Түркия аймактык кагылышуудан улам Жакынкы Чыгыштагы айрым өлкөлөргө учууга тыюу салууларды узартты
Анкара аймактык аба мейкиндигинин жабылышына байланыштуу Иранга, Иракка, Сирияга, Ливанга жана Иорданияга каттамдарды токтотууну 9-мартка чейин узартты.
Түркия Республикасынын Транспорт министри Иран, АКШ жана Израилдин ортосунда уланып жаткан кагылышууларга байланыштуу коопсуздук коркунучтарынын күчөшүнөн улам Жакынкы Чыгыштын айрым багыттарына карата каттамдардын 9-мартка чейин токтотулганын билдирди.
Абдүлкадир Уралоглу жума күнү Түркиянын социалдык медиа платформасы Nsosyalда берген билдирүүсүндө аймактык аба мейкиндигиндеги кырдаалдын тыкыр көзөмөлдө экенин айтып, Иран, Израиль, Ирак, Катар, Бахрейн, Кувейт жана Сирияда (Халебден тышкары) аба мейкиндигин жабуу уланып жатканын белгиледи.
Министр Оман, Иордания жана Сауд Арабиясында каттамдардын жарым-жартылай иштеп жатканын, Бириккен Араб Эмирликтеринде аба каттамдары чектелген тартипте жана катуу көзөмөл астында ишке ашырылып жатканын айтты.
Транспорт министри коопсуздук маселелеринен улам түрк авиакомпаниялары буга чейин Иранга, Иракка, Сирияга, Ливанга жана Иорданияга каттамдарын 6-мартка чейин токтотконун бирок, 6 – марттан тарта Түрк аба жолдору (THY), AJet, Pegasus жана SunExpress авиакомпанияларынын Иранга, Иракка, Сирияга, Ливанга жана Иорданияга карата каттамдары 9-марттын аягына чейин токтотулду.
Уралоглу: «Андан тышкары, Pegasus аба жолдору 12-мартка чейинки Иран каттамдарын, ал эми Түрк аба жолдору 20-мартка чейинки каттамдарын графиктен чыгарды», - деди.
Министр аба мейкиндиктериндеги кырдаалга байланыштуу күнүмдүк баа берүүлөрдүн алкагында Катар, Кувейт, Бахрейн жана БАЭге каттамдар жума күнү ишке ашпай турганын билдирип: «Стамбул аэропортунда 4, Мугла Даламан аэропортунда 2 жана Анкара Эсенбога аэропортунда 1 Ирак авиакомпаниясынын учагы турат. Жалпысынан 7 учактын аэропорттордо туруусу боюнча маселе тиешелүү бөлүмдөр менен координацияланган түрдө көзөмөлгө алынууда",- деди.
Уралоглу Тегеран аэропортунда Түрк аба жолдоруна (THY) жана Pegasus авиакомпаниясына таандык эки учак, ал эми Иракта «Tailwind Airlines» компаниясынан ижарага алынган бир учак бар экенин белгиледи.
Бир тараптан министр Нахчыван эл аралык аэропортундагы дрон окуясынан кийин Азербайжан аба жолдоруна таандык эки жүргүнчү ташуучу учак багытын өзгөртүп, Ыгдырдагы Шейит Бүлент Айдын аэропортуна конгонун, жүргүнчүлөрдүн ал жерден коопсуз түрдө кургактык аркылуу Нахчыванга жеткирилгенин айтты.
Уралоглу: «Аймактагы кырдаал тиешелүү түзүмдөрүбүз тарабынан тыкыр көзөмөлдөнүүдө. Ошондой эле аба мейкиндигинде жана аэропорттордо болушу ыктымал болгон өзгөрүүлөргө ылайык, тиешелүү бөлүмдөр менен координациялуу түрдө иштер улантылууда», — деди.