ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Президент Садыр Жапаров ТМУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын кабыл алды
Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларын жана вице-президенттерин кабыл алды.
Президент Садыр Жапаров ТМУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын кабыл алды
TMU / TRT

Иш-чара ТМУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президенттеринин жолугушуусун өткөрүүнүн алкагында Бишкек шаарында өттү.

ТМУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президенттеринин биринчи жолугушуусу Уюмдун алкагында кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүү баскычын билдирген тарыхый окуя болуп саналат.

Президент Садыр Жапаров делегация башчыларын жылуу тосуп алып, Түрк мамлекеттер уюму түзүлгөндөн бери бир топ жолду басып өткөнүн жана бүгүнкү күндө ийгиликтүү өнүгүп жатканын баса белгиледи.

«Уюмубуздун мындан ары да өнүгүшүн кааласак, ушул сыяктуу жолугушуулардай конкреттүү жана реалдуу натыйжаларды алып келе турган иш-аракеттерди жүзөгө ашырышыбыз керек.

Саясий эрк менен колдоого алынган практикалык кадамдар биздин Уюмдун мындан ары бекемделишине жана кадыр-баркынын жогорулашына өбөлгө түзөт”, - деди Мамлекет башчысы жана көптөгөн экономикалык, инфраструктуралык, гуманитардык маселелерди өкмөт башчыларынын деңгээлинде ийгиликтүү чечсе болоруна ишеним билдирди.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ырааттуу өнүгүп келе жаткан соода-экономикалык мамилелерди өзгөчө белгиледи. Бул контекстте ал Түрк инвестициялык фондунун экономикалык интеграциянын натыйжалуу куралы катары маанилүүлүгүн баса көрсөтүп, анын иш-аракетин өкмөт башчылардын деңгээлинде активдештирүү зарылдыгына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде делегация башчылары жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдиришип, кыргыз тараптын бул жолугушууну өткөрүү демилгесин мамлекет башчылары койгон милдеттерди ишке ашыруу үчүн маанилүү аянтча катары баалашты.

Алар мындай байланыштар Уюмдун мындан аркы өнүгүшүнө жана интеграциялык процесстердин тереңдетилишине өбөлгө түзөрүн баса белгилешип, Кыргызстан ТМУга ийгиликтүү төрагалык кылганын ырасташты жана өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги жолугушууда жетишилген макулдашуулар өлкөлөр ортосундагы практикалык кызматташууга жаңы дем берерине үмүт артышты.

Жолугушууга Азербайжандын Премьер-министри Али Асадов, Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Түркиянын Вице-президенти Жевдет Йылмаз, Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов, ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.

Булак УТРК

Иликте
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Стамбул аэропортуна 'Эң көп байланыштырган аэропорт' сыйлыгы
Ак карлуу Улудаг күздүн түстөрүнө бөлөндү
Трамп алар Иран менен сүйлөшүү өткөрбөгөндөрүн жана жакында "бир нерсе болорун" айтты
АКШ менен Гайана аскердик кызматташтыкты күчөтүү боюнча келишимге кол коюшту
Галатасарай Франциядан 3 упай менен кайтып келди
Король Фахд эл аралык аэропортуна кол салуудан 1 адам каза болуп, 8 киши жаракат алды
Газа жана Ливан тууралуу макалаларга нааразы болгондор Нью-Йорк Таймс имаратынын алдына чогулду
Кубанын тышкы иштер министри: "АКШнын санкциялары кубалыктардын күнүмдүк жашоосун бутага алууда"
Парижде нааразылык акцияларындагы баш аламандыктан кийин коменданттык саат киргизилүүдө
Иран Төңкөрүш гвардиясы: "Перс булуңунда мунай ташып бараткан төрт кемеге сокку урулду"