Израиль ХАМАСка армия көзөмөлдөгөн аймактарда барымтадагылардын сөөгүн издөөгө уруксат берди

Барымтадагылардын сөөгүн табыш үчүн ХАМАС, Кызыл Чырым жана египеттик топтор кызматташып жатышат.

Дайынсыз жоголгон барымтадагыларды табуу үчүн топтор Газа тилкесинде иштеп жатышат. / Reuters

Израиль Палестиналык ХАМАС тобуна Газа тилкесинде армиянын көзөмөлүндөгү аймактарга кирип, туткундардын сөөктөрүн издөө үчүн уруксат берди деп дүйшөмбү күнү Израилдин маалымат каражаттары кабарлады.

Израилдин 12-каналы, коопсуздук кызматкерлерине шилтеме берип, ХАМАС акыркы 24 саат ичинде Кызыл чырым жана Египеттик топтор менен биргеликте Израиль армиясы дагы эле ээлеп турган “сары сызыктын” аркы тарабындагы аймактарда туткундардын сөөктөрүн табуу үчүн иштеп жатканын билдирди.

“Сары сызык” – бул Израиль армиясы азыр ээлеп турган Газа тилкесиндеги аймактарды армия чыгып кеткен жерлерден бөлүп турган элестүү сызык.

Маалымат каражаттарынын айтымында, дем алыш күндөрү Израиль менен ХАМАС ортомчулар аркылуу сөөктөрдүн болжолдуу жайгашкан жерлери боюнча маалымат алмашып, издөө иштерин тездетүүгө аракет кылышкан.

Ок атышпоо планы

Израиль жекшемби күнү Кызыл чырым жана Египеттик топторго Газа тилкесиндеги “сары сызыктын” аркы жагына өтүп, туткундардын сөөктөрүн издөө иштерине жардам берүүгө уруксат бергенин ырастады.

10-октябрда күчүнө кирген ок атышууну токтотуу келишиминин биринчи этабынын алкагында, ХАМАС 20 тирүү израилдик туткунду жана дагы 16 адамдын сөөктөрүн кайтарып берген.

Учурда дагы 12 туткундун сөөгү Газа тилкесинде экени айтылууда.

Ок атышпоо планы ошондой эле Газаны калыбына келтирүүнү жана ХАМАСсыз жаңы башкаруу механизмин түзүүнү камтыйт.

Палестиналык бийликтердин маалыматы боюнча, 2023-жылдын октябрынан бери Газадагы Израилдин согуштук аракеттеринен 68500дөн ашуун адам каза болуп, 170300дөн ашууну жаракат алган.