САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Трамп Нетаньяхуну Газа келишимин бузса жазалайт
Кнессет оккупацияланган Батыш Шерианы аннексиялоо боюнча мыйзам долбоорлорун алдын ала жактыргандан кийин Нетаньяхунун Трамптын маңдайында "абдан ичке жиптин үстүндө басып баратканы" айтылууда.
Трамп Нетаньяхуну Газа келишимин бузса жазалайт
Трамп Нетаньяху Газа келишимин бузса жазалайт / Reuters

АКШнын жогорку даражалуу өкүлү Нетаньяхуга эгерде Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишимин бузууга жол берсе, АКШ президенти Дональд Трамптын катуу чара көрөрүн эскертти. Бул тууралуу Израилдин Channel 12 телеканалы кабарлады.

Еврей тилиндеги Channel 12 телеканалына маалымат берген Axios агенттигинин кабарчысы АКШнын өкүлү Нетаньяхуну Трамптын алдында "абдан ичке жиптин үстүндө басып баратканы" темасында эскерткенин айтты. Расмий өкүл “Эгерде бул уланса ал келишимди бузат, ал эми келишим бузулса Дональд Трамп аны жазалайт" деди.

Бул билдирүүлөр Израилдин парламенти Кнессеттин оккупацияланган Батыш Жээктин айрым бөлүктөрүн аннекциялоого байланыштуу мыйзамдарды илгерилетүү аракеттеринен улам Вашингтон менен Тель-Авивдин ортосунда чыңалуу күчөгөн учурга туш келди.

Маалыматка ылайык, АКШнын вице-президенти Ж.Д. Вэнс бейшемби күнү Израилге болгон дипломатиялык сапарын аяктагандан кийин Кнессеттин мурунку күнү аннекцияга байланыштуу эки мыйзам долбоорун алдын ала бекиткенин уккканда таң калды.

Тель-Авивдеги Бен-Гурион аэропортунда журналисттерге маалымат берген Вэнс бул добуш берүүнү сынга алып: "Эгерде бул саясий оюн болсо, анда бул өтө акылсыз кадам. Мен муну жеке өзүм да туура эмес деп эсептейм" деди.

Израилдин бул кадамы Трампты ачууландырды

Израилдик бир өкүл Channel 12 телеканалына Нетаньяху мындай кадамдын катуу реакция жаратары темасында бир нече күн мурун эскертилгенин, бирок добуш берүүнү токтотуу үчүн эч нерсе кылбаганын билдирди.

Кнессет аннекцияга байланыштуу эки мыйзам долбоорун алдын ала окууда жактырды, бирок мыйзамдашуусу үчүн дагы үч добуш берүү талап кылынат.

Бул мыйзам долбоорлору өткөн айда "Израилдин Батыш Шерианы аннексиялашына жол бербей турганын" айткан президент Трамптын ачык каршылыгына карабастан бекитилди.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"