ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Зуманын кызы Түштүк Африка парламентинен Россияга аскер жалдоо боюнча чыр-чатактан улам кетти
Умхонто веСизве (MK) оппозициялык партиясынын өкүлдөрү Дудузиле Зума-Самбудланын өз каалоосу менен отставкага кеткенин жана Улуттук Праламент жана башка бардык мамлекеттик кызматтардан дароо кеткенин билдирди.
Зуманын кызы Түштүк Африка парламентинен Россияга аскер жалдоо боюнча чыр-чатактан улам кетти
Мурдагы президент Жейкоб Зуманын кызы Дудузиле Зума-Самбудла Дурбандагы партиянын баш кеңсесиндеги МКнын маалымат жыйынына катышты. / AFP

 

Түштүк Африканын мурдагы президенти Жейкоб Зуманын кызы Дудузиле Зума-Самбудла партиясынын билдирүүсүнө ылайык, Украинада Россиянын атынан согушуу үчүн 17 эркекти азгырды деген айыптоолордон улам парламенттен отставкага кетти.

Зума-Самбудла атасынын жетекчилигиндеги "Умхонто ве Сизве" (MK) оппозициялык партиясынын депутаты болгон. MK өкүлдөрү жума күнү анын өз каалоосу менен отставкага кеткенин жана Улуттук Парламенттен, ошондой эле башка бардык мамлекеттик кызматтардан дароо кеткенин билдиришти.

МК партиясынын улуттук уюштуруучусу Нати Нхлеко журналисттерре МКнын  эркектерди Россияга тартуу ишине тиешеси жок экенин жана Зума-Самбудланын кызматтан кеткени күнөөнү моюнга алууну билдирбестигин айтты; бирок МК бул эркектердин үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.

"Улуттук бийлик органдары жолдош Дудузиле Зума-Самбудланын отставкага кетүү чечимин кабыл алды жана бул жаш түштүк африкалыктардын үй-бүлөлөрүнө аман-эсен кайтып келүүсүн камсыз кылуу аракеттерин колдойт", - деди.

Зума-Самбудла маалымат жыйынына катышты, бирок сөз сүйлөгөн жок жана өгөй сиңдисинин айыптоолору боюнча коомчулук алдында жооп берген жок.

Түштүк Африка өкмөтү ушул айда жасаган билдирүүсүндө,  17 жарандын кирешелүү жумуш келишимдерине азгырылып, Украинанын Донбасс аймагына жалданма аскер катары согушууга жөнөтүлүп, ал жерде камалып калганын билдирди. Өкмөт аларды кайтарып келүү үчүн иштеп жатканын жана алардын ал жакка кантип барып калганын иликтеп жатканын белгиледи.

 Жекшемби күнү полиция өгөй сиңдисинин жана эки башка киши тууралуу териштирүнүн  ачылышы тууралуу расмий талабы боюнча Зума‑Самбудланы суракка алышарын билдирди.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги ушул айда жасаган билдирүүсүндө, Африканын отузга жакын өлкөсүнөн 1400дөн ашуун жарандын Украинада орус күчтөрү менен бирге согушуп жатканын айтып, өлкөлөрдү өз жарандарын аскердик жалдоого алуу боюнча эскертүүгө чакырган.

Иликте
Путин: "Киев, ички саясий абалдан улам кризисти чечүүгө даяр эмес"
Фидан: "Биз өз ара пайданын негизинде Корея менен стратегиялык өнөктөштүктү тереңдете беребиз"
Энергетика министрлиги 7 жылда жасалган инвестициялар менен 7,62 миллиард түрк лирасын үнөмдөдү
Трамп эгерде макулдашууга жетишилсе Ирандын Жогорку лидери менен жолугушат
Өкүлдөр палатасы АКШ-Израиль аскердик интеграциясын коргоо долбоорунан чыгаруу аракетин токтотту
АКШ Кубанын лидери Мигель Диас-Канелге каршы санкцияларды киргизди
Израилдин Бейрутка карата коркутуулары күчөгөн сайын Ирандан "ракеталарыбыз даяр" билдирүүсү
АКШнын Өкүлдөр палатасы мыйзам долбоорун кабыл алды
Зеленский Путинди Түркияны белгилеп, "бейтарап өлкөдө түз жолугушууга" чакырды
Делидеги өлүмгө алып келген өрттүн көмүскөдөгү баатырлары мусулмандар
ЕБ Арменияга 50 миллион евродон ашык колдоо берет
УКМ: Греция менен Түштүк Кипр грек администрациясынын куралдануу аракеттери тыкыр көзөмөлдөнүүдө
Газиантеп-Халеп саммити Түркия менен Сириянын ортосунда жаңы соода көпүрөсүн куруу максатын көздөйт
Стубб Европа Биримдигинин Түркия жана Канаданы кошкондо 40 мүчөгө чейин кеңейиши керектигин айтты
Министр Фидан түштүк кореялык кесиптеши менен жолугушту