ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Согуштун эң чоң туткун алмашуусу: Россия жана Украина жүздөгөн туткунду алмашты.
Россия менен Украина фронттогу кагылышуулар уланып жаткан маалда, согуштун тарыхындагы эң чоң деп эсептелген масштабдуу туткундар алмашуусун баштады. Биринчи этапта 800гө жакын адам алмаштырылды.
Согуштун эң чоң туткун алмашуусу: Россия жана Украина жүздөгөн туткунду алмашты.
/ Reuters

Украинанын президенти Владимир Зеленский жума күнү билдирүү жасап, аскерлер жана жарандар менен бирге 390 украиналыктын үйүнө кайтып келгенин тастыктады жана жуманын акырында дагы көп кишинин бошотуларын белгиледи. Россиянын Коргоо министрлиги да Украинадан ошончо сандагы адамды өткөрүп алгандыгын билдирди.

Зеленский Telegram аркылуу билдирүүсүндө: "Баарын үйгө алып келүү абдан маанилүү", - деп, бул процесске катышкандарга ыраазычылык билдирди жана дагы көп алмашуулардын болушу үчүн дипломатиялык аракеттердин улантылаарына убада берди.

Бул алмашуу Стамбулдагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн кийин ишке ашты. Бул сүйлөшүүлөр Киев менен Москва 2022-жылдын башынан бери биринчи жолу бетме-бет жолуккан учур болду. Эки тарап 1000ден адамды алмашуу боюнча макулдашты.

‘Балким, атам эртең келет’

Бошотулган украиналыктар Чернигов облусундагы медициналык борборго алып барылды. Аларды жакындары кубануу менен тосуп алшыты. Айрымдары сезимдерине ээ боло алышкан жок. Айрымдары да көп жылдык туткундан кийин таң калыштуу көрүнүштү. Украинанын желектерине оронгон туткундар үй-бүлөлөрү менен кучакташып, кайрадан коомго аралашуу процессин башташты.

Ондогон туткундун жакындары медициналык борборго келген автобустарды кол чабуулар жана “"Рахмат” деп ураан чакыруу менен тосуп алышты.

Алмаштыруу Беларус чек арасында ишке ашты. Бошотулган орустардын медициналык жардам алуу үчүн Беларуска алып барылгандыгы айтылууда. Бирок бул алмашуу чоң мааниге ээ болсо да согуштун токтогонуна байланыштуу белги берген жок.

Болжол менен миң чакырымдык фронт тилкесинде катуу салгылашуулар уланууда.

“Ваня!” — деп кыйкырды Наталия Мосыч, чогулган туугандарынын арасында жана “Менин күйөөм!”,- деп кошумчалады.

Дээрлик бир жылдан бери жубайын көрбөгөндүгүн айткан Мосыч кубанычтан көздөрү жайнап : “Бул укмуш сезим. Мен дагы деле шок абалдамын,” — деди күйөөсү Иван мекемедеги каттоодон өтүп, сыртка чыгып, үй-бүлөсү менен жолуккандан кийин. “Мен абдан кубанычтамын, бизди унутушкан жок жана биз дагы деле Украина үчүн маанилүү экенибизди сезип жатабыз”,- деп кошумчалады.

Бирок баары бул кубанычты жашай алган жок. Кайтып келгендердин арасынан жакындарынын жок экенин билген көптөгөн үй - бүлөлөр көз жаштарына ээ боло албады. Бошотулгандардын айрымдары жоголгон жубайлары, уулдары же бир туугандары тууралуу маалымат келет деген үмүттө келишкен.

“Балким, атам эртең келет,” — деп ыйлаган кичинекей бала да булардын арасында эле.

Иликте
Ак үй "Trump TV" каналын ишке киргизди
160тан ашык спортчу Ирландия-Израиль беттешин бойкоттоо чакырыгына кол коюшту
Японияда Дужуан тайфунунан төрт адам каза болду
Министр Курум Нью-Йоркто COP31ди таанытты
Дезинформация менен күрөшүү борбору ТИМге таандык «Уганда» тууралуу маалыматты четке какты
Министр Фидан Түркия-Египет-Пакистан-Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты
АКШнын президенти Трамп Нью-Йоркто Франциянын президенти Макрон менен жолугушту
Түрк аба күчтөрү Кипр аралынын түштүгүндө машыгуу учууларын өткөрдү
Израилдин Газадагы чабуулдарынан 9 адам жаракат алды
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборлорго, портторго жана кемелерге сокку урдук"
Алгачкы жыйынтыктар боюнча парламенттик шайлоодо "Бирдиктүү Орусия" партиясы артыкчылыкка ээ болду
Халепте аскердик аянтта болгон жарылуулардан 4 адам жаракат алды
Ирандын Революциялык гвардия корпусу: "Ормуз кысыгында MQ-1 үлгүсүндөгү дрон атып түшүрүлдү"
Президент Эрдоган Нью-Йорктогу Түрк үйүнө барганында аны күтүп турган адамдар менен учурашты
Сауд Арабиясы хуситтердин Риядга атылган баллистикалык ракетасы жок кылынганын жарыялады