Британия АКШнын президенти Дональд Трамптын расмий сапарынан кийин бул жуманын акырында Палестина мамлекетин расмий түрдө тааныйт. The i Paper гезитинин өкмөт булактарына таянып берген кабарына караганда бул чечим чыгарылат.
Июль айында премьер-министр Киир Стармер Израилдин Газадагы гуманитардык абалды карап чыгуу жана ок атышпоо боюнча келишим түзүү үчүн “маанилүү” кадамдарды” таштабаса БУУнун Башкы ассамблеясында сентябрь айында Палестина мамлекетин тааный тургандарын билдирген.
Малыматка ылайык, бул билдирүүнүн Трамп Британиядан кеткенден кийинкиге калтырылышынын себеби : “Трамп жана тышкы иштер министри марко Рубионкн Газадагы Израилдин кургактык операциясына күчтүү колдоо беришинен кийин Вашингтион менен чыңалууну күчөтүү коркунучун алдын алуу”,- деп белгиленди.
Премьер-министрдин басма сөз катчысы бул таануу эки мамлекеттүү чечимдин мүмкүнчүлүгүн коргоону максат кылганын айтты.
“Мамлекет болуу Палестина элинин укугу жана биз бул укукту так белгилөө эки мамлекеттүү чечимдин мүмкүнчүлүгүн коргоодо абдан маанилүү,” – деп кошумчалады.
Өткөн жылы Ирландия, Норвегия жана Испания Палестинаны расмий түрдө тааныган 147 өлкөнүн тизмесине кошулган.
Франция да БУУнун Башкы ассамблеясында Палестин мамлекетин таануу пландарын жарыялап, өнөр жайы өнүккөн жана демократиялуу жети өлкөнүн бейрасмий форуму болгон G7 мүчө мамлекеттеринин ичинен бул кадамды жасаган биринчи өлкө болду.














