ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израилдин Ливандагы аба соккуларынан 12 адам каза болду, чек арадагы чыңалуу уланууда
Израилдин аба соккулары Ливандын түштүгүндөгү жана түндүгүндөгү турак жай имараттарын жана эки унааны бутага алды.
Израилдин Ливандагы аба соккуларынан 12 адам каза болду, чек арадагы чыңалуу уланууда
Бейруттун түштүк чет жакаларында Израилдин соккусунан кийин түтүн көтөрүлүүдө, Ливанда Хизболла менен Израилдин ортосундагы кырдаалдын курчушунун артынан, 2026-жылдын 5-марты. / Reuters
6 Март 2026

Ливан жетекчилери менен маалымат каражаттары бейшемби күнү эртең менен Израилдин аба соккулары Ливанда кеминде 12 адамдын өмүрүн алып, өлкөнүн түштүгүндөгү жана түндүгүндөгү эки унааны жана турак жайларды бутага алганын билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Ливандын чыгышында Захле аймагындагы унаага жасалган Израилдин дрондук соккусунан эки адам каза болуп, эки кишинин жаракат алганын жарыялады.

Мамлекеттик NNA маалымат агенттигинин билдиришинче, Израилге таандык учкучсуз учуучу аппарат Ливандын түштүгүндөгү Тири районуна караштуу Калаила шаарчасынын жанындагы Тири-Накура жолунда бир унаага кол салып, үч адамдын өлүмүнө себеп болду.

Агенттик ошондой эле таңга маал Израилдин дагы бир аба соккусу түштүктөгү Набатия провинциясындагы Кфур шаарындагы бир үйдү бутага алганын билдирди. Бул чабуулда шаардын мэри жана  аялы каза болду.

 Агенттик куткаруу топтору урандылардын астынан сөөктөрдү алып чыгуу үчүн иштеп жатканын кошумчалады.

NNA Израилдин дагы бир чабуулунда Триполинин түндүгүндөгү Беддави качкындар лагеринде ХАМАСтын мүчөсү жана аялы каза болгонун билдирди. Үй-бүлөнүн бир кызы жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Агенттиктин маалыматы боюнча, аскердик учактар ​​Ливандын түштүгүндөгү Маржаюн аймагындагы Кабрика шаарына абадан сокку уруп, бир адам, аялы жана уулу каза болгон.

Израилдин башка бир абадан чабуулунда  Тирдеги Шабия шаарчасында  бир үйдү аткылады бирок кза болгондор тууралуу кенен маалымат жок.

Ливандагы кырдаал  дүйшөмбү күнү Хизбулланын  Израилдин уланып жаткан аба соккуларына жана Ирандын диний лидери Али Хаменеинин өлүмүнө алып келген АКШ менен Израилдин чабуулу үчүн өч алуу максатында Израилдин түндүгүндөгү аскердик объектти ракета жана дрондор менен бутага алгандан кийин курчуду.

 Израилдин аскерлери бир катар аба соккулары менен жооп кайтарып, кеминде 72 адам каза болуп, болжол менен 450 адам жаракат алган. Аскерлер ошондой эле Ливандын түштүгүнө кургактыктан операция баштады.

Израиль 2024-жылдын ноябрында Ливан менен кол коюлган ок атышпоо келишимин бир нече жолу бузуп, дээрлик күн сайын жасалган чабуулдарда жүздөгөн адамдардын өлүмүнө жана жаракат алуусуна алып келген.

Израиль Ливанга каршы чабуулун 2023-жылдын октябрында баштаган, 2024-жылдын сентябрында толук масштабдуу согушка айланып, 4000ден ашык адамдын өлүмүнө жана болжол менен 17 000 адамдын жаракат алышына себеп болгон.

Иликте
Трамптын сынынан кийин Рим Папасы согушка каршы сөздөрүн улантаарына убада берди
АКШнын санкцияларына кабылган кытайлык танкер Ормуз кысыгы блокадасын бузуп өттү
Иран беш Араб өлкөсүн айыптады: "АКШ жана Израиль менен кызматташтыңар, кун төлөгүлө!
Израиль Түштүк Ливанда узак мөөнөттүү аскердик оккупациялоону сунуштады
Кытай Иранга курал-жарак өткөрүүнү пландап жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты
Иран Ормуз кысыгындагы чыңалуудан улам Перс булуңундагы порттор коопсуз болбой турганын айтты
Судандагы ачкачылык кризиси тереңдеп жатат
Канцлер Мерц Нетаньяхуну Батыш Шериа темасында эскертти
Исламабадда өзөктүк соодалашуу: Ирандан 5 жылга тоңдуруу сунушу, АКШ 20 жылга чейин талап кылууда
Вэнс: Пакистандагы Иран тууралуу сүйлөшүүлөрдө "чоң ийгиликтерге" жетишилди
Украина менен Россия Пасхадан кийин дрон чабуулдарын кайра баштады
Европа Биримдиги Иран согушунан улам энергетикалык бааларды координациялоого чакырууда
Түштүк Корея менен Польша коргонуу жаатындагы байланыштарын тереңдетүүдө
Иран менен АКШ сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганга чейин келишимге жетишүү алдында турган
Орусия менен Украинанын ортосунда Пасхага карата ок атышпоо аяктады
АКШнын вице-президенти Вэнс АКШ-Ирандын маанилүү сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн Пакистанга барды
АКШнын Жакынкы Чыгыш согушунда Иранга каршы дрон жоготуулары көбөйүүдө
Израиль Иранга каршы согушунда 10 800 абадан сокку урганын билдирди
Израиль Газада ок атышууну бузуп, текшерүү пунктунда кеминде 6 адамды өлтүрдү
Мусулмандар бир нече аптадан кийин кайра ачылган Аль-Акса мечитинде жума намазын окушту