2024: Газадан Украинага жана андан ары, согуштардын жылы болду

2024-жыл, 2023-жылга салыштырмалуу өлүмдөрдө 30% көтөрүлүү менен көптөгөн аймактарда кагылышуулардын күчөгөн жылы болду.

2024-жыл 2023-жылга салыштырмалуу согуш көп жыл болду / AP

Жыл аягында Израилдин Газа жана басып алынган Батыш Шериада палестиналыктарга каршы катуу кол салуулары уланууда. Ал арада Украина менен Орусиянын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу мындай турсун, ок атышууну токтотуунун белгилери байкала элек.

 Газада жана басып алынган Батыш Шериада кан төгүүлөр болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. 2024-жылы 35.000ден ашуун палестиналык каза болду, натыйжада Израилдин басып алуусу жана сионисттик агрессиясынын 1948-жылы башталгандан берки эң кандуу жыл болду. Украина болсо тарыхтын эң кандуу барактарынан бирин башынан өткөрдү, эки тараптан тең 67 миң адам каза болду.

 Ливанда Хизбулла менен Израилдин ортосунда ноябрдын аягында башталган 60 күндүк ок атышпоо келишими күчүндө. Бирок жыл бою дээрлик 4000 ливандык каза болду жана Нетаньяхунун өкмөтү ок атышпоо келишимин ар кандай шылтоолор менен бир нече жолу бузду.

 Сирияда  2024-жылдын ноябрь айынын соңунда күтүлбөгөн жерден каршылык күчтөрү 11 күндүк кыска, бирок интенсивдүү демилге менен Асаддын режимин кулатып, таң калтырган процесске кирди. Ал убактан бери, узак мөөнөттүү Баас басымдарына карабастан, өлкө кереметтүү түрдө тынчтыкты сактап келүүдө.

 2024-жыл жалпысынан кандуу бир жыл катары тарыхка жазылып калды жана Куралдуу Кагылышуу Абалы жана Окуялар боюнча Маалыматтар (ACLED) долбоорунун маалыматы боюнча жалпысынан 233 миң адам каза болду. Бул сан өткөн жылга салыштырмалуу 30% га көбөйгөнүн билдирет. 2019-жылдан бери зомбулук аракеттери эки эсе көбөйдү жана дүйнөдө сегиз кишиден бири кагылышууларга дуушар болгон. ACLEDдин маалыматтары боюнча, бул зомбулуктун эң күчтүү орун алган жери Палестина болду.

Газа чабуулу

2024-жыл Палестина элинин азап-кайгысынын эң коркунучтуу бөлүмү катары тарыхка кирди, сионисттик зулумдардын жана кыргындардын бир кылымдан ашык тарыхы көлөкөдө калды. Бул токтобогон зомбулук абалында, ХАМАС жана Израилдин ортосунда тынчтык келишимин орнотуу үчүн эки тараптын Катардагы сүйлөшүүлөргө катышуусу үмүт чырагын жага алгандай болду. Өткөн аптада Израилдин Коргоо министри Иcраэль Кац сүйлөшүүлөрдүн учурдагы этабын 2023-жылдын ноябрында 100дөн ашуун израилдик барымтадагы палестиналык туткундарга алмаштырылган келишимден берки «биз барымта келишимине эң жакындаган учур» деп мүнөздөдү.

Бул окуяларга карабастан, талдоочулар Израилдин Газадагы оккупациясынын бүтөөрүнөн күмөн санашууда. «Нью-Йорк таймс» гезитинин жакында жарыялаган кабарына караганда, Израиль Жер Ортолук деңизинин бул аймагында 19 согуштук базаны түзгөн. Мындан тышкары Израилдик күчтөр Газанын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн эффективдүү түрдө бөлүп, борбордо чоң аскердик түзүлүштү түптөшкөн.

Палестиналык профессор, жазуучу жана саясий серепчи Камел Хаваш Израилдин аскерий катышуусун кеңейтүүнү «узак басып алуунун» белгиси катары чечмелейт. «Израиль Газанын эч бир бөлүгүн калтырбайт, анткени аларды ал жерден ким чыгарат?», - деп  АКШ жана Батыштын Тель-Авивге көрсөткөн колдоосуна көңүлдөрдү бурду.

Октябрь айынан кийин дароо Израилдин лидерлери палестиналыктарды Газадан толугу менен чыгарууну максат кылган билдирүүлөрүн жасашты. Хаваш азыркы операцияны толугу менен жок кылуу аракети катары мүнөздөөдөн тартынууда, ошентсе да  Израилдин АКШ жана Улуу Британиядан алган колдоо менен “баарын кыла аларын тез түшүндү" деп билдирүүдө. 2023-жылдын октябрынан бери Израилдин чабуулдарынан 45 миңден ашуун палестиналык, анын ичинде 14 миң 500 бала набыт болду жана 106 миңден ашуун адам жараат алды. ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэтрин Рассел социалдык тармактагы билдирүүсүндө: «Газадагы 1,1 миллион баланын баары тез арада коргоого жана психикалык жактан колдоого муктаж», - деди.

Украина согушу

 2024-жыл Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалдын өтө кандуу мезгилине күбө болду. Орус күчтөрү Киевге үстөмдүгүн көрсөтүп Украинанын чыгышында олуттуу жылыштарга жетишип жатканда, Владимир Зеленскийдин өкмөтү Москванын катуу чабуулдарына жооп катары күтүүсүз каршы чабуулга өтүп, Орусиянын Курск чөлкөмүнүн бир бөлүгүн басып алды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылы Москванын күчтөрү Украинанын жалпысынан 4500 чарчы километрге жакын жерин басып алып, күнүнө орто эсеп менен 30 чарчы километр алдыга жылган. Жакында эле орусиялык күчтөр Украинанын чыгышындагы стратегиялык маанидеги Покровск шаарына жакындап, маанилүү аймактарга көзөмөлдү күчөтүштү.

 Өткөн аптада Москвада укмуштуудай окуя болду. Кремлдин жанындагы жарылуудан Орусиянын радиологиялык, химиялык жана биологиялык бөлүмүн жетектеген орусиялык улук генерал Игорь Кириллов набыт болду. Бул чабуул үчүн жоопкерчиликти Украина өзүнө алды.

Орусиялык саясат таануучу, Владимир Путиндин мурдагы кеңешчиси Сергей Марковдун айтымында, Кирилловду Украина эле эмес, АКШ да бутага алган. Марков TRT World телеканалына берген маегинде Кирилловдун АКШнын Украинадагы химиялык жана биологиялык аракеттерине каршы жүргүзгөн кампаниясына көңүлдөрдү буруп: «Бул америкалыктардын ага каршы өчү болду»,- деди.

2022-жылы сүйлөгөн сөзүндө Кириллов Пентагондун Украинадагы ишмердүүлүгүн «мыйзамсыз аскердик жана биологиялык изилдөөлөр үчүн фронт” деп сыпаттады жана АКШнын Демократиялык партиясынын мүчөлөрүн Украинадагы биологиялык курал боюнча иш-аракеттерди каржылап жатат деп айыптады. Кириллов Хантер Байдендин инвестициялык фонду тарабынан колдоого алынган Метабиота деп аталган Пентагондун подрядчысына шилтеме жасап: “Бул Пентагондун негизги подрядчыларынын бири”,- деди.

Украина Кирилловду өз калкына каршы химиялык курал колдонгон деп айыптады.

 2024-жылы Украинанын Курск облусуна каршы ири чек ара операциясы да өттү. The Wall Street Journal бул операцияны "Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки орус аймагына биринчи чет элдик баскынчылык" деп мүнөздөдү. Операция Киевдин каршылык көрсөтүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү жана Батыштын аскердик колдоосун улантуу зарылдыгын көрсөтүү үчүн жасалды.

Тарыхый көз караштан алганда, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында нацисттик Германия менен Советтер Союзунун ортосундагы эң чоң бронетранспорттук салгылашуу болгон Курск 2024-жылы дагы бир жолу символикалык согуш талаасына айланган. Бул операция менен Зеленский өкмөтү НАТО өлкөлөрүнө ачык билдирүү жөнөтүп: Украина туруктуулугун көрсөтүүнү улантууда жана куралдуу колдоону көбөйтүүгө татыктуу экенин билдирди.

Израилдин Ливанга кол салуулары

Быйыл Израилдин агрессиясы Газа менен чектелбестен, коңшулаш Ливанга да жайылды. Ливан Тель-Авивдин ондогон жылдар бою басып алууларынан жана чек арадагы чабуулдарынан жапа чегип келет.

Израилдин Ливанга кол салуулары сентябрда башталган. Израиль жардыргыч түзүлүштөрдү жана радиолорду жашыруун тактика катары колдонуп, көптөгөн адамдарды өлтүрүп, миңдеген адамдарды жарадар кылды. Өткөн айда премьер-министр Биньямин Нетаньяху кандуу кол салуулардын артында Израиль турганын мойнуна алган.

Сентябрдын аягында Израиль Ливандагы Хизбулланын лидерлерин жана жогорку даражалуу саясий ишмерлерин бутага алган аба соккуларын баштаган. Бул чабуулдарда “Хизбулланын” көп жылдык лидери Хасан Насралла Израилдин соккусунан каза болгон. Насралланын мураскору деп күтүлгөн “Хизбулланын” лидери Хашим Сафи ад-Дин да октябрдын башында өлтүрүлгөн.

Октябрда Израилдин кургактагы аскерлери Ливанга кирди. Бул Израилдин 2006-жылдагы Хизбулла-Тель-Авив аскердик кагылышуусунан берки Ливанга кургактагы биринчи чабуулу болду жана Израилдин Жер Ортолук деңизинин чыгышындагы чакан мамлекетке алтынчы басып кириши болду. Израилдин басып алуусу жана кол салуулары миңдеген ливандыктардын өлүмү жана 16 миңден ашуун кишинин жаралануусу менен жыйынтыкталды.

27-ноябрда “Хизбулла” менен Израиль ок атышпоо келишимине жетишип, анда эки тарап тең өздөрүн жеңүүчү деп жарыялашкан. Бирок, Ливандын бийликтеринин айтымында, израилдик күчтөр бул назик ок атышпоо келишимин 200дөн ашык жолу бузган.

Асад режиминин акыры

 2024-жыл, жыл бою уланган кандуу кагылышууларга карабастан, Сириядагы Баас режиминин жана Башар Асаддын бийлигинин кулашына алып келди. Асаддын режими 13 жылдык ырайымсыз жарандык согушта репрессиялар жана зордук-зомбулуктар аркылуу 500 миңден ашуун адамдын өлүмүнө жана өлкөнүн калкынын дээрлик жарымынын жер которуусуна себеп болду.

2011-жылы Араб жазы менен башталган узак жарандык согушта Орусия жана Иран колдогон Асаддын режимине каршы күрөшкөн куралдуу оппозиция эч качан толугу менен жеңишин жарыялай элек болчу. Анын ордуна алар режимдин чабуулдарынан качып, Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясына чегинишкен.

Ноябрдын аягында Хаят Тахрир аш-Шам (ХТШ) башында турган оппозициялык топтор күтүүсүз чабуул менен режимге каршы бириге баштаган. Сириянын түндүгүндө ылдам илгерилеген бул операция өлкөнүн эң чоң жана тарыхый шаарларынын бири болгон Халептин алынышы менен жыйынтыкталды. Андан кийин узак убакыттан бери режимге каршы маанайдын чеби болгон Хама шаары да оппозициянын көзөмөлүнө өттү. Хама 1960-жылдардан бери Асаддын үй-бүлөсүнүн зулум бийлигинин бутасы болуп келген.

 Жарандык согуш учурунда оппозициянын көзөмөлүнө алынбаган Халеп жана Хама сыяктуу шаарлардын тездик менен алынышы Асад режиминин кулашынан кабар берди. 8-декабрда оппозициячыл топтор эч кандай каршылыкка туш болбостон Сириянын байыркы борбору Дамаскка киришти. Режимдин армиясы жок болуп, Башар Асад үй-бүлөсү менен Москвага качкан.

Режим кулагандан кийин оппозициялык топтор убактылуу өкмөттү түзүшкөн. Бул өкмөттү жаңы премьер-министр Мухаммед аль-Башир жана ХТШнын лидери Ахмед аш-Шара башкарган. Азырынча өткөөл мезгил негизинен тынчтык жолу менен өтүп, согуштан чарчаган мамлекетке үмүттүн шооласын тартуулады.

Дараа шаарында жашаган сириялык журналист Омар ал-Харири TRT World телеканалына: «Бул дүйнө жүзүндөгү бардык эзилген адамдарга жана революциячыларга: «Чындык жеңет жана бардык адилетсиздиктерге жана кан төгүүгө карабастан жеңишке жетет», - деди.

Башка чыр-чатактар: Судан жана Мьянма

 Сириядагы кандуу жарандык согуш 2024-жылга чейин аяктаганына карабастан, дүйнө жүзү боюнча көп жоготууларга алып келген башка чыр-чатактар ​​чечиле элек.

 Судан 20 айга созулган жарандык согуш менен дүйнөдөгү эң чоң жер которгон кризистердин бирин башынан өткөрүүдө. Судандагы аскерий күчтөр менен жарым аскерлештирилген топтун ортосундагы бул кагылышуу өлкөнүн калкынын 30%ын үй-жайынан көчүүгө аргасыз кылды. Кошумчалай кетсек, күчөгөн ачарчылык кризистери миллиондогон адамдарга таасир этсе, жаңжалдар 24 000ден ашуун адамдын өлүмүнө алып келди.

Мьянма жылды аскердик хунтанын бийлиги астында күчөгөн зордук-зомбулук менен аяктады. Аскердик режим менен өкмөткө каршы күчтөрдүн ортосундагы кагылышуулар күчөп жаткандыктан, Эл аралык Кылмыш Соту өлкөнүн башкы аскер башчысын камакка алууга ордер чыгарды. Бирок, бул кадам өлкөдөгү чыңалууну басаңдатуудан алыс болуп, чыр-чатакты ого бетер күчөттү.