21 Октябрь 2025
*** Хамас эл аралык актерлорду Газадагы ок атышпоо келишимине баш ийүүсү үчүн Израилге кысым көрсөтүүгө чакырды.
*** Франциянын президенти Эммануэль Макрон АКШнын президенти Дональд Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путин Будапештте жолуга турган болсо, украиндер менен европалыктардын да столго отурушу керектигин айтты.
*** АКШ Сенаты өкмөттүн 20 күндүк жабылышын улантып, 11-ирет убактылуу бюджеттик мыйзам долбоорун беките алган жок.
*** Пакистандын коргоо министри Хаваджа Мухаммед Асиф Афганистан менен ок атышпоонун Талибандын Исламабаддын "Афган жеринен жасалган террордук чабуулдарды" токтотуусуна шарт түзөрүн айтты.
