ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Орусиянын аскердик Ту-95 учагы Ыраакы Чыгышта кырсыкка учурады: 6 адам каза болду
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Амур аймагында машыгуу учурунда кулаган бомбалоочу учактагы экипаждын алты мүчөсү каза болуп, бир киши жаракат алды.
Орусиянын аскердик Ту-95 учагы Ыраакы Чыгышта кырсыкка учурады: 6 адам каза болду
Орусиянын аскердик Ту-95 учагы / AFP

Орусиянын Коргоо министрлиги шейшемби күнү Ыраакы Чыгыштын Амур аймагында машыгуу учурунда орусиялык аскердик Ту-95 учагы кырсыкка учураганын, экипаждын алты мүчөсү каза болуп, бири жаракат алганын жарыялады.

ТАСС мамлекеттик маалымат агенттигинин кабарына караганда, министрлик учак эл жашабаган аймакта кулаганын жана ок-дары алып жүрбөгөнүн кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө: "Баштапкы тыянактарга ылайык, экипаждын алты мүчөсү каза болуп, бир адам жаракат алды жана медициналык мекемеге эвакуацияланды", - деп айтылды.

Социалдык медиада бөлүшүлгөн, бирок аныктыгы тастыктала элек видеодо кырсык болгон жерден жалын жана түтүн көтөрүлүп, жарылуунун үндөрдүн угулуп жатканы көрсөтүлдү.

Советтик доордо иштелип чыккан Ту-95 - ядролук курал алып жүрүүгө жөндөмдүү стратегиялык бомбалоочу учак. Орусия ошондой эле Украинага каршы узак аралыкка атуучу круиздик ракеталык чабуулдарда Ту-95 учактарын колдонуп жатат.

Иликте
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Стамбул аэропортуна 'Эң көп байланыштырган аэропорт' сыйлыгы
Ак карлуу Улудаг күздүн түстөрүнө бөлөндү
Трамп алар Иран менен сүйлөшүү өткөрбөгөндөрүн жана жакында "бир нерсе болорун" айтты
АКШ менен Гайана аскердик кызматташтыкты күчөтүү боюнча келишимге кол коюшту
Галатасарай Франциядан 3 упай менен кайтып келди
Король Фахд эл аралык аэропортуна кол салуудан 1 адам каза болуп, 8 киши жаракат алды
Газа жана Ливан тууралуу макалаларга нааразы болгондор Нью-Йорк Таймс имаратынын алдына чогулду
Кубанын тышкы иштер министри: "АКШнын санкциялары кубалыктардын күнүмдүк жашоосун бутага алууда"