ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Непал элдик толкундоолордон кийин шайлоо өткөрөт
Өкмөттүн кулашына жол ачкан коррупцияга каршы нааразычылыктардан алты айдан кийин Катмандудан Терай түздүктөрүнө чейин созулган катуу күрөштө 19 миллионго жакын шайлоочу жаңы парламентти шайлайт.
Непал элдик толкундоолордон кийин шайлоо өткөрөт
Непал армиясынын жоокерлери Непалдагы жалпы шайлоого бир күн калганда, Непалдын Жхапа районундагы Дамак шаарында көчөдө кайгуулдап жатышат. 2026-жылдын 4-марты. / Reuters

Непал 2006 – жылдагы жарандык согуш аяктагандан бери талаш  - тартыштуу шайлоо үчүн шаршемби күнү добуш берүү борборлорун курду. Бул шайлоо өкмөттү кулаткан жана өлүмгө жол ачкан коррупцияга каршы нааразычылык акцияларынан алты айдан кийин өткөрүлүүдө.

Гималайлардагы республика бейшемби күнү жаңы парламентти шайлайт. 30  миллион калктуу өлкөнүн жаңы парламенти кеминде  77 киши каза болгон  2005 – жыл сентябрь айындагы көтөрүлүштөн кийин убактылуу өкмөттүн ордун алат.

Борбор шаардын чок ортосунда пагода храмдары менен орто кылымдагы көркөмдүүлүгү менен БУУнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алган Катмандунун Дурбар аянтында шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү бейшемби күнү эртең менен ачылышы пландалган үкөктөрдү орнотушту.

Убактылуу премьер  - министр Сушила Карки элди «эч коркпостон» добуш берүүгө чакырды.

Ал эми Эверест баштаган дүйнөдөгү эң бийик сегиз чоку жайгашкан тоолуу аймактарга шайлоо материалдары тик учактар менен жеткирилди.

Бул жолку шайлоонун өзгөчөлүгү — негизги көңүл борбор калаадан түштүктөгү айыл чарбалуу түздүктөргө бурулушунда.  Мурда Катмандуга басым жасалса, бул жолу  премьер-министрликке үч талапкер дал ушул аймактардагы мандаттар үчүн ат салышууда.

Бул абалга жалпысынан тынч болгон чыгыштагы Жхапа шаарчасы да кирүүдө. Бул жерде эки негизги атаандаш  ат салышууда.

Өткөн жылы премьер-министрликтен куулуп, бийликке кайтып келүүнү көздөгөн 74 жаштагы марксист лидер К.П. Шарма Оли өз шайлоо округунда 35 жаштагы рэпер-саясатчы жана Катмандунун мурдагы мэри Балендра Шах менен беттешет.

Өлкөдө жалпысынан 19 миллионго жакын шайлоочу катталган, 163 000ге жакын шайлоочуга ээ Жхапа – 5 шайлоо округу Оли өз ордун сактап калабы же Шахтын парламентке кирип же кирбей турганын белгилейт

 «Жогорку тобокелдиктеги аймак»

«Раштрия Сватантра» (RSP) партиясынын талапкери Балендра Шах өзүн жаштар баштаган саясий өзгөрүүнүн символу катары мүнөздөп, шайлоочуларды партиянын эмблемасы болгон «коңгуроону басууга» чакырды.

Жхапа округунун  шайлоо боюнча жооптуусу Бидур Кумар Карки бул аймакты «жогорку тобокелдиктеги зона» деп атап, бирок коопсуздук үчүн полиция жана аскерлердин милдеттендирилгенин  билдирди.

AFP кабарчылары шаршемби күнү Жхапада полициянын  добуш берүү башталганда шайлоочуларды багыттоо үчүн тосмолорду орнотконуна күбө болду.

Ошондой эле жарышта өлкөнүн эң эски партиясы болгон Непал Конгрессинин жаңы төрагасы, 49 жаштагы Гаган Тапа да бар. Тапа AFP агенттигине тынымсыз алмашып турган жогорку жетекчилердин "эски гвардиясына" чекит койгусу келерин айтты.

Тапа Индиянын чек арасына жакын жайгашкан, экономикасы негизинен айыл чарба болгон Сарлахи шайлоо округунда ат салышууда.

Непал калкынын жарымынан көбү Непалдын түштүгүндөгү Мадеш аймагынын айылдык түздүктөрүндө, Гималай тоолорунан эриген кар менен азыктанган жапжашыл "Терай" шалбааларында жашашат.

Иликте
Президент Эрдоган Болгариянын премьер-министри Радев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Түркия менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу мамилелер менен аймактык окуяларды талкуулашты
Пакистан менен Мальдивдер соода, коргонуу жана деңиз коопсуздугу жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт
Путин менен Витков, Санкт-Петербургда Украинадагы согуш тууралуу сүйлөштү
Украина: "Орус армиясынын чабуулдарынан 5 адам каза болуп, 56 адам жаракат алды"
Эрдоган: "Сириянын чалгындоо кызматынын жана Түрк чалгындоо уюмунун баатырларын куттуктайм"
Түркия менен бирге төрт өлкө Бедир өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
Пакистанда жүргүнчү ташыган автобус оодарылып, 10 адам каза болду
Иран: Инфраструктурабызды бутага алышса Ормуз кысыгынын астындагы интернет кабелдерин жок кылабыз
Россиядан АКШга дизелдик күйүүчү май ташыган биринчи танкердин эртең жолго чыгышы пландалууда
Хуситтер: "Аденде Сауд Арабиясынын операциялык штабы жайгашкан аскердик лагерге сокку урдук"
Министр Гүлер катарлык кесиптеши менен жолугушту
Түндүк Корея менен Орусия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү көздөп жатышат
Судан менен Түштүк Судандын ортосундагы талаштуу аймакка дрондук чабуулдан 153 адам каза тапты
Францияда Mirage 2000D согуштук учагы кырсыкка учурады