ДССУнун башчысы Газада ачкачылык жана кол салууларды токтотуу үчүн Израилге чакырык салды

Тедрос Адханом Гебрейесус ДССУнун жыйынында: "Элдин кандай кыйынчылык тартып жатканын элестетсеңиз болот. Тамакты, медициналык буюмдарды курал катары колдонуу туура эмес", - деди.

/ AP

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун (ДССУ) башчысы көз жашын тыя албастан Израилди Газадагы геноцидге "ырайым" көрсөтүүгө чакырып, тынчтыктын Израилдин кызыкчылыгына болорун баса белгиледи.

ДССУнун бейшемби күнү болгон жылдык жыйынында сөз сүйлөгөн Тедрос Адханом Гебрейесус геноциддик согуштун Израилге да зыян келтирип, туруктуу чечүүчү жолго алып келбей тургандыгын айтты.

60 жаштагы Тедрос Эфиопиядагы согуш учурунда өткөн балалыгын эске салып: «Газадагы адамдардын азыркы учурда эмне жашап жатканын сезип турам. Көз алдыма алып келе аламын. Үндөрдү да уга аламын. Мунун себеби травмадан кийинки стресстин бузулушу»,- деди.

"Адамдардын кандай кыйынчылык тартып жатканын элестетсеңиздер болот. Тамакты жана медициналык буюмдарды курал катары колдонуу  туура эмес."

БУУ бейшемби күнү Израилдин 2 -  мартта толук блокадага алышынан бери Газага биринчи жолу барган  90 жардам фурасын тарата баштады.

 Тедрос саясий чечимдин гана  маңыздуу тынчтыкты алып келе аларын айтты.

«Тынчтык чакыруусу негизинен Израилдин кызыкчылыгына болот. Бул согуштун Израилге да зыян келтирип жатканын сезип жатам жана ал туруктуу чечим алып келбейт деп ойлойм", - деди

«Ырайымдуу болууңуздарды каалаймын. Бул сиздер үчүн да палестиналыкар үчүн да бүткүл адамзат үчүн да жакшы».

«Системалуу» кыйратуу

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун (ДССУ) чукул кырдаалдар боюнча директору Майкл Райан Газадагы 2,1 миллион кишинин "өлүм коркунучунда" турганын билдирди.

«Ачкачылык токтоп, бардык барымталардын бошотулушу жана саламаттыкты сактоо системасы кайрадан иштеши керек»,- деди.

«Мурдагы бир барымта катары бардык барымталардын бошотулушу керектигин айта аламын. Үй – бүлөлөрү кыйынчылык тартууда»,- деп кошумчалады.

ДССУ Газадагы палестиналыктардын тамак  - аш, суу, медициналык каражаттар, күйүүчү май жана баш калкалоочу жай боюнча олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгын билдирди.

Акыркы жумада төрт ири оорукана кагылышууларга же эвакуация зоналарына жакындыгынан жана кол салуулардан улам медициналык кызмат көрсөтүүнү токтотууга аргасыз болду.

БУУнун саламаттыкты сактоо агенттиги Газадагы  36 ооруканадан  19нун гана иштеп  жана кызматкерлердин «мүмкүн эмес шарттарда» кызмат кылып  жаткандыгын маалымдады.

«Газадагы бардык ооруканалардын кеминде  94 пайызы талкаланып, кыйраган»,- деп айтылды жана газанын түндүгүнүн «дээрлик бардык медициналык кызматтардан ажыратылгандыгы» баса белгиленди.

Палестинада жалпысынан  2000 оорукана керебетинин бар экендиги белгиленди -  бул сан «учурдагы муктаждыктарды камсыз кылуу үчүн абдан аз.

«Системалуу түрдө кыйратуу болуп жатат. Ооруканалар оңдолуп жатат жана кайрадан каражаттар алынууда бирок кайрадан кагылышууларга же кол салууларга дуушар болууда. Бул кыйратуучу цикл токтошу керек».

Курчоо астындагы элдин геноциди

Израиль армиясы 2023 -  жылы октябрь айынан бери Газага каршы геноцид кылды; 64 миңге жакын палестиналыкты өлтүрдү алардын көпчүлүгү балдар менен аялдар. Эл аралык ок атышпоо чакырыктарын четке кагууда.

Каза болгондордун арасында 11 миңдей палестиналык бар, алар кыйраган үйлөрдүн урандыларынын астында.

Адистер болсо каза болгондордун чыныгы саны Газа жетекчилеринин билдиргенинен дагы көп экендигин, 200 000ге жакын болушу мүмкүн экендигин айтышууда.

Эл аралык кылмыш соту өткөн ноябрь айында Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху жана мурдагы коргоо министри Йоав Галлантты Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн камакка алуу ордерин чыгарган.

Израиль өзгөчө курчоо астындагы аймакка карата согушунан улам Эл аралык сотто ачылган геноцид иши менен бетме  - бет.

Израиль конуштарды талкалап, массалык көрүстөндөрдү ачып, дүкөндөрдү жана ишканаларды бомбалады, ооруканаларды жана өлүкканаларды жок кылды, танктар жана бульдозерлер менен сөөктөрдүн үстүнөн өттү, камакка алынган палестиналыктарды кыйнады, соттолгондорду жасалма өлүм жазасына тартты, палестиналыктарга карата сексуалдык зомбулук көрсөттү.

Геноцид учурунда садист кыймылдарды кылган израилдик аскерлер Газада балдарынын баштары менен футбол ойногондорун айтып палестиналык туткундарды шылдыңдашты.

Израиль армиясынын палестиналыктарга таандык үйлөрдү талап  - тоногону, балдардын керебеттерин кулатып, үйлөрдү өрттөп жана жер которгон палестиналыктарды шылдыңдоо үчүн алардын ич кийимдерин кийгени, балдардын оюнчуктарын уурдаган видеолор ортого чыкты. Бул видеолор аскерлер тарабынан түз эфирден берилди.

Израиль аскелери Палестнаны жок кылуу миссиясында бул кылымда бул согушта рекорддук санда адамдарды, ымыркайларды, медицина кызматкерлерин, спортчуларды жана журналисттерди өлтүрүштү.

Израилдин мурдагы аскердик генералы Яир Голан ушул аптанын башында Тель-Авивди палестиналык ымыркайларды спорт үчүн өлтүрүп, миллиондогон палестиналыкты блокададагы Газадан кууп чыгууга аракет кылуу менен айыптады.

Голан шейшемби күнү : «Израиль акылдуу өлкө сыяктуу иш кылбаса мурдагы Түштүк Африка сыяктуу эл аралык коомчулукта парий мамлекетке айлануу жолунда турат", - деди.

Израилдин мамлекеттик Кан радиосуна берген маегинде : «Акылдуу өлкө жарандарга согуш ачпайт, ымыркайларды хобби үчүн өлтүрбөйт жана калкты сүргүнгө айдоо максатын койбойт", - деди.