АКШ Британия, Австралия жана Канада сыяктуу негизги өнөктөштөрүнүн Палестина мамлекетин таануусун "көрүнүш үчүн жасалган кадам" деп атады.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү жекшемби күнү атын атабоо шарты менен билдирүү жасап:"Биздин көңүлүбүз олуттуу дипломатияга бурулган, жасалма аракеттерге эмес. Биздин артыкчылыктуу максаттарыбыз так: барымтадагыларды бошотуу, Израилдин коопсуздугу жана бүткүл аймак үчүн тынчтык менен гүлдөп-өнүгүү,"-деди жана бул үчүн Хамасты күнөөлөдү.
Бул билдирүү ошол эле күнү эртең менен Британия, Канада, Австралия жана Португалия Палестинаны расмий түрдө тааныган тарыхый өзгөрүүдөн кийин жасалды.
"Жакынкы Чыгыштагы өсүп жаткан коркунучтардын алдында биз тынчтыкты жана эки мамлекеттүү чечимди сактап калуу үчүн аракет кылып жатабыз," деп Британиянын премьер-министри Кейр Стармер билдирди.
Канаданын премьер-министри Марк Карни Палестина жана Израиль мамлекеттери үчүн тынчтык келечегин куруу боюнча өнөктөштүк сунуштады.
Бул жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын жүрүшүндө Франция, Бельгия, Люксембург, Мальта, Андорра жана Сан-Марино сыяктуу башка өлкөлөрдүн да Палестинаны таануусу күтүлүүдө. Бул кадам Израилди жана АКШны дагы көбүрөөк обочолонууга алып келиши мүмкүн.
Израилдин нааразычылыгы
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШдан кайтып келгенден кийин Израилдин жооп чаралары жарыяланарын билдирди. Ал АКШда президент Дональд Трамп менен жолугушууга даярданып жатканын белгиледи.
"Менин дагы бир билдирүүм бар: бул ишке ашпайт. Иордан дарыясынын батыш тарабында Палестин мамлекети түзүлбөйт," деп ал өз билдирүүсүндө кошумчалады.
Ашынган улутчул улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир Израиль өкмөтүн басып алынган Батыш Шерианы аннексиялоого жана "Палестин автономиясын толугу менен талкалоого" чакырды.
Бен-Гвир X платформасында Батыш Шерианы аннекциялоо боюнча сунушту кийинки өкмөттүк жыйында киргизерин жазды.
БУУнун мүчө мамлекеттеринин үчтөн экисинен көбү Палестинаны тааныган. Өткөн жылы Ирландия, Испания жана Норвегия бул таанууну расмий түрдө бекиткен.