ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Сирия АКШнын санкцияларын толугу менен жоюну калаап, карызды реструктуризациялоону баштайт
Сирия өкмөтү жаңы валютаны жүгүртүүгө киргизүүнү жана көп жылдык кагылышуулардан кийин экономиканы турукташтыруу үчүн мамлекеттик карызды реструктуризациялоону пландоодо.
Сирия АКШнын санкцияларын толугу менен жоюну калаап, карызды реструктуризациялоону баштайт
Сирия фунту 2011-жылы согуш башталгандан бери өз наркынын 99 пайыздан ашыгын жоготту. / Сүрөт: AP / AP

Сириянын экономика министри Мохаммад Нидал аш-Шаар Reuters агенттигине Сириянын АКШнын санкцияларынын жакынкы айларда расмий түрдө жоюларын күтүп жатканын жана карыздарын реструктуризациялоо процессин баштаганын айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамп май айында Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа менен жолуккандан кийин санкциялардын көбүн жоюу чечимин чыгарган. Бирок, 2019-жылы кабыл алынган Цезарь Сириянын жарандык коргоо актысы өлкөдө АКШнын мыйзамы катары күчүндө.

Эш-Шаар Лондондогу конференцияда сөз сүйлөп: "Туура багытта башталган бул жолдо алдыга жылуу үчүн бир аз аракет кылып, лобби кылышыбыз керек. Жылдын аягына чейин мыйзам долбоору президентке жетип, кол коюлушун күтүп жатабыз. Бул ишке ашканда, биз санкциялардан толугу менен кутулабыз", - деди.

Министр ошондой эле өкмөттүн келерки жылдын башында жаңы валютаны киргизүүнү пландап жатканын белгиледи.

Эш - Шаар:"Биз көптөгөн институттар, эл аралык уюмдар жана эксперттер менен кеңешип жатабыз жана бул жакында ишке ашат",- деди.

Жаңы банкноттор

Август айында айрым маалымат булактары Сириянын декабрь айында жаңы банкнотторду чыгара турганын жана валютадан эки нөлдү алып салуу менен олуттуу девальвацияланган сириялык фунтка элдин ишенимин калыбына келтирүүгө аракет кылаарын билдиришкен.

Сирия фунту 2011-жылы согуш башталгандан бери 99 пайыздан ашуун нарк жоготту. Согуштан мурун 50 фунт болгон валюта курсу учурда АКШ долларына карата 10 миң фунттун тегерегинде. Бирок, ал жалпысынан акыркы айларда туруктуу бойдон калды.

Өкмөттүн бул кадамы 14 жылдык кагылышуудан кийин сатып алуу жөндөмдүүлүгү рекорддук деңгээлге түшүп кеткен Сирия фунтун бекемдөөнү көздөйт. Кагылышуулар декабрь айында Башар Асаддын бийликтен кетиши менен аяктаган.

Өлкөнүн карыз жүгүн реструктуризациялоо пландары тууралуу суроого жооп берген Эш -Шаар бул процесстин башталганын айтты.

Министр: «Негизинен көп болбогон мамлекеттик карызыбыз реструктуризацияланат, Сирия төлөмдөрдү кийинкиге калтырууну жана башка ушул сыяктуу жеңилдиктерди талап кылат»,-деди.

Калыбына келтирүү чыгымдары

Дүйнөлүк банк шейшембиде жарыяланган отчетунда Сирияны калыбына келтирүүгө кеткен чыгымды 216 миллиард доллар деп болжолдоп, бул көрсөткүчтүн “мүмкүн болгон эң жакшы баа” экенин белгиледи.

Отчетто бул чыгымдын көбү "инфраструктурага, турак жайларга жана коммерциялык эмес имараттарга түз физикалык зыян келтирүүдөн" келип чыкканы айтылды.

Эш-Шаар эгер реконструкциялоо аракеттери өлкөнүн инфраструктурасын модернизациялай тургандай жүргүзүлсө, бул сумма 1 триллион доллардан ашышы мүмкүн экенин, бирок мунун узак убакытка созуларын айтты.

Иликте
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди