ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Иран Перс булуңундагы АКШнын объектилерине чабуул койду; CENTCOM: "Ракеталар буталарына тийген жок"
АКШнын аскердик жетекчилери Кувейт жана Бахрейнге карата Ирандан учурулган ракеталардын дароо бөгөттөлгөнүн же буталарын ата албаганын еблгиледи.
Иран Перс булуңундагы АКШнын объектилерине чабуул койду; CENTCOM: "Ракеталар буталарына тийген жок"
CENTCOM Ирандын ракеталарын тосуп алгандан кийин Кешм аралына сокку урду. (Сүрөт: АРХИВ) / Reuters

АКШнын Борбордук командирлиги (CENTCOM) АКШ күчтөрүнүн Перс булуңунда Ирандын көптөгөн ракеталарын жана дрондорун кармап алганын жарыялады.

CENTCOM шаршемби күнү жарыялаган билдирүүсүндө: "АКШ күчтөрү Жакынкы Чыгыштагы Ирандын чабуул коюу аракеттерине жооп катары Ирандын көптөгөн баллистикалык ракеталарын жана дрондорун ийгиликтүү жок кылышты жана Кешм аралына өзүн-өзү коргоо соккуларын жасады", - деп билдирди.

CENTCOM Xте жарыялаган кийинки билдирүүсүндө, түн ичинде Кувейттеги АКШ күчтөрүнө кол салууга аракет кылган Иранга таандык дагы бир учкучсуз учактардын толкуну да бутага тийбегенин кошумчалады.

Билдирүүдө АКШнын абадан коргонуу күчтөрү көптөгөн дрондорду ийгиликтүү атып түшүргөнү жана Америка персоналына же мүлккө зыян келтирилбегени белгиленди.

Ракеталар Кувейт менен Бахрейнди бутага алды

Командирлик: "Кувейтке атылган эки Иран ракетасы бутага жеткен жок же жолдо талкаланды; Бахрейнге атылган үч ракетага АКШнын жана Бахрейндин абадан коргонуу күчтөрү тоскоол болду", - деп айтылды.

CENTCOM Ирандын аймактык суулардан өтүп бара жаткан жарандык деңизчилерди көздөй учурган бир тараптуу (камикадзе) үч учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрүшкөнүн билдирди.

Иликте
Ирандын Революциялык гвардия корпусу: "Ормуз кысыгында MQ-1 үлгүсүндөгү дрон атып түшүрүлдү"
Президент Эрдоган Нью-Йорктогу Түрк үйүнө барганында аны күтүп турган адамдар менен учурашты
Президент Эрдоган БУУнун 81-Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн АКШга барат
АКШнын аскерлери Кариб деңизинде баңгизат аткезчилиги менен алектенген деп шектелген кемени атты
Израиль оккупацияланган Батыш Шериадагы айылга баруучу акыркы жолду жаап, 47 үй-бүлөнү обочолонтту
Президенттик кубоктогу чоң беттеш ТРТ 1 каналынан көрсөтүлөт
Президент Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата куттуктоосу
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү