12 - февраль "Жарчы"
00:00
00:0000:00
Жарчы
12 - февраль "Жарчы"
Бүгүнкү маалыматтардын кыскача мазмуну.

***Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган аймактагы экономикалык, саясий жана стратегиялык карым  - катнаштарды тереңдетүүнү көздөгөн «Азияга багыт алуу» демилгесинин алкагында Малайзия, Индонезия жана Пакистанга карата иш сапарын улантууда.

***Иорданиянын тышкы иштер министри Эймен Сафади Газаны тургундарын жер котортпостон кайрадан куруу үчүн Араб, Египет жана Палестинанын биргелешкен планын жарыялады.

***Газанын саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда 19 -  январда  күчүнө кирген ок атышпоодон бери Газада  кеминде  118 палестиналык өлтүрүлүп, 822 киши жараланды.

***Украинанын президенти Владимир Зеленский үч жылга созулган согушту токтотуу үчүн ыктымалдуу тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Орусияга жер алмашууну сунуш кыла аларын айтты.

***Борбору АКШ болгон аналитикалык   India Hate Lab борборунун отчетуна караганда  Индияда диний азчылыктарды бутага алган жек көрүү  сөздөрүнүн  2024 -  жылы күч алган.


Көбүрөөк ук
Жарчы|13.08.2026
Жасалма интеллект согушта да негизги ролду аткарууда
Рак оорусунун коркунучун азайтуунун кандай жолдору бар?
КАРАҢГЫЛЫКТАН ЖАРЫКТЫККА: 15-ИЮЛДУН 10-ЖЫЛЫ
Технологиянын көзөмөлү сиздин колуңуздабы же технология сизди көзөмөлдөп жатабы?
Чуркоо лентасынын караңгы тарыхы
Чөп чайларды кимдер, канча өлчөмдө ичүү керек?
Түркия ички навигация системасын түзүүдө
KAANдын жаңы прототиптери көрсөтүлүүдө: Эмне өзгөрдү?
Балдардын социалдык медианы колдонуусунун кесепетинен келтирилген зыяндын баасын ким төлөйт?