Жарчы |24.06.2025
00:00
00:0000:00
Дүйнө
Жарчы |24.06.2025
Түркия президенттигинин коммуникация боюнча башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун НАТО саммитинин алдында Амстердамда өткөн жогорку деңгээлдеги панелде Түркиянын глобалдык жана аймактык коопсуздук тууралуу маанилүү ролуна токтолду.

*** АКШнын президенти Дональд Трамп эки жумага жакын убакыттан бери Израиль менен Ирандын ортосунда улантылып жаткан кагылышууларды токтотуу максатында шейшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат  04:00дөн тарта этабы менен ок атышууну токтотуу тууралуу келишкендерин билдирди.

*** АКШнын вице-президенти Ж.Д.Вэнс АКШнын чабуулдары негизги ядролук инфраструктураны жок кылгандан кийин Ирандын мындан ары ядролук курал жасай албай тургандыгын айтты.

*** Он бештен ашуун адам укуктары топтору Газа гуманитардык жардам фонду тууралуу аракетке өтүп, анын башаламан жана өлүмгө алып келген жардам бөлүштүрүү стратегиясына байланыштуу ишин токтотууга чакырышты.

*** Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес Европа Биримдигин Палестинанын Газа аймагына каршы геноциддик согуштан улам Европа Биримдиги - Израиль соода келишимин токтотуп, Израилге курал эмбаргосун киргизүү менен ылдам кадам таштоого чакырды.

Көбүрөөк ук
Жарчы| 16.10.2026
Рак оорусун дарылоодо жаңы доор: МРТ сүрөткө тартуу менен шишикти тоңдуруу
Кофенин ашыкчасы организмге кандай таасир этет?
Көгүлтүр деңиздин тереңинде: Түркия суу астындагы технологияда чоң ийгиликтерге жетишти
"Канчалык көп белок болсо, ошончо ден соолук" деген түшүнүк туурабы?
Роза гүлү бир гана гүл эмес, ошол эле учурда азык да
Жогорку технологиянын “ сейрек ” муктаждыктары
Жасалма интеллект согушта да негизги ролду аткарууда
Рак оорусунун коркунучун азайтуунун кандай жолдору бар?
КАРАҢГЫЛЫКТАН ЖАРЫКТЫККА: 15-ИЮЛДУН 10-ЖЫЛЫ