ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Бангладеш соту премьер - министр Хасинаны айыптуу деп тапты
Бириккен Улуттар Уюмунун отчетна караганда 2024-жылдын июль жана август айларында болгон башаламандыктарда 1400гө жакын адам өлтүрүлдү, алардын 12 пайызын балдар түзгөн.
Бангладеш соту премьер  - министр Хасинаны айыптуу деп тапты
/ AP

Бангладештин кызматтан алынган премьер-министри Шейх Хасина өткөн жылы жүздөгөн студент каза болгон массалык көтөрүлүшкө байланыштуу адамзатка каршы кылмыштарды жасоо менен айыпталып, атайын сот тарабынан айыптоо корутундусуна киргизилди.

Голам Мортуза Мозумдер жетекчилигиндеги үч адамдан турган делегация бейшемби күнү Хасина, мурунку Ички иштер министри Асадуззаман Хан жана мурунку полиция башчысы Чоудхури Абдулла Ал-Мамунду беш түрдүү кылмыш менен айыптады.

Айыпталуучулардан Хасина менен Хан учурда Индияда жүргөнү айтылууда, ал эми мурдагы полиция башчысы Мамундун камакта экени билдирилди.

Айыпталуучулардын өз адвокаттары сотко катышкан жок; алардын ордуна өкмөт тарабынан дайындалган адвокаттар алардын кызыкчылыгын коргоду.

Мурунку полиция башчысы төңкөрүш учурунда адамзатка каршы жасалган кылмыштарга тиешеси бар экенин мойнуна алды жана учурда сотто айыптоочу тараптын күбөсү катары көрсөтмө берүүдө.

Күч колдонуу маселеси

Буга чейин, 1-июнда сот бийликтен кулатылган лидердин июль айындагы массалык киши өлтүрүүлөргө тиешеси бар делген айыптарды расмий түрдө кабыл алган.

БУУнун адам укуктары боюнча кеңсесинин отчетуна ылайык, 2024-жылдын июль жана август айларындагы баш аламандыктарда 1400гө чейин адам каза болгон, алардын 12 пайызын балдар түзгөн.

Акыркы мезгилде жүргүзүлгөн медиа иликтөөсү Хасинаны көтөрүлүш учурунда өлүмгө алып келген күч колдонууга тиешеси бар экенин аныктап, аны Индиядан экстрадициялоо чакырыктарын күчөттү.

Хасина өкмөттүн 5-августта кулатылышынан бери Индияда жүрөт. Нобель сыйлыгынын лауреаты Мухаммад Юнус кийинчерээк убактылуу өкмөт түзүп, Хасинанын кайтарылышын расмий түрдө талап кылган. Бирок Делиден бул боюнча оң жооп келе элек.

Иликте
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди
Украина: Россиянын көмүскө флотуна таандык 14 кемеге чабуул койдук
Министр Фидан Парижде өтө турган "Украина" саммитине катышат
Президент Эрдоган Катар эмири үчүн көңүл айтты
Киев жаңы ракеталык чабуулдарга учурап, Россиянын Украинадагы чабуулдарынан 8 адам каза болду
Түркия Венесуэлага 30 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Түркия Ливандын коопсуздугун колдоону улантарын  билдирди
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту