ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Россия: Краснодар аймагында Украинанын дрондук чабуулунан эки адам каза болду
Россиянын Краснодар аймагынын губернатору Вениамин Кондратьев Украинанын Краснодар аймагына жасаган дрон чабуулунан эки адамдын каза болгонун билдирди.
Россия: Краснодар аймагында Украинанын дрондук  чабуулунан эки адам каза болду
Новороссийскте Украинанын учкучсуз учуучу аппаратынын чабуулунан кийин.

Кондратьев социалдык тармактагы баракчасынан жасаган билдирүүсүндө Украина армиясынын Краснодар аймагына дрондор менен чабуул жасаганын билдирди.

Аймактагы Новороссийск, Анапа, Геленджик жана Темрюк райондорундагы жарандык инфраструктура объектилери менен турак үйлөр чабуулга кабылганын белгилеген Кондратьев, атып түшүрүлгөн дрон бөлүктөрүнүн 21 үй жана 4 ишканага зыян келтиргенин маалымдады.

Окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар кызматынын топтору иштерин улантып жатканын билдирген Кондратьев, үйлөрүнөн эвакуациялангандар үчүн убактылуу жайгаштыруу борборлору түзүлгөнүн айтты.

Кондратьев чабуулдардын кесепетинен каза болгондор жана жаракат алгандардын бар экенин белгилеп: «Новороссийскте 8 жаштагы бала каза болду, бири бала болгон 8 киши жаракат алды. Темрюк районундагы Волна айылында 1 киши каза тапты. Анапада 2 киши, Геленджикте да 2 киши жаракат алды», — деди.

Новороссийск шаарынын мэри Андрей Кравченко да социалдык медиа баракчасынан шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланганын билдирди.

Россиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө түн ичинде Кара деңиздин ар кайсы аймактарында жана үстүндө абадан коргонуу системалары тарабынан 502 Украина дрону жок кылынганын билдирди.

Иликте
Нидерландия АКШ менен Канададагы 86 тонна алтынын Британияга которду
Байрактар АКЫНЖЫ улуттук багыттоочу комплекттерди колдонуп, буталарга таамай сокку урду
Иран армиясы: "Кувейттеги жана БАЭдеги АКШнын базаларын ракеталар жана дрондор менен бутага алдык"
Израилдин ок атуусунан эки палестиналык, анын ичинде бир бала каза болду
Грецияда Батыш Нил вирусун жуктуруп алгандардын саны 290го жетти
Даниянын чалгын кызматтары орус саботаж ыктымалдуулугуна каршы эскертти
Орусия Москвага багыт алган 37 дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады
АКШнын армиясы Тынч океандын чыгышында бир кемени чөктүрдү
Трамп Иран менен согушту токтотууну карап жатат
Израилдиктер Батыш Шерияда айылга кол салды: 2 палестиналык  каза болду
АКШнын Миннеаполис шаарындагы куралдуу кол салуудан эки адам каза болду
Орусия: "Украинанын аскердик логистикалык борборлоруна жана кемелерине сокку урдук"
Трамп Иранга карата чабуулдардын Израиль менен Жакынкы Чыгышка жардам берүү үчүн жасалганын жактады
Испания Израиль менен Россиянын мигранттардын агымын күчөткөнүн билдирди
Иран менен байланышы бар хакерлер АКШдагы маанилүү инфраструктураларга кол салууга аракет кылышкан