11- декабрь "Жарчы"
00:00
00:0000:00
Жарчы
11- декабрь "Жарчы"
ТРТ кыргызча маалыматтар

Израилдин Нусейрат лагерине жасаган абадан кол салуусунда 7 палестиналык каза болду

Блокада астындагы Газада медициналык кызматкерлер Израилдин Нусейрат лагериндеги бир үйгө жасаган абадан кол салуусунда  кеминде  7 палестиналыктын каза болгондугун жана көп сандаган кишинин жаракат алгандыгын билдиришти.

Израилдин кол салуусу БУУнун Башкы ассамблеясынын бүгүн өткөрө турган Газада дароо ок атууну токтотууну талап кылган резолюция долбооруна добуш берүүдөн мурда жасалды.

Резолюция долбоору «дароо, эч кандай шартсыз жана туруктуу ок атышууну токтотууга» чакырат жана «барымтадагыларды дароо жана шартсыз бошотууну» талап кылууда.

 2024 -  жылы 104 журналист алардын жарымынан көбү Газада өлтүрүлдү

Эл аралык журналисттер федерациясы (IFJ) бул жылдын журналисттер үчүн "өлүмгө көп кабылган жыл" болгонун, дүйнө жүзү боюнча 104 журналисттин өлтүрүлгөнүн, алардын жарымынан көбү Газада болгонун жарыялады.

Басма сөз уюму билдирген сандарга караганда 2024-жылы Израилдин Газага кол салуусунда 55 палестиналык медиа кызматкери каза болгон.

Согуш башталган 2023-жылдын 7-октябрынан бери кеминде 138 палестиналык журналист каза  болду.

Россиянын кол салуусунда Украинанын Запорожье шаарында  3 киши каза болуп бир клиника кыйрады

 Россиянын Укриананын түштүк  - чыгышындагы Запорожье шаарына жасаган ракеталык кол салуусунда  3 киши каза болуп,  16 киши жаракат алды жана жеке бир клиника кыйрады.

Аймактын губернатору Иван Федоров  уранды астында калган кеминде  8 кишини куткаруу үчүн куткаруу иштеринин уланып жаткандыгын айтты.

 Кулаган Асад режими 70тен ашун кыйноо ыкмасын колдонду

Сирияда кулаган Баас режими мезгилинде Сейдная абагы жана ондогон борбордо миңдеген киши кыйноого дуушар болгон.

Сирия Адам Укуктары Желесинин (SNHR) маалыматына караганда, режим күчтөрү жарандык согуш учурунда кеминде 1 миллион 200 миң сириялыкты камап жана ар кандай кыйноо ыкмаларына дуушар кылган.

Сирия Адам Укуктары Желесинин отчетуна караганда Баас режими ; физикалык, психологиялык жана сексуалдык зомбулукту камтыган  72 кыйноо ыкмасын колдонду.

Режим өзгөчө камоого алган кишилерди мажбурлоо менен иштеткен жана негизги адам укуктарын бузуу менен бир кишилик камераларда кармаган.

 Эйгинин үй  - бүлөсү Блинкен менен сүйлөшүп кыздарынын өлүмү тууралуу АКШнын жол башчылыгында териштирүүнүн баштатылышын талап кылат

Израилдин оккупациясы астындагы Батыш Шериада Израиль тарабынан өлтүрүлгөн Түркия  -  Америка жараны Айшенур Эзги Эйгинин үй  - бүлөсү кыздарынын өлүмү тууралуу АКШнын жол башчылыгында көз карандысыз  териштирүүнү жүргүзүү талабы менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушат.

Эйгинин сиңдиси Өзден Беннетт билдирүүсүндө, Блинкен жана Мамлекеттик департаменттин жооптуу кызматкерлеринин өздөрүнө  Айшенурга каршы кылмыш жасаган армиянын караштуу болгон Израиль өкмөтүнүн териштирүүсүн күтүүлөрү керектигин айтканын белгиледи.

 

 

 

 

Көбүрөөк ук
Жарчы | 29.04.2026
Санариптик доордун жаңы коркунучу: Мээнин иштешинин жайлашы
Керектөөчүлүк азгырыгы: Дидро эффектиси сизди кантип тузакка түшүрөт?
Анадолунун катылган казыналары: 2025-жылдын археологиялык ачылыштары
Түркия дүйнөлүк сейрек кездешүүчү жер элементтери рыногунда чоң актер болууну максат кылууда
Негативдүү ой жүгүртүүнүн күчү: Ноцебо эффектиси деген эмне?
Жасалма интеллект терапиясы: чынында эле чечимби же убактылуу жеңилдикпи?
Көрүнбөгөн коркунуч: калдык майлар
Тамактануу жана психикалык саламаттык
Социалдык тармактардан баш тартуу бакыттын ачкычы болушу мүмкүн