Улуттук чалгындоо уюму Камышлыда операция жүргүздү
03:08
Түркия
Улуттук чалгындоо уюму Камышлыда операция жүргүздү
MİT жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Асад режиминен калган ракеталарды, оор куралдарды жана ок-дарыларды өз кампаларына ташый баштаганын аныктады.

Улуттук чалгындоо уюму (MİT) Сириянын Камышлы районунда жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын бийликтен кулатылган лидери Башар Асад режиминен тартып алган ракета, оор куралдар жана ок-дарылар орун алган 2 кампа, 12 жүк ташуучу унаа жана 2 танкты жок кылды.

MİT жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Асад режиминен калган ракеталарды, оор куралдарды жана ок-дарыларды өз кампаларына ташый баштаганын аныктады.

Террордук уюмдун мүчөлөрүнүн түндүн караңгылыгынан пайдаланып, курал-жарак жана ок-дарыларды жүк ташуучу унааларга жүктөп, кербен менен аймактан чыгып кеткенин аныктаган MİT операцияга чечим чыгарды.

Операцияда ракеталар, оор куралдар жана ок-дарылар сакталган 2 кампа, 12 жүк ташуучу унаа жана 2 танк жок кылынды.

Коопсуздук булактары Түркия чек арасында уя салып, Түркияга коркунуч туудурууга аракет кылган жикчил террордук уюмга эч качан жол берилбей турганын белгиледи.

Жекшембиде Сирияда 61 жылдык Баас режими кулап, бийликтен кулатылган лидери Башар Асад өлкөсүнөн качып кеткен.


Дагы видеолор
СЛОВАКИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ НАТО САММИТИНДЕ ЭРДОГАН БЕЛЕК КЫЛГАН ТАПАНЧАНЫ КӨРСӨТТҮ
БАСКЫНЧЫЛАР ҮЙЛӨРДҮ ТАЛКАЛАП ЖАТАТ
Ультра-православ жөөттөр Израилде аскерге чакырууга каршы аскердик базага мыйзамсыз киришти
Израиль дронунун унаага жасаган кол салуусунда бир палестиналык каза болду
Сребреницадагы геноциддин курмандыктарын эскерүү үчүн миңдеген адамдар тынчтык жүрүшүнө катышты
"Президент Эрдоган — бүткүл дүйнөдө урмат-сыйга ээ болгон лидер"
НАТО саммитинде Эрдоган менен Трамптын жолугушуусунда санкциялар жоюлуп, F-35 маселеси талкууланды
ФРАНЦИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ МАКРОН ЭРТЕҢ МЕНЕН АНКАРАДА ЧУРКАДЫ
Трампты тосуп алуу
Эрдоган менен Трамптын мамилеси АКШ ЖМКларында да талкууланды