин ичинде элүү төрт адистик бар.

Бул бакалавр деңгээлинде, магистратура жана  докторантура деңгээлинде.  Ошондой эле ушул отуз жылдын ичинде Кыргыз-Түрк «Манас» университети өзүнүн эң негизги максаты катары бул билим берүүдөгү жогорку сапатты көздөп келген жана ошол сапатты камсыздоо үчүн бардык шарттарды дагы түзүп келген, ошондон улам Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайлардын арасынан эң алгачкы болуп дүйнө жүзүндөгү эң мыкты миң университеттин тизмесине биринчиден болуп кирип келе жатат.

Ошол орунду үч жылдан бери бекем сактап келе жатабыз жана ошондой эле QS рейтинги боюнча да мына биз эки жыл болду, Орто Азия университеттеринин арасынан онунчу орунда келе жатабыз.

 

-Кампуска залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун аты коюлуп, өзүңүз санап өткөндөй ага жарашкыдай иштерди жасап жатасыздар, эл аралык аренада таанылып, дүйнөлүк университеттерди тизмелөөдө ылдам секирик жасоо менен  QS рейтингинде маанилүү орунга ээ болдуңуздар. Муну көргөн чет элдиктер Манаста окуйлу деп кайрылып жатышабы, университетте канча студент бар?-деген суроо узаттык ректордун орун басарына. 

-Албетте, мен ошо жогоруда айтып кеткендей Жал кичи райондо жайгашкан биздин кампусубуз, бул биздин чыгаан жазуучубуз, дипломат, саясий ишмер Чынгыз Төрөкулович Айтматов агабыздын наамын татыктуу алып жүрөт деп ишенебиз. Бүгүнкү күндө биз өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүз менен жана ошондой эле илимий карым-катнаш менен азыр дүйнөгө таанылдык десек болот. Мына биягыбыз Европадан, Венгриядан бери, албетте Түркиядан көптөгөн университеттер менен кызматташабыз жана Орто Азиядагы эң ири жана  алдыдагы университеттер менен кызматташып келе жатабыз. Бүгүнкү күндө биздин өзүбүздүн студенттер, азыркы учурда окуп жаткан балдардын саны алты миң беш жүз студент, ал эми ошонун арасынан он төрт өлкөдөн бизге келген студенттер бар.

Себебеп дегенде биз эки диплом беребиз, бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тибиндеги диплом жана ошондой эле Түркия Республикасынын дагы мамлекеттик дипломун беребиз. Эки өлкөдө эле эмес дүйнө жүзүндө эки эки диплом тең таанылат. Биздин бүтүрчүлөрүбүз ошо бүтүргөндөн соң дүйнө жүзүнүн кайсы мамлекетинде болбосун барып эркин иш жүргүзө алышат. Ошондуктан биздин дипломду ала алуу, бизден билим ала алуу, биздин шарттарда окуйлу деген талап абдан көп. Бир гана ушул Кыргыз Республикасынын ичинде эмес, жана ошондой эле аябай чоң конкурс бар. Бул Орто Азия өлкөлөрүнөн жана Түркиядан келип окуйм деген студенттердин арасынан.

-Сабактар кайсы тилдерде окутулат?

Биз, сабактарды эки тилде беребиз, бул кыргызча жана түркчө жана кошумча катары айрым факультеттерде, мисалы экономика жана эл аралык байланыштар факультеттеринде англис тилинде сабак өтүлөт жана албетте биздин студенттерибиз бул жакта кыргыз жарандары жана ошондой эле чет элден келгендер орус тилин дагы жакшы өздөрүшөт. Ошону менен биздин бүтүрүүчүлөр төрт тилге ээ болушат; кыргызча, орусча, түркчө жана англисче.

- Жакшы, сиздер Кыргызстанда стипендия берип окуткан жалгыз университет болуп эсептелесиздерби? Ал студенттерге стимул болсо керек.

- Биз акысыз билим бере турган жогорку окуу жай катары жалгыз университеттиз. Себеп дегенде бизде ошо контракт жок. Биздин университет башынан бери эле бул эки өлкөнүн ортосундагы достугун бекемдөө үчүн  билимге инвестиция катары курулган университет, ошондуктан отуз жылдын ичинде бир да баладан бир тыйын алынбай билим берүү жүргүзүлүп келе жатат, тескерисинче аларга сиз айтып кеткендей стипендия беребиз. Биздин мамлекеттик гранттардан келе турган студенттер дагы стипендия алышат. Албетте башка университеттерде да стипендия беришет, бирок биз акысыз билим берүүчү университет катары жалгыз университетпиз Кыргыз Республикасында.

- Университет замандын талабына ылайык, өнөр жай же айыл чарба сыяктуу тармактар менен биргелешип иш алып барып жатабы?

- Бул бүгүнкү күндө замандын талабы, сиз берип жаткан суроо туура. Себеп дегенде бүгүнкү күндө билим берүү менен практиканы сөзсүз түрдө айкалыштырыш керек. Ошондуктан биздин студенттер бир гана ушул айыл чарба же болбосо бул ветеринарияда эмес, бардык бардык факультеттерде өзүнө тиешелүү тармактык мекемелер болобу, компаниялар болобу же мамлекеттик органдар болобу, ошолор менен байланышып иштешип келе жатышат. Мисал катары айтып кетейин, жакында эле кечээ бизге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Төрөбаев Бакыт Эргешевич өзүнүн ири командасы менен келип кетти. Ири командасы деген ал ошол айыл чарба министрлигинде иштеген кызматкерлер, бул управление начальниктеринин деңгээли, бөлүмдөрүнүн, департаменттердин начальниктеринин деңгээлинде  кызматкерлер келип биздеги био инженерия жана ошондой эле тамак аш инженериясы, экология, айыл чарба, ветеринардык факультеттери менен жолугушуп, маалымат алмашып жана ошондой биздин лабораториялар менен жакындан таанышты, иш жүзүндө. Эми мындан ары тыгыз кызматташабыз деген жыйынтыктар менен кетишти. Буюрса мындан ары Айчыл чарба министрлиги менен да жакындан иштешибиз. Биздин студенттер да аякта практикалардан өтүп, долбоорлорун ошол мамлекеттик органдарга сунушташат.

- Бүтүрүүчүлөрдүн окуусун улантуу үчүн Түркияга багыттап жатасыздарбы? Түркиядагы университеттер же уюмдар менен кызматташууңуздар барбы?

-Албетте биз Түркия Республикасы менен биринчи болуп кызматташабыз. Себеп дегенде эки мамлекетин ортосунда түзүлгөн университет болгондуктан көптөгөн университеттерди тааныйбыз, жакындан иштешебиз жана ошондой эле биздин студенттерибиз айрым бөлүмдөрдө практикасын ошол Түркиядан өтүп келишет. Мисалы ушул туризм багытындагы студенттер бизде ошол мейманканалардагы жана ошондой эле тамак аш өнөр жайы боюнча дагы башкаруу бөлүмүнүн студенттери жана ошондой эле гид кызматын аткара турган студенттер практикасын биринчиден Түркиядан өтүп келишет. Жарым жыл, бир семестр ошо Түркиядан окушат. Ал жакта ошол мекемелерден практикасын өтүшөт дагы ошол тажрыйбасын Кыргызстанга келип бөлүшөт.

- Абдан жакшы, жакында эле Түркия Республикасынын Вице- президенти Жевдет Йылмаздын Кыргызстанга расмий сапары болуп, Манас университетинин отуз жылдык мааракесине да катышып келди. Ошондо камкорчулар кеңеши менен жолугуп, университеттин QS рейтингинде миңге киргенин, эми мындан ары дагы алдыңкы орундарга чыгуусун тилек кылды. Келечекке карай кандай пландарыңыздар бар? Ал тууралуу бөлүшө кетесизби.

- Ооба, биз жакында тактап айтканда он жетинчи сентябрь күнү өзүбүздүн отуз жылдыкты расмий түрдө белгиледик. Буга болсо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Алешович жана өзүңүз айтып кеткендей Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз мырза катышты. Өздөрүнүн куттуктоолорун айтышты. Биздин маараке ошол филармониянын расмий салтанат өтө турган салонунда өттү. Андан тышкары Кыргыз Республикасынын министрлери катышты, депутаттар, чет элден келген ректорлор катышты. Бул болсо биздин кызматташып жатканыбыздын жана ошондой эле эки республиканын мамлекет тарабынан бизге болгон колдосунун көрсөткүчү болду деп эсептейбиз. Колдоолор абдан жакшы болуп жатат бүгүнкү күнгө чейин, ошондуктан биз мындан ары дагы заманбап университет катары бүгүнкү күндө биздин рынок кайсы адистиктерди, кайсы багыттарды талап кыла турган болсо, өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүзгө дагы бир ирет анализ жүргүзүп, жаңы кесиптерди алалы деп жатабыз жана ошондой эле дүйнө жүзүндөгү, эгерде биз буга чейин, эң мыкты университеттердин арасындагы миңге кирген  болсок, мындан ары беш жылдын ичинде беш жүз мыкты университеттердин арасына кирели деген планыбыз бар.

Буга кошумча дагы заманбап боло турган болсок, жогоруда айтып кеттим, быйыл жаңы факультеттерди ачтык. Башында айткандай биздин университетте бул дагы бир өзгөчөлүгүбүз болуп саналат. Биз кыргыз тилинде сабак беребиз. Биздин ошол ишмердүүлүгүбүздүн баардыгы кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Бул дагы бир өзгөчөлүк, себеби бүгүнкү күндө дагы мамлекетибиз ошол кыргыз тилине басымдуулук кылып келе жатат, ошондон улам биз быйыл кыргыз тил жана адабият факультетин ачтык. Кыргыз тили боюнча артистерди биздин өлкөбүз үчүн даярдап берели деп. Мугалимдерди даярдап берели деп. Андан тышкары медицина факультети ачылды. Медицина факультетиндеги студенттер үч жыл Кыргызстанда жана үч жыл Түркияда билим алышат жана ошол сыяктуу эле келерки жылга дагы IT багытындагы жана ошондой эле жасалма интеллект, курулуш жаатындагы жаңы адистиктерди ачалы деп пландап жатабыз.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык карым-катнаштары

- Абдан жакшы, ишиңиздерге ийгилик каалайм. Урматтуу ректор мырза, алтындай убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңиз үчүн сизге ырахматымды айтам. Сизге чың ден соолук, университетти өнүктүрүүгө багытталган иштериңизде албан-албан ийгиликтерди жана үй-бүлөлүк бакытты каалайбыз.

- Интервью уюштурганыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз, биздин сүйүнчүбүздү мындайча айтканда тең бөлүшүп жана калың катмар Түркиядагы боордош элине жеткирип берип жатканыбыздар үчүн сиздерге дагы терең ыраазычылык билдирем. 

«Манас» университети быйыл 30-жылдык маарекесин белгилеп жатат.  «Манас» университети Түрк дүйнөсүнүн билимге суусаган жаштарына мезгилдин талабына жараша билим берген аталган окуу жайдын 20 000 чукул бүтүрүүчүсү дүйнөнүн ар кыл бурчунда эмгектенип келет. Университеттин 12 факультети бар, 2025-жылы Түркия республикасынын Саламаттык илимидери университети (Sağlık Bilimleri Üniversitesi) менен түзгөн келишимдин негизинде, медицина факультети ачылып быйыл алгачкы студенттерин кабыл алды. Үч жыл Кыргызстанда окуган медицина факультетинин студенттери калган үч жылын Түркиядагы Саламаттык сактоо илимидери университетиде (Sağlık Bilimleri Üniversitesi) окуп, үч диплом алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

Учурда кампус тибинде жайгашкан алгачкы жана жалгыз жогорку окуу жай, аталган окуу жайда 95 лабаратория, устаканалар, 3 китепкана 6 окуу залы жана жатаканлар менен камсыздалган. Ошондой эле 7-24 эмгектенген вед-клиника ишин алып барат.

Окуу жайдын коопсуз студенттик шаарчасында президент С.Жапаровдун демилгеси менен башталган «Жашыл мурас» долбоорун улай, Түрк дүйнөсүнүн ботаникалык бакчасын максат коюп жылына жашыл көчөттөрдү отургузуп келет.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети студенттер арасында ишкердүүлүк маданиятын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Муну ишке ашыруу үчүн университетте атайын стартап-инкубаторлор, бизнес-инкубаторлор жана карьералык борборлор иштейт. Студенттерге өз бизнесин ачууга, инновациялык долбоорлорду иштеп чыгууга шарттар түзүлгөн.

Ошондой эле университеттин радиосу жана телеканалы 7-24 ободо, ал жакта келечектин журналистери тажрыйба топтоп иш жарышына даяр чыгышат.

 «Манас» университетине жылына он миңден ашык абитуриенттер тапшырышат. ЖРТ жана өзүнүн сынагы менен студенттерди кабыл алган жападан жалгыз окуу жай. Калк арасында жемкордук болбогон таза ЖОЖ деп таанылган. Археологиялык казууларга жигердүү катышып, тарыхый музейи дагы бар. Орхон, Эрасмус, Мевляна алмашуу программалары менен студенттер жана окутуучуларга билим алуу, тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети — илимий изилдөө, билим берүү, социалдык жоопкерчилик, ишкердүүлүк жана чыгармачылык жаатында туруктуу өсүп келе жаткан, Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы лидер окуу жайы. Быйыл окуу жайы Кыргызстан жана Түркиянын  өкмөтүнүн катышуусунда 30 жылдык мааракесин өткөрдү.

 

/

 

Иликте
Венеция кинофестивалында "Хинд Раджабдын үнү" тасмасы экинчи сыйлыкты жеңип алды
Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин Айшенур Эзги Эйги үчүн эскерүү билдирүүсү
Президент Эрдоган Жеңиш майрамында Түркиянын баатырдык тарыхын жана биримдигин мактады
Түркия жеңишинин 103 жылдыгын белгилөөдө
Стамбулда деңизчиликке багытталган Текнофест башталды
Брэд Питт жана Хоакин Феникс Газадагы "Хинд Раджабдын үнү" тасмасына продюсерлик кылышат
Сами Юсуф Стамбулда миңдеген адамдарды музыка жана тилектештик менен кубантты
Стамбулдагы Газа конференциясында академиктер жардамдын шашылыш керектигин баса белгилешти
Палестина Надин Айюб менен «Аалам сулуусу» сынагында тарыхый дебют кылат
Балетке өмүрүн арнаган айым:77 жаштагы кыргыз балерина Токомбаева өз өнөрүн жаңы муундарга өткөрүүдө
Эрдоган биринчи жолу Түркиянын жаңы социалдык медиа платформасы NEXT Social аркылуу чыкты
Эрдоган Мармара жер титирөөсүнүн 26 жылдыгын белгилеп, каза болгондорду эскерди
Кашмирдеги китеп тыюу салууcу Индиянын демократиясы жөнүндө эмнени ачыктайт?
Кол жазманы уурдоо: АКШда китепкана колдонуучусу сейрек кездешүүчү чыгармаларды уурдады
2024-жылы калктын саны өтө төмөндөгөн Японияда бала төрүүлүүсү да азаюуда
ChatGPT өспүрүмдөргө баңгизат, алкоголдук ичимдиктер жана суицид боюнча коркунучтуу кеңештерди берет