ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Украинанын президенти Зеленский Европанын сүйлөшүүлөргө катышуусу керектигин билдирди
Украинанын президенти Владимир Зеленский согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө Европанын сөзсүз катышуусу керектигин айтты.
Украинанын президенти Зеленский Европанын сүйлөшүүлөргө катышуусу керектигин билдирди
Украинанын президенти Владимир Зеленский

Зеленский Эстониянын борбору Таллинде президент Алар Карис менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Орусия-Украина согушун токтотуу аракеттерине байланыштуу Зеленский кечээ АКШнын президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Виткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн эске салды.

Жолугушууда согушту токтотуу үчүн керектүү сүйлөшүүлөрдү талкуулагандарын айткан Зеленский, Европанын да процесске эффективдүү катышуусу керектигин баса белгиледи.

Зеленский: «Европанын бул сүйлөшүүлөрдө реалдуу жана күчтүү үн менен чечим кабыл алуу процесстерине катышуусу зарыл. Америка дипломатиялык процесстерге активдүү катышууга даяр»,-деди.

Согушта ок атышпоонун камсыздалышы үчүн Орусия, Украина, АКШ жана Европанын лидерлер деңгээлинде сүйлөшүүсү керектигин айткан Зеленский : "Эмне үчүн Европа? Себеби биз Европадабыз, бул жооп. Анткени бул биздин жер, бул биздин континент, кандай болгон күндө да эртең коопсуз жашоо болушуна кепилдик беришибиз керек",-деген пикирин бөлүштү.

Францияда өтө турган Чоң жетиликтин саммити менен Түркияда өтө турган НАТО саммитинин да Украина үчүн маанилүү экенине көңүл бурган Зеленский: “Үстүбүздөгү жылдын июнь жана июль айлары көп нерсени аныктай алат”,-деди.

Иликте
Канкор Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 74 миң 377ге жетти
Израилдик баскынчылар Батыш Шериада палестиналыктар жыйнаган зайтундарды уурдап кетишти
Эрдогандын "Түрк дүйнөсүнө" байланыштуу билдирүүсү
Эр-Рияд аэропортуна кол салуудан 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алды
ASELSAN ГӨКАЛП системасын таанытты
АКШдагы куралдуу кол салуудан тогуз адам каза болду
Түркиянын Футбол Федерациясы Монтеллага ыраазычылык билдирди
Кремль: "Путин Ирандын кагылышууну чечүү сунушун Трампка билдирди"
Түркия 15 жашка чейинки балдардын социалдык медиа колдонууcуна тыюу салды
Батыш Шериада каза болгон америкалыктар тууралуу маалымат Израилди коргоо максатында жашырылууда
Россия Одесса портуна аскердик жүк ташып бараткан жүк ташуучу кемеге сокку урганын жарыялады
2026 Нобель тынчтык сыйлыгы Нави Пиллайга эл аралык укук боюнча эмгеги үчүн берилди
Трамп Нобель тынчтык сыйлыгы тууралуу чечимди "уят" деп мүнөздөдү
Трамп администрациясынын мигранттарды АКШдан кемелер менен депортациялоону карап жатканы билдирилди
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат