ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Бомба соодасы : АКШ Израилдин Газадагы согушунан кандай пайда көрүп жатат?
Вашингтон 2023 – жылдын 7 -  октябрынан бери Тель Авивге 23 милиард долларлык жардам берди. Бул жардамдардын 80 пайызы Американын курал өндүрүүчүлөрүнө кайра кайтты.
00:00
Бомба соодасы : АКШ Израилдин Газадагы согушунан кандай пайда көрүп жатат?
F - 16 / Reuters
20 Февраль 2025

Браун университетинин Ватсон институтуна караштуу «Согуштук чыгымдар долбоору» жарыялаган  изилдөө отчетуна караганда бул аскердик жардамдын шарттары Израиль өкмөтүнүн акчанын чоң бир бөлүгүн Америка фирмаларынан курал сатып алуу үчүн колдонуусун талап кылууда. Бул шарт АКШдагы курал фирмаларына «үзгүлтүксүз кирешенин киришине» шарт түзүп, чакан жана орточо өлчөмдөгү Америка коомдорунда «туруктуу  өндүрүү иштеринин» жаратылышына да мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Изилдөөнү биргеликте жазган Гарвард университетинин профессору Линда Ж. Билмес : «Аскердик жардам программасы сатып алуунун көпчүлүгүнүн АКШ фирмаларынан жасалышын шарт кошууда. Бул көптөн бери  келе жаткан макулдашуу жана АКШ мындай жардамдарды жактап  муну ачыкча айтып жатат»,- деди.

АКШнын экономикалык кызыкчылыктары жана курал соодасы

Израиль АКШ фирмаларынан «минималдуу көзөмөл»  менен түздөн түз курал сатып алуусуна уруксат берилген аз сандагы өлкөлөрдүн бири. Билмес Байден башкаруусунун Израилге карата тышкы жардам чыгымдарын Американын экономикасында жумуш мүмкүнчүлүктөрүн жаратуу үчүн «ачыкча жактагандыгын» белгилейт.

АКШнын курал өндүрүүчүлөрү азайган курал жана ок  - дары запастарын «кайрадан камдоо» үчүн жумушчуларды жалдап жатат. Ак үй 2025 – жылдын бюджетинде Израилге карата чукул түдө коопсуздук муктаждыктарын камтыган  92 миллиард долларлык кошумча бюджет талабын : «Американын төрт тарабындагы  штаттарда жумуш мүмкүнчүлүктөрүн жаратуу жана улантуу» деген негиз менен жактады. Бул абал саясий жактан  да маанилүү. Демократтар быйылкы президенттик шайлоодо республикачылдардын талапкери Доналд Трамптын алдында кыйын бир жарышка кирди. Трамп "Байдендин тушундагы ийгиликсиз Америка экономикасын" жана иммиграциялык саясатты шайлоо кампаниясынын борборуна алып келди.

Курал өндүрүүчүлөрдүн ролу

Билместин изилдөөлөрүнө караганда Израилге курал жана  башка каражаттарды берген алты чоң фирма бар : Boeing, General Dynamics, Lockheed Martin, Northrop Grumman, RTX (мурдагы Raytheon) жана Caterpillar. Бул компаниялар Израиль менен "узак мөөнөттүү соода мамилелерин" улантууда жана Израиль алар үчүн  "маанилүү кардар" болуп саналат.

RTX (мурдагы Raytheon)

RTX – учуруу аянтчасынан чыккандан кийин багытын өзгөртө алган ракеталардын дүйнөдөгү эң ири өндүрүүчүсү.  Фирма Израилге Ф  - 16 аскердик учактары үчүн абадан кургактыкка атуучу ракеталар жана  Ф – 15  жана Ф – 16  учактары үчүн моторлорду сатууда. Өзгөчө Израилдин бир курал фирмасы менен биргелеше Рафаэль деген ат менен бир долбоорду жүргүзүүдө. Бул кыска аралыктуу ракеталарды токтотууну максат кылган Темир Купол абадан коргонуу системасы үчүн тосмолорду чыгарууда.

RTXтын рыноктук капиталы 2023-жылдын 7-октябрынан бери болжол менен 84 пайызга өстү.

Lockheed Martin

Дүйнөнүн эң ири курал өндүрүүчүсү болгон Lockheed Martin Израилге Ф – 16 жана  Ф – 35  аскердик учактарын берүүдө. Израиль бул учактарды Газаны бомбалоо үчүн «кеңири» колдонууда. Фирма өзгөчө Израилдин кургактык операцияларында колдонгон C-130 Hercules жүк ташуучу учактарын жана Apache тик учактары үчүн AGM-114 Hellfire ракеталарын өндүрүүдө.

Фирманын башкы директору Жим Тайклет 2023 -  жылы  октябрь айында инвесторлор менен өткөргөн жолугушууда Израилдин Газага карата согушунун «келечектеги кирешенин өсүшү үчүн потенциалдуу бир фактор» экендигин айткан.

Boeing

Дүйнөнүн төртүнчү чоң курал өндүрүүчүсү болгон Boeing Израилдин аба күчтөрү тарабынан Газа жана Ливандагы согуштарда колдонулган Ф – 15 аскердик учактары жана  Apache AH-64 чабуул коюучу  тик учактарын чыгарууда. Фирма согуштун башталышынан бери каржылык жактан калыбына келүү процессине кирди.

Башка пайдалануучулар

General Dynamics, Northrop Grumman жана Caterpillar сыяктуу фирмалар  да Израилдин согуш аракеттерине чоң салым кошушкан. Caterpillar  өзгөчө Израилдин Газадагы үйлөрдү кулатууда колдонулган брондолгон бульдозерлерди чыгарууда. Израилдин Газадагы үйлөрдү кулата баштагандан бери Caterpillarдын базар баасы 52 пайыздан ашык өстү.



Иликте
Фидан  Пакистандын премьер-министри Шариф менен жолугушту, күн тартибинде АКШ -  Иран орун алды
Эрдоган: "Тынчтык жана коопсуздук үчүн аймактык актерлор негизги ролду ойнойт"
Түркия менен Сомали президенттери энергетикалык кызматташтыкты жана аймактык маселелерди талкуулашты
Сирия күчтөрү АКШ аскерлери чыгып кеткенден кийин Хасакадагы "Касрак" аба базасына кирди
Кемелер АКШнын блокадасына карабастан Перс булуңуна кирүү үчүн жаңы багыттарды карап жатышат
ЭЭА: Европанын авиациялык күйүүчү майы 6 жумага гана жетиши мүмкүн
Польша Газадагы катаал мамиледен улам Израилди айыптады
Израиль Захрани дарыясынын түштүгүндөгү ливандыктарды аймактан чыгып кетүүнү эскертти
Орусиянын Украинага кол салуусунан үч адам каза болду
Пентагон Кубага ыктымалдуу операцияны пландаштырууну тездетүүдө
ФИФАнын төрагасы: Иран сөзсүз түрдө Дүйнөлүк чемпионатка катышат
Түркия парламентинин төрагасы Куртулмуш Израилдин БУУдагы мүчөлүгүн токтотууну талап кылды
Жакынкы Чыгыштагы согуш: энергетикалык зыян 58 млрд долларга жетиши мүмкүн
Иран Ормуз кысыгында АКШ блокадасы улантыла турган болсо Кызыл деңизди жабуу менен коркутту
Зеленский: АКШ Иран согушунан улам Украинага убакыт бөлө албай жатат