ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Израилдиктер Батыш Шерияда айылга кол салды: 2 палестиналык каза болду
Израиль аскерлери менен Палестина жерлерин басып алган израилдиктердин оккупация астындагы Батыш Шериада бир айылга жасаган кол салууда 2 палестиналык каза болду алардын бири бала болгон.
Израилдиктер Батыш Шерияда айылга кол салды: 2 палестиналык  каза болду
Израилдиктер Рамалланын жанындагы Мугаййир айылына рейд жүргүздү: 2 адам каза болду

Мугаййир айылдык кеңешинин башчысы Амин Абу Алия Палестинанын расмий WAFA маалымат агенттигине Израилдин жоокерлери жана палестиналыктардын жерлерин басып алган израилдиктердин Рамаллага жакын жердеги Мугаййир айылына кол салганын билдирди.

Абу Алия айылдын борборуна карай жылып бараткан израилдик жоокерлер эки палестиналык үйгө кол салып, койлорун уурдап кетишкенин айтты.

Израиль армиясына караштуу снайперлердин айылдын борборундагы имараттарга жайгашканын белгилеген Абу Алия аскерлердин кой уурдаган израилдиктер менен айыл тургундарынын ортосунда чыккан окуяга ок атуу менен кийлигишкенин билдирди.

Абу Алия ок атышуудан улам эки жаш палестиналык оор жаракат алганын жана медициналык кийлигишүүгө карабастан ооруканада каза болгонун белгиледи.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө: "Израиль армиясынын Мугаййир айылын аткылоосунун натыйжасында 19 жаштагы Омар Мухаммед Нажи Наасан жана 16 жаштагы Халил Расим Халил Шахаде каза болушту", - деп айтылат.

Израиль 2023-жылдын 8-октябрында Газа тилкесине чабуулдарын баштагандан бери, палестиналыктарга каршы Израиль армиясынын жана израилдиктердин чабуулдары Батыш Шериа менен Чыгыш Кудста да көбөйдү.

Бул чабуулдар өлтүрүү, камакка алуу, мажбурлап көчүрүү, үйлөрдү бузуу жана конуштарды кеңейтүү түрүндө ишке ашууда.

Иликте
Тышкы иштер министрлигинин "Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы күнүнө" карата билдирүүсү
Россия Киевде бир көпүрөгө сокку урду, жол кыймылы токтоду
Трамп: "Эгерде Иран маселеси чечилсе, мунайдын баасы төмөндөйт"
Европа Биримдиги Украинага 2,9 миллиард евро өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт
Гүлер: "Кавказдын коопсуздугу Түркия, Азербайжан жана Грузиянын коопсуздугунан бөлөк каралбайт"
Россияда ички рынок турукташкандан кийин бензин экспорту кайра жандана турганы белгиленди
Путин Россияга түз кол салуу болсо бардык куралдардын колдонулушу күн тартибине келерин белгиледи
Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусунан 3982 адам каза болду
Түркия хуситтердин Мединадагы жарандык инфраструктурага кол салуусун катуу айыптады
Улуттук коргоо министри Гүлер азербайжандык жана грузиялык кесиптештери менен жолугушту
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Кыргызстан алгачкы улуттук спутнигин космоско учурду
Еврпа Биримдиги: Россиян тузагына түшпөйбүз, коркутуу жана үркүтүү тактикаларын ачыкка чыгарбайбыз
ЕБ энергетика тармагындагы баа кризиси жөнүндө эскертти
Эрдоган: «Террорсуз Түркия» аракеттери Түркиянын душмандарына бөгөт коюучу таасир жаратты»