Эрдоган менен Омандын Султаны тыгыз байланыштарды түзүүгө убада беришти

Түркия Республикасынын Президенти, Омандын Султаны менен өткөргөн жолугушуусунда Түркия менен Омандын өзгөчө Палестина маселеси боюнча позицияларынын дал келгенин жана эки мамлекеттүү чечимге карай биргелешип аракеттене тургандыктарын билдирди.

Эрдоган менен Омандын Султаны тыгыз байланыштарды түзүүгө убада беришти / Anadolu Agency

Президент Режеп Таййип Эрдоган бейшемби күнү Омандын борбор шаары Маскатта Султан Хайсам бин Тарик менен жолугуп, өнөр жай, коргонуу жана коммуникация тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө темаларын сүйлөштү.

Лидерлер Палестина маселеси боюнча тилектештигин ырастап, аймактык жана глобалдык көйгөйлөрдү талкуулашты. Бул сапар президент Эрдогандын Кувейт жана Катарга сапарларынан кийинки үч өлкөнү камтыган Перс булуңу сапарынын акыркы аялдамасы болду.

Түркиянын дипломатиялык булактары бейшемби күнү өткөрүлгөн жолугушуунун Маскаттагы Аль Алам сарайында жабык эшик артында өткөнүн жарыялашты.

Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, эки лидер жолугушуу учурунда эки тараптуу карым-катнаштарды, аймактык жана дүйнөлүк маселелерди талкуулашты.

Билдирүүгө караганда, президент Эрдоган Түркия менен Омандын түптөлгөн тарыхый жана бир туугандык байланыштары бар экенин, бул сапар менен эки өлкөнүн ортосундагы тилектештик дагы да бекемделгенин айтты.

“Президент Эрдоган өнөр жай, экономика, коргонуу жана байланыш сыяктуу көптөгөн тармактарда Оман менен кызматташтыктын өнүктүрүлө турганын баса белгиледи”, - деп кошумчаланды.

Президент Эрдоган Түркия менен Омандын Палестина маселеси баш болгон көптөгөн темада позициясы окшош экенин, Омандын өз аймагындагы ортомчулукка жана диалогго негизделген аракеттерин жогору баалаганын, Газада эки мамлекеттүү чечимге карай биргелешип иштей тургандарын айтты.

Жолугушуудан кийин эки өлкөнүн ортосунда жалпы 16 жаңы документтин кабыл алынганы маалымдалды.