Жарчы |27.06.2025
00:00
00:0000:00
Дүйнө
Жарчы |27.06.2025
Испаниянын премьер - министри Педро Санчез Газадагы абалды «кыргын» деп мүнөздөдү жана Европа Биримдигин Израиль менен кызматташуу келишимин токтотууга чакырды.

*** Израилдин оппозиция лидери Яир Лапид Газадагы уланып жаткан согушту ийгиликсиздик деп мүнөздөп,  "туңгуюкка кептелгенин" айтты жана премьер-министр Биньямин Нетаньяху өкмөтүн кыргынды токтотууга чакырды.

*** АКШнын президенти Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттарынын Кытай менен соода келишимине кол койгонун жарыялады, бирок келишим тууралуу эч кандай маалымат берилген жок.

*** Руанда менен Конго Демократиялык Республикасы (КДР) Конгонун чыгышында көп жылдардан бери уланып келе жаткан кандуу кагылышууларды токтотуу максатында Вашингтондо тынчтык келишимине кол коюуга даярданууда.

*** Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Москва менен Киевдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн Стамбулда улантыларын ырастады.

Көбүрөөк ук
Жарчы| 9.10.2026
Рак оорусун дарылоодо жаңы доор: МРТ сүрөткө тартуу менен шишикти тоңдуруу
Кофенин ашыкчасы организмге кандай таасир этет?
Көгүлтүр деңиздин тереңинде: Түркия суу астындагы технологияда чоң ийгиликтерге жетишти
"Канчалык көп белок болсо, ошончо ден соолук" деген түшүнүк туурабы?
Роза гүлү бир гана гүл эмес, ошол эле учурда азык да
Жогорку технологиянын “ сейрек ” муктаждыктары
Жасалма интеллект согушта да негизги ролду аткарууда
Рак оорусунун коркунучун азайтуунун кандай жолдору бар?
КАРАҢГЫЛЫКТАН ЖАРЫКТЫККА: 15-ИЮЛДУН 10-ЖЫЛЫ