Хакан Фидан : Түркия палестиналыктарга үмүт болууну жана Газаны колдоону улантат

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан : "Түркия Газа үчүн дем, Палестина үчүн үмүт болууну улантат. Газанын кайрадан курулушуна карата аракеттерге да активдүү колдоо берүүнү улантабыз",- деди.

Хакан Фидан : Түркия палестиналыктарга үмүт болууну жана Газаны колдоону улантат / AA

Хакан Фидан жума күнү немис кесиптеши Иоганн Вадефул менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында : «Түркия Газа үчүн дем жана Палестина үчүн үмүт болууну улантат. Газанын кайрадан курулушуна карата аракеттерге да активдүү колдоо берүүнү улантабыз”,- деди.

Фидан өзгөчө: “Газада курула турган ар бир имарат адамзаттын жалпы абийиринин чыгармасы болот. Азырынча жолдун башындабыз. Акыркы максатыбыз эки мамлекеттүү чечүүчү жолдун ишке ашырылышы жана бардык кыйынчылыктарга карабастан тынчтык жана бейпилчилик өкүм сүргөн Жакынкы Чыгышты түзүү”,- деп кошумчалады.

Фидан ок атышпоодон кийин Анкаранын дароо жардам аракеттерин арттырганын белгилеп, Газага узак мөөнөттүү жана системалуу гуманитардык жардам керек экенин баса белгиледи.

Түрк тышкы иштер министри Вадефул менен болгон сүйлөшүүлөрдө Анкара жана Берлиндин Газадагы ок атышпоонун улантылышы, муктаж болгондорго гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жеткирилиши жана согуштун биротоло токтотулушу боюнча күтүүлөрүн ырастагандыгын билдирди.

Жумушчу топ, тынчтык кеңеши

Түркиянын тышкы иштер министри аймакта туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн эки мамлекеттүү чечимди ишке ашыруу негизги кадам экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Фидан Европа өлкөлөрүнүн, айрыкча Германиянын, Палестина маселелери жана Газа тууралуу конструктивдүү кадамдарды таштоосунун маанисин баса белгилеп : “Түркия жетишилген макулдашууну ишке ашырууда өз милдетин аткарды жана мындан ары дагы көп аракет кылууга толугу менен даяр”, - деди.

Фидан бул алкакта президент Режеп Таййип Эрдогандын «иш тобу, тынчтык кеңеши же эл аралык ырааттуулук күчү» сыяктуу темаларда толугу менен эркин көрсөткөнүн айтты.