Японияда акыркы жылдарда болгон эң ири өрттөн бир адам каза болуп, 170 имарат зыян тартты

Өрттөнүп жаткан имарат саны жана аянтынфын чоңдугу бул өрттүн 1976 - жылдагы Саката өртүнөн бери өлкөдөгү эң чоң өрт экедигин көрсөтүүдө.

By
Бир адам өлүк табылды, деп жергиликтүү ЖМКлар милициянын булактарына таянып билдирди. / AP

Япониянын түштүгүндөгү жээк шаарында чыккан ири өрт 170тен ашык имаратты жок кылып, бир адамдын өмүрүн алды. Өлкө жарым кылымдан бери көрбөгөн бул масштабдуу шаардык өрттү өчүрүүгө аскердик жана өрт өчүрүүчү тик учактар мобилизацияланды.

Шаршемби күнү жарыяланган абадан тартылган кадрлар сапаттуу Секи маркасындагы скумбриясы менен белгилүү балыкчы портуна караган Оита шаарынын Саганосеки районунда үйлөрдүн урандыга айланганын жана түтүн көтөрүлүп жатканын көрсөттү.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө ылайык, от күчтүү шамалдан улам жакын жердеги токойлуу капталдарга жана жээктен бир километрден ашык алыстыкта жайгашкан ээн аралга да жайылган.

Япониянын өрт жана кырсыктарды башкаруу агенттиги шейшемби күнү кечинде өрт чыгып, болжол менен 48 900 чарчы метр аянтты – дээрлик жети футбол аянтындай жерди – каптаганын билдирди; Токиодон 770 км түштүк-батышта жайгашкан аймакта жашаган 175 адам өзгөчө кырдаалдар баш калкалоочу жайына баш калкалоого аргасыз болду.

Жергиликтүү маалымат каражаттары полиция булактарына таянып, бир адамдын каза болгонун; 50 жаштагы бир аялдын жеңил күйүк менен ооруканага жеткирилгенин билдирди.

Япониянын премьер-министри Санаэ Такаичи X социалдык тармагындагы баракчасында суукта эвакуацияланууга мажбур болгон тургундарга көңүл айтып, өкмөттүн жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташып, зарыл болгон бардык көмөктү көрсөтөрүн билдирди.

Кюсю электр энергиясы компаниясынын маалыматына караганда, өрт райондогу болжол менен 300 үйдө жарыктын өчүшүнө алып келген.

Жабыркаган имараттардын саны жана өрт каптаган аянт, жер титирөөлөрдү эсепке албаганда, 1976-жылдагы Саката өртүнөн берки эң ири шаардык өрт болууда.

2016-жылдагы Итойгава өртүндө 147 имарат жана болжол менен 40 000 чарчы метр аянт күйүп бирок эч ким жабыркаган эмес.