13 - декабрь "Жарчы"
00:00
00:0000:00
Түркия
13 - декабрь "Жарчы"
Бүгүнкү кабарлардын кыскача мазмуну

*Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуусунда аймактык кызматташтык, ошондой эле Сириянын жеринин бүтүндүгүн, биримдигин жана унитардык түзүлүшүн сактоо сыяктуу орток максаттарды талкуулады.

*Израиль Газадагы Нусайрат качкындар лагериндеги бир үйгө абадан кол салуусунда кеминде 30 палестиналык каза болуп, 40 киши жараланды.

*Израиль армиясы Газанын түндүгүндөгү Кемал Адван ооруканасына күйүүчү май жана медициналык буюмдарды ташыган БУУнун конвойунун өтүүсүнө уруксат берген жок.

*Сириянын Адам укуктары тармагынын директору Фадл Абдулгани, Башар Асад режиминин тушунда 6 миңден ашуун офицердин согуш кылмыштарына тиешеси бар экенинин аныкталганын билдирди.

*Түркия, жарандык согуштан улам жабылган элчилигине убактылуу ишенимдүү өкүл дайындап Сирия менен дипломатиялык карым-катнаштарда маанилүү кадам таштады.

Көбүрөөк ук
Жарчы| 16.10.2026
Рак оорусун дарылоодо жаңы доор: МРТ сүрөткө тартуу менен шишикти тоңдуруу
Кофенин ашыкчасы организмге кандай таасир этет?
Көгүлтүр деңиздин тереңинде: Түркия суу астындагы технологияда чоң ийгиликтерге жетишти
"Канчалык көп белок болсо, ошончо ден соолук" деген түшүнүк туурабы?
Роза гүлү бир гана гүл эмес, ошол эле учурда азык да
Жогорку технологиянын “ сейрек ” муктаждыктары
Жасалма интеллект согушта да негизги ролду аткарууда
Рак оорусунун коркунучун азайтуунун кандай жолдору бар?
КАРАҢГЫЛЫКТАН ЖАРЫКТЫККА: 15-ИЮЛДУН 10-ЖЫЛЫ