Түркияда социалдык медиа колдонуучуларынын жашын текшерүү боюнча жаңы жобо ишемби күнү Расмий гезитте жарыяланды. Ага ылайык, платформаларга 15 жашка чейинки балдарга кызмат көрсөтүүгө тыюу салынат.
Кибер коопсуздук башкармалыгы даярдаган жобого ылайык, колдонуучулардын жашы электрондук өкмөт порталы аркылуу текшерилет.
15 жашка толгон колдонуучуларга балдардын кызыкчылыктарын жана физикалык, психикалык, психологиялык, социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүн эске алган атайын кызматтар сунушталат.
Ошондой эле платформалар балдардын аккаунттарына демейки шартта купуялуулуктун жогорку деңгээлдеги жөндөөлөрүн киргизүүгө милдеттүү болот. Бул аккаунттарда түз эфирге чыгууга жана жекелештирилген жарнамаларды көрсөтүүгө уруксат берилбейт.
Мындан тышкары, балдар өздөрү жазылган аккаунттардан гана билдирүү алышы керек. Ошондой эле башка колдонуучулар алардын жазылуучуларынын жана өздөрү жазылган аккаунттардын тизмесин көрө алышпайт.
Социалдык медиа компаниялары ата-энелерге балдарынын аккаунттарын башкарууга, колдонуу убактысын чектөөгө жана акы төлөнүүчү операцияларды бекитүүгө мүмкүндүк берген көзөмөл куралдарын да камсыз кылышы керек.
Жобо 1-ноябрдан тартып күчүнө кирет. Учурдагы аккаунттардын жаш курагын текшерүү 2027-жылдын 31-мартына чейин аякташы керек. 15 жашка чейинки балдарга таандык экени аныкталган аккаунттар жабылат.























