ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия Сауд Арабия менен 2 миллиард долларлык энергетикалык инвестиция келишимине кол койду
Келишим Сауд компанияларынын жалпы кубаттуулугу 5000 МВт болгон күн жана шамал электр станцияларын куруусун көздөйт.
Түркия Сауд Арабия менен 2 миллиард долларлык энергетикалык инвестиция келишимине кол койду
2 миллиард долларлык инвестиция. / AA

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​Сауд Арабия менен ири көлөмдөгү күн энергиясы долбоорлорун камтыган болжол менен 2 миллиард долларлык энергетикалык инвестиция келишимине кол коюлганын жарыялады.

Байрактар ​​Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда Түркия Республикасынын өкмөтү менен Сауд Арабия Падышачылыгынын өкмөтүнүн ортосунда Кайра жаралуучу энергия станцияларынын долбоорлору боюнча өкмөттөр аралык келишимге сауд кесиптеши менен кол коюшканын билдирди.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Байрактар ​​Сауд компаниялары Түркияда жалпы кубаттуулугу 5000 мегаватт болгон күн жана шамал электр станцияларын курарын кошумчалады.

Инвестициянын биринчи этабы катары Борбордук Анадолудагы Сивас жана Караман облустарында жалпы кубаттуулугу 2000 мегаватт болгон күн электр станцияларынын долбоорлору ишке ашырылат.

Байрактар: "Биз Түркияда көргөн эң төмөнкү баада электр энергиясын сатып алабыз. Бул 2000 мегаватттык биринчи этап болжол менен 2 миллиард долларлык инвестицияны билдирет. Ошондой эле өлкөбүзгө түз чет элдик каржылоо келерин туюнтат. Мунун бир бөлүгү жергиликтүү ресурстардан, бир бөлүгү да эл аралык каржы кекемелеринен камсыздалат", - деди.

Министрдин билдирүүсүнө ылайык, Караманда курула турган станциядан 25 жыл бою киловатт-саатына 1,995 евродон, ал эми Сиваста курула турган станциядан киловатт-саатына 2,3415 евродон электр энергиясы сатып алынат.

Байрактар ​​долбоорлордун 50 пайызы ата мекендик өндүрүшкө багытталганын жана курулуш иштери 2027-жылы башталаары күтүлүп жатканын билдирди.

Биринчи баскычтын 2027-жылдын аягына чейин, ал эми долбоордун толугунун 2028-2029-жылдары бүткөрүлүшү пландаштырылууда.

Байрактар ​​ошондой эле Сауд Арабия менен Түркиянын ортосунда электр берүү линиясын жана өз ара байланыш долбоорун кошо алганда, электр энергиясы тармагындагы узак мөөнөттүү кызматташуу талкууланганын кошумчалады.

Байрактар ​​шейшемби күнү Эр-Риядга сапарында президент Режеп Таййип Эрдоганды коштоп барган делегациянын курамында болду.

Иликте
Президент Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата куттуктоосу
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты