Жарчы | 16.09.2025
00:00
00:0000:00
Дүйнө
Жарчы | 16.09.2025
Израиль армиясынын көптөгөн жумалардан бери Палестинанын аймактарын бутага алган бомбалоосунан кийин Газа тилкесине кургактыктан кол сала баштаганы билдирилди.

*** Президент Режеп Таййип Эрдоган Дохада өткөрүлгөн кезексиз Ислам Кызматташтык Уюму  -  Араб лигасы саммитинде Израилдин  9 -  сентябрдагы кол салуусу жана аймактык чыңалууга токтолгон  эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

*** Грециянын Сирос аралынан жолго чыккан кемелер Израилдин Газа блокадасын бузуп, аймакка гуманитардык жардам жеткирүү максатын көздөгөн көп улуттуу Глобалдык Сумуд флотилиясына кошулуу үчүн жолго чыкты.

*** Tesla акциялары компаниянын башкы директору Илон Масктын болжол менен 1 миллиард долларлык акциясын сатып алгандан кийин 8%дан ашык кымбаттады. Бул кадам Масктын компанияга болгон көзөмөлүн күчөтүү аракеттерин көрсөттү.

*** Венесуэланын президенти Николас Мадуро эгерде өлкөсү Америка Кошмо Штаттарынын кол салуусуна учурай турган болсо "куралдуу күрөшкө" даяр экенин эскертип, жалпысынан 2,5 миллион аскер жана милициянын мобилизацияланганын билдирди.

Көбүрөөк ук
Жарчы|13.08.2026
Жасалма интеллект согушта да негизги ролду аткарууда
Рак оорусунун коркунучун азайтуунун кандай жолдору бар?
КАРАҢГЫЛЫКТАН ЖАРЫКТЫККА: 15-ИЮЛДУН 10-ЖЫЛЫ
Технологиянын көзөмөлү сиздин колуңуздабы же технология сизди көзөмөлдөп жатабы?
Чуркоо лентасынын караңгы тарыхы
Чөп чайларды кимдер, канча өлчөмдө ичүү керек?
Түркия ички навигация системасын түзүүдө
KAANдын жаңы прототиптери көрсөтүлүүдө: Эмне өзгөрдү?
Балдардын социалдык медианы колдонуусунун кесепетинен келтирилген зыяндын баасын ким төлөйт?