Түркиянын Каппадокия шаарынын асманында жетинчи Каппадокия аба шарлары фестивалынын алкагында аймактын белгилүү пери морлору жана өрөөндөрүндө түркүн түстүү шоу көрсөтүлүп, атайын формадагы аба шарлары асманга көтөрүлдү.
Төрт күндүк фестивалда осьминог, үкү, клоун, балапан, карышкыр, ракета, жүрөк жана Жер формасындагы шарлар Түркиянын коммерциялык аба шар операторлорунун катышуучулары жана 10 өлкөдөн келген учкучтар катышкан учууларда асманды көрккө бөлөдү.