ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Жамгырдан улам Газада палестиналыктардын лагерлерин суу басып, гуманитардык кризисти тереңдетти
Газанын 2,4 миллиондук калкынын 1,9 миллонго жакыны Израилдин согуш учурунда үйлөрүн кыйратуусунан кийин негизги муктаждыктары камсыз кылынбастан эски чатырларда жашоону улантууда.
Жамгырдан улам Газада палестиналыктардын лагерлерин суу басып, гуманитардык кризисти тереңдетти
Хан-Юнисте суу ташкыны алардын чатырларын каптап кеткенден кийин, куткаруучу топтор бир нече үй-бүлөнү куткарышты. / AA

Мусулмандардын ыйык Разаман айынын башталышынан бери аймакта болгон алгачкы кышкы бороондо шейшемби күнү катуу жааган жамгыр жалпы Газада жер которгон палестиналыктарга таандык чатырларды суу басып, жетекчилер жана күбөлөр Израилдин баш калкалоочу жайларды камсыздоого карата чектөөлөрүнүн айынан ансыз да оор болгон гуманитардык кризисти тереңдеткенин айтышты.

Метеоролог Лайт Аль-Алами Facebook баракчасында дүйшөмбү күнү Газага жамгыр жана төмөн температураны алып келген аба ырайынын шейшемби күнү кечинде басаңдашы күтүлгөнүн билдирди.

Газанын Жарандык коргонуу кызматы түн ичинде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу астында калган качкындар лагерлеринен көптөгөн жардам чакыруулары түшкөнүн билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, куткаруучулар Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнус шаарынын батышында жайгашкан Эл-Маваси аймагында чатырларын сел каптаган бир нече үй-бүлөнү куткарып калышты.

Күбөлөр «Анадолу» агенттигине берген маалыматында, жамгыр суусу Газа шаарынын батышындагы чатырларды да каптаганын, өзгөчө Эл-Рималь конушунда жана порттун тегерегинде суу ташкындары болгонун айтышты.

Социалдык тармактарда тараган видеолордо Эл -Рималда суу каптаган чатырлар орун алган, тургундардын дагы көп зыян тартышына жол бербөө үчүн чечимдер изделүүдө.

Декабрь айынан бери бир нече кышкы бороон он миңдеген чатырды суу астында калтырды же учурду. Буга чейин Израилдин кол салууларынан зыян тарткан имараттардын кулашына себеп болуп көптөгөн палестиналыктын өлүмүнө жана жаралануусуна жол ачты. Айрым палестиналыктар ашыкча сууктан улам көз жумган учурлар да катталды.

2025-жылдын 10-октябрында күчүнө кирген ок атышпоо келишимине карабастан, жашоо шарттары жакшырган жок. Израиль гуманитардык жардамдарды, анын ичинде чатырларды жана мобилдик үйлөрдү (вагондорду) жеткирүүгө, ошондой эле баш калкалоочу материалдардын киришине бөгөт коюуну улантууда.

Израиль 2023-жылдын октябрь айында Газага геносиддик согуш баштаган, согушта 72 000ден ашык палестиналык каза болуп, 171 000ден ашык адам жаракат алган жана жарандык инфраструктура кыйратылган.

Иликте
Министр Фидан: "Биз аймактык маселелерди чечүүдө жоопкерчиликти алууну улантабыз"
Москвадагы төрт аэропортто дрон коркунучунан улам каттамдар убактылуу токтотулду
Эмине Эрдоган "Имам Бухари" күмбөзүн зыярат кылды
Кремль: "АКШга орус дизелин ташыган биринчи танкер жолго чыкты"
Фон дер Ляйен Румыния жээгинде жарандык кеменин атылышын айыптады
Кремль: "Украина менен сүйлөшүү ноябрь айынын биринчи жарымында Абу-Дабиде өтүшү пландалууда"
Франциядагы куралдуу кол салуудан 1 адам каза болуп, 4 киши жаракат алды
"Түрк тили жана маданияты" окуу китептери эми жеткиликтүү
Венесуэлада миңдеген адам шайлоо графигин жана оппозиция лидеринин кайтышын талап кылды
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда