ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
НАТОнун 5 пайыздык чыгаша келишими чынында эмнени билдирет?
НАТОго мүчө мамлекеттердин аскердик чыгымдарды көбөйтүү убадасы алардын бюджеттерине оорчулук келтирүүнү улантат.
НАТОнун 5 пайыздык чыгаша келишими чынында эмнени билдирет?
/ Reuters
25 Июнь 2025

Шаршемби күнү Гаагада чогулган НАТО лидерлеринин АКШнын президенти Дональд Трамптын негизги талаптарынын бири болгон ички дүң продукциясынын (ИДП) 5 пайызын аскердик чыгымдарга бөлүү сунушун кабыл алууга даярданып жатат.

Андай болсо НАТО эмне үчүн кол коюп жатат? Чоо - жайы:

5 пайыз деген чындыкка дал келеби?

Трамп НАТО өлкөлөрүнүн чыгашаларынын 5 пайызына жетүүсүн талап кылууда. Бул көрсөткүч альянстын азыркы талап кылган 2 пайыздык базалык деңгээлинен бир топ жогору.

Азыркы учурда Польша жана Балтика өлкөлөрү сыяктуу бир нече гана союздаш бул көрсөткүчкө жакындап жатышат, ал эми АКШнын өзү 2024-жылы 3.4 пайыздан төмөн болгон.

НАТОнун 32 өлкөсү 2035-жылга чейин негизги аскердик муктаждыктарга 3.5 пайыз, ал эми киберкоопсуздук жана инфраструктура сыяктуу кеңири "коргонуу менен байланышкан" тармактарга 1.5 пайыз бөлүү боюнча компромисске жетишти. Бул Трамптын каалаган жеңишин камсыз кылса да, Европанын каржылык жактан кыйналган өкмөттөрүнө бир аз эркиндик берет.

Ошентсе да, бул көптөгөн өкмөттөр үчүн чоң талап бойдон калууда жана алдыдагы жылдарда бюджеттерге жүз миллиарддаган кошуча жүк кошот.

3,5 пайыз эмнеге жумшалат?

3.5 пайыз эмнеге жумшалат? Чыгымдардын негизги бөлүгү НАТОнун негизги багытына – аскердик күчкө багытталат. Өткөн айда альянс мүчөлөрү Россиядан келген коркунучка каршы туруу үчүн керектүү жабдуулар боюнча жаңы максаттарды белгилөөнү кабыл алышты.

Так маалыматтар жашыруун бойдон калууда, бирок бул кансыз согуштан бери эң чоң мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү камтууда. НАТОнун баш катчысы Марк Рютте альянстын абадан коргонуу системаларын беш эсе көбөйтүүнү жана миңдеген танктар менен брондолгон унааларды кошууну пландап жатканын айтты.

Ошондой эле, өлкөлөр өзгөчө Украинага берилген миллард долларлык аскердик жардамды да бул категорияга кошууну уланта тургандай көрүнүүдө.

1,5 пайызы тууралуу эмне айтууга болот?

Кепилдиктин калган бөлүгү инфраструктурадан, мисалы, көпүрөлөр жана жолдордон баштап киберкоопсуздукка чейинки кеңири чөйрөнү камтыйт. НАТОнун айтымында, бул элементтер алгач көзгө көрүнбөсө да, кандайдыр бир чабуулга каршы коргонууга жардам берүү үчүн өтө маанилүү.

АКШнын НАТО элчиси Мэтью Уитакер: "Эгерде жолдор, көпүрөлөр же темир жолдору танктардын салмагын көтөрө албагандыктан танктарды фронтко жеткире албасаңыз, анда ал танктардын ишке жарабай турганы ачык", – деди.

НАТО жетекчилери бул чыгымдардын көпчүлүк бөлүгүнүн ансыз да улуттук өкмөттөрдүн бюджетинде бар экенин жана кайрадан классификацияланышы керектигин белгилешти. Мисалы, Италия Сицилияны материк менен байланыштыруу үчүн көптөн бери пландалып жаткан бир көпүрөнүн бул категорияга кириши керектигин ойлоп жатышат.

Кимдир бирөө текешерби?

Өлкөлөрдүн келишимге берилгендигин камсыз кылуу маанилүү фактор, анткени НАТОнун мурдагы убадаларынын аткарылган эмес. Жетекчилер башталышта НАТО мүчөлөрү максатына жеткенге чейин жыл сайын 0.2 пайыздык өсүү убадасын беришкенине карабастан бул план өкмөттөрдүн каршылыгынан улам бул идея четке кагылды. Эми өлкөлөр жыл сайын НАТОго отчет берип, керектүү нерселерди сатып алып жатканын көрсөтүшү керек.

Өзгөчө 2029-жылы НАТОнун зарыл болгон куралдар үчүн жаңы максаттарды белгилей турганы жана талаптар кайрадан каралып чыгыла турган иликтөө жүргүзүлөт.

Эгерде өлкөлөр өз убадаларын аткарбаса, баарында Трампты кыжырдантуу коркунучу бар.

Кимдер бошотулат?

Бул киден сураганыбызга байланыштуу. НАТОнун эң аз чыгым кылган өлкөлөрүнүн бири болгон Испания Рутте менен түзгөн кошумча келишимдин аркасында 5 пайыздык максатка жетүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейт.

Бирок НАТОнун баш катчысы келишимден "чыкпаганын" жана ар бир өлкөнүн белгиленген деңгээлге жетиши керектигин баса белгиледи.

Иликте
Түркия Конго Демократиялык Республикасы жана Руанда ортосундагы тынчтык келишимин кубаттады
Израиль күчтөрү Сириянын Кунейтра элет жерине жаңы кургактагы операция жүргүздү
Азиядагы селдерде каза болгондордун саны  1500дөн ашты
Тышкы иштер министри Фидан 23-Доха форумуна катышат
Путин менен Моди АКШнын кысымы күчөгөн учурда Нью-Делиде соода жана Украинадагы согушту талкуулашты
Түркия Кара деңиздеги кол салуулар боюнча Украинанын жана Орусиянын элчилерин чакыртты
"Эл аралык коомчулук аймактык туруктуулукту коркуткан Израилге каршы аракетке өтүшү керек"
Израилдик күчтөр оккупациядагы Батыш Шериада беш тарыхый экспонатты тартып алышты
Вьетнамда сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү
Газадагы ок атышпоого карабастан Израиль 2026-жылга коргонуу бюджетин 34 миллиард долларга көтөрдү
Бельгия өз аймагында жашаган 19 шектүү сириялык согуш кылмышкерин иликтеп жатат
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн
Евровидение 2026 сынагындагы нааразычылык толкуну: Израилдин катышуусу нааразычылыкты жаратты
Петро: Колумбияны баңгизатка каршы күрөш шылтоосу менен коркутуп жатышат
Чыгыш Тынч океанда банги зат ташыганы айтылган кемеге жасалган кол салуусунда төрт киши каза болду