ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Израилдин чектөөлөрүнөн улам Газада ден соолукка байланыштуу коркунучтар көбөйүүдө
Басма сөз катчы: "Газага кеңири түрдөгү маанилүү товарларды киргизүүгө уруксат берилиши керек; бюрократиялык тоскоолдуктар азайтылып, жүк ташуу үчүн көбүрөөк чек ара өтмөктөрү ачылышы керек", - деп билдирди.
Израилдин чектөөлөрүнөн улам Газада ден соолукка байланыштуу коркунучтар көбөйүүдө
Газа

Бириккен Улуттар Уюму Израиль тарабынан киргизилген чектөөлөрдөн улам катуу таштандыларды чогултуудагы үзгүлтүктөрдүн натыйжасында Газада коомдук саламаттыкка байланыштуу коркунучтар көбөйүп жатканын эскертти.

Басма сөз катчы Стефан Дюжаррик шейшемби күнү өткөргөн маалымат жыйынында: "Катуу таштандыларды чогултууга колдоо көрсөткөн өнөктөштөрүбүз унаалардын жарымы гана иштеп жатканын эскертишүүдө. Себеби Израиль унаалардын иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон мотор майын жана запастык тетиктерди киргизүүгө тынымсыз чектөөлөрдү киргизип жатат. Натыйжада калдыктардын бир бөлүгү гана чогултулгандыктан, коомдук саламаттыкка байланыштуу коркунучтар көбөйүүдө", - деди.

"Газага кеңири түрдөгү маанилүү материалдарды киргизүүгө уруксат берилиши керек; бюрократиялык тоскоолдуктар азайтылып, жүк ташуу үчүн көбүрөөк чек ара өтмөктөрү ачылышы керек", - деген Дюжаррик, "Адамдар катаал жер которуу шарттарында төртүнчү кышты башынан өткөрүп жаткандыктан, гуманитардык жардамды каржылоо да абдан маанилүү", - деп кошумчалады.

Израиль АКШнын колдоосу менен 2023-жылдын октябрь айында баштаган геноциддик согуш 74 000ден ашуун адамдын өмүрүн алып, 175 000ден ашуун адамды жарадар кылды; жарандык инфраструктуранын 90% талкаланды.

2025-жылдын 10-октябрынан бери күчүндө болгон ок атышууну токтотуу келишимине карабастан Израиль палестиналыктарды бомбалап, ок чыгарып, палестиналык имараттарды талкалап, кыйратууну кеңейтүүнү улантууда.

Иликте
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады