ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Россиянын Украинадагы темир жол станциясына карата кол салуусунан кеминде 13 адам каза болду
Украинанын расмий өкүлдөрү Орусиянын учкучсуз учуучу аппараты Днепр шаарындагы темир жол станциясында жүргүнчү поезди турган платформага урунганын билдиришти.
Россиянын Украинадагы темир жол станциясына карата кол салуусунан кеминде 13 адам каза болду
Днепрдеги темир жол станциясына орус дронунун соккусунан кийинки көрүнүш.

Украиналык жетекчилер бейшемби күнү Россияга таандык дрон Украинанын борбордук бөлүгүндөгү Днепр шаарында жүргүнчү поезди турган темир жол станциясынын платформасына урунду, кеминде 13 адамдын каза болгонун билдиришти.

Днепропетровск облусунун губернатору Александр Ганжа Telegram баракчасында: «Россиянын Днепрге жасаган чабуулунан 13 адам каза болуп, дагы бешөө жаракат алды», — деп билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский «үрөй учурган» деп мүнөздөгөн кол салуудан кийин АКШ менен Европаны чара көрүүгө чакырды.

Зеленский социалдык тармактагы билдирүүсүндө: «Орустар шаар четине каттаган поезд менен жүргүнчү поезди турган платформага кол салышты. Тилекке каршы, учурда 13 адамдын каза болгону тастыкталды», — деди.

Днепр шаарынын мэри Борис Филатов да окуяны «трагедия» деп атап, социалдык тармакта «дрон жарандык электр поездине урунганы» билдирди.

Россия тарабынан бул тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Украинанын мамлекеттик темир жол компаниясы Россиянын дрону Днепр шаарындагы темир жол станциясына урунганын жарыялады.

Компания Telegram баракчасында: "Чабуул, ошол учурда Днепрден Запорожьеге бара жаткан 866-поезд турган платформалардын бирине урунганын", - деп билдирди.

Темир жол компаниясынын кызматкери Александр Перцовский Facebook баракчасында аймакта жогорку коркунуч деңгээли жарыяланганына карабастан, «тилекке каршы, платформада дагы эле көп адамдардын бар экенин» белгиледи.

Россия 2022 - жылы баштаган кенен масштабдуу согуштан кийин жалпы Украинада поезддерге карата дрондор менен чабуулдарын улантууда. Бул чабуулдар жүздөгөн локомотивдерди талкалап, көптөгөн темир жол кызматкерлери каза болду.

Украинанын кеңири темир жол тармагы өлкөдөгү маанилүү транспорттук каражаттардын бири. Өлкөнүн чыгышынан батышына поезд менен баруу 24 саатка чейин созулушу мүмкүн.

Иликте
Дуран: «Карабахтагы жеңиш Азербайжандын чечкиндүүлүгүнүн тарыхый символу»
Жапонияда болгон 5,7 баллдык жер титирөөдөн 20дан ашык адам жаракат алды
TRT World форумунда дүйнөлүк соода жолдору талкууланды
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дуран Нигериянын маалымат министри Малаги менен жолугушту
УЧУнун башчысы Ибрахим Калын: "Маселе Палестина эмес, маселе оккупация"
Түркия Франциянын өз шельфиндеги уруксатсыз изилдөөсүнө каршы чыкты
TRT World Forum 2026да «Түркия: Регионалдык күчтөн аймактар аралык актерго» аттуу панель өттү
TRT World Forum 2026 форумунда «Эл аралык системадагы америкалык парадокс» талкууланды
ТРТнын башкы директору Собажы TRT World Forum 2026 форумунда сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган TRT World форумунда сөз сүйлөдү
Россия: Starlink жана OneWeb саясий туруктуулукка коркунуч жаратууда
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Мекке коргонуу альянсына байланыштуу пикирин билдирди
Израилдин чабуулдарынан улам Газа тилкесинде 68 миллион тоннага чейин таштанды калды
Францияда мектеп автобусу кырсыкка учурады
Малайзиянын мурдагы премьер-министри Наджиб үй камагына чыгуу үчүн 12 миллион доллар айып пул төлөдү