ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
"Калмаеги" тайфуну Филиппинде 188 адамдын өлүмүнө себеп болду
Вьетнам дүйнөдөгү тропикалык бороон-чапкындар эң көп катталган аймактардын бири жана жылына орточо эсеп менен 10 жолу бороонго кабылат. Бирок Калмаеги өлкөдө 2025-жылы катталган 13-тайфун болду.
"Калмаеги" тайфуну Филиппинде 188 адамдын өлүмүнө себеп болду
Калмаеги тайфуну Вьетнамга жетти жетти / AP

“Калмаеги” тайфуну жума күнү эрте менен Вьетнамга жетип, дагы беш адамдын өмүрүн алды. Буга чейин тайфун Филиппинде 188 адамдын өлүмүнө себеп болгон.

"Кальмаеги” тайфуну бул аптада Филиппиндин борбордук бөлүгүндө катуу жаан-чачынга жана селге себеп болуп, автоунааларды, жүк ташуучу унааларды жана контейнерлерди агызып кеткен. Тайфун бейшемби күнү кечинде Вьетнамды таасири астына алды.

Вьетнамдын Зя Лай провинциясында жашаган 42 жаштагы балыкчы Нгуен Ван Там: "Менин үйүмдүн экинчи кабатынын чатыры учту”, - деди.

Экология министрлигинин билдиргенине караганда тайфун кургактыкка жеткен аймакта шамалдын ылдамдыгы саатына 149 километрге (92 миль) жетти. Там: "Биз баарыбыз коопсуз жерде элек бирок тайфун абдан коркунучтуу болду, көптөгөн дарактар кулады", - деп кошумчалады жана кайыгына зыян келбегенин белгиледи.

Экология министрлиги Гиа Лай жана коңшулаш Дак Лак шаарларында беш адам каза богонун, 57 үйдүн кыйраганын билдирди. Болжол менен 3000 үйдүн чатырлары учуп же зыян тартты жана 11 кайык же кеме чөгүп кеткен.

Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги Гиа Лай жана коңшулаш Дак Лак шаарларында беш адам каза болуп, 57 үй талкаланганын билдирди. Болжол менен 3000 үйдүн чатырлары учуп же бузулуп, 11 кайык же кеме чөгүп кеткен.

AFP кабарчылары куткаруучу топтор менен аскерлердин Гиа Лайдын Куй Нхон жээгиндеги тургундар менен бирге кулаган бак-дарактарды тазалоо, таштандыларды алып салуу жана түн ичинде учуп кеткен темир чатырларды чогултууга аракет кылып жаткандыгын билдирди.

Мамлекеттик электр компаниясы тайфундун борбордук жээкке барышы менен 1,6 миллион кардардын электр жарыгысыз калганын, бирок жума күнү эртең менен алардын үчтөн бирине электр энергиясынын берилгендигин билдирди.

Ылдамдам жылып бараткан тайфун эртең менен кургактыкка карай жылып шамалдын ылдамдыгы бир топ басаңдаган, бирок улуттук аба ырайы бюросу борбордук жээктин көпчүлүк бөлүгүн катуу жамгыр жаашы боюнча эскертүүдө.

Вьетнам дүйнөдөгү эң активдүү тропикалык бороон зоналарынын биринде жайгашкан жана жылына орто эсеп менен 10 тайфун же бороондон жабыркайт. Бирок, “Калмаеги” 2025-жылы өлкөгө сокку урган 13-тайфун болду.

Окумуштуулар адам колу менен климаттын өзгөрүшүнөн улам бороондордун күчөгөнүн белгилешти. Жылуу океандар тайфундардын тездик менен күчөшүнө алып келет, ал эми жылуу атмосфера дагы көп нымдуулукту кармап, катуу жаан-чачынга себеп болууда.

Иликте
Израилдин түндүгүндө жарылуу: 8 адам жаракат алды
Европа Биримдиги Орусиянын аскердик өнөр жайына каршы рекорддук сандагы жаңы санкцияларды кабыл алды
Украина: "Зеленский президент Эрдогандын ортомчулугунда Путин менен жолугушушу мүмкүн"
Судан менен Египеттин чек арасындагы аба соккусунан 72 кенчи каза болгон деген айыптоолор айтылууда
БУУ: "Жибутинин жээгинде кеме кырсыгынан 139 адам каза болуп, 84 адам дайынсыз жоголду"
АКШда коомдук каражаттар менен каржыланган Трампты колдогон жарнамаларды токтотуу чечими
Ирактын согуштук учактары өлкөнүн чыгышындагы ДЕАШ террордук уюмуна таандык жайларды талкалады
Йемен армиясы: "900дөн ашык хусит мүчөсү жок кылынды"
Бурханеттин Дуран Израилдин коргоо министри Кацтын билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү
Түркия, Египет, Пакистан жана Сауд Арабиясы хуситтердин кол салууларын айыпташты
Израиль ок атышпоого карабастан Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду
Канкор Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 74 миң 377ге жетти
Израилдик баскынчылар Батыш Шериада палестиналыктар жыйнаган зайтундарды уурдап кетишти
Эрдогандын "Түрк дүйнөсүнө" байланыштуу билдирүүсү
Эр-Рияд аэропортуна кол салуудан 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алды