ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль туткундардын сөөктөрү кайтарылгандан кийин Рафах өткөөлүн жүк ташуучу унааларга кайра ачты
Израиль төрт туткундун сөөгүн кайтарып алганда кийин Рафах аркылуу жардамдын өтүшүнө уруксат берди, ал эми агенттиктер Газадагы жер которгондор күчөп бараткан ачарчылык жана жардамдын кечиктирилиши менен туш болуп жатканын эскертишти.
Израиль туткундардын сөөктөрү кайтарылгандан кийин Рафах өткөөлүн жүк ташуучу унааларга кайра ачты
Израиль туткундардын сөөктөрү кайтарылгандан кийин Рафах өткөөлүн жүк ташуучу унааларга кайра ачты / Reuters
15 Октябрь 2025

Израилдин коомдук телеканалы KANдын шаршемби күнкү кабарына караганда, Израиль барымтадагы төрт адамдын сөөгүн кайтарып алгандан кийин Газа менен Египеттин ортосундагы Рафах чек ара бекетин ачуу жана Газага гуманитардык жардамдын өтүшүнө уруксат берүү чечимин кабыл алды.

Кабарда Израилдин ХАМАСка каршы пландаган жана аймакка кирген гумжардам ташыган унаалардын санын эки эсе кыскартуу чараларын жокко чыгарганы айтылды.

Мурда Рафахты жабык кармоо чечими Хамас АКШ ортомчулугу менен түзүлгөн ок атышпоо боюнча жаңы келишимге ылайык туткундардын сөөгүн берүүдөн баш тартып, аларды табуу кыйын экенин айткандан кийин кабыл алынган.

Израиль жардам жүктөрүн чек аранын Палестина тарабында түшүрүүнү, андан кийин Газадагы БУУ жана башка жардам уюмдары тарабынан чогултулушун талап кылууда.

ЮНИСЕФтин өкүлү Рикардо Пирес “Бардык чек ара өткөөлдөрү ачык болушу керек. Рафах канчалык узак жабык турса, өзгөчө түштүктө жер которгон адамдар үчүн Газадагы азап ошончолук узарат,” - деди.

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Израилдин Газадагы согушунун аяктаганын жарыялады. Акыркы израилдик туткундардын палестиналык туткундарга алмаштырылышы жардамдар тез арада аймакка жеткирилет деген үмүттү арттырды. Ачкачылыкты көзөмөлдөөчү глобалдык уюм жүз миңдеген адамдар ачарчылыктан өлүү коркунучунда турганын эскертти.

“Биз дагы эле аз сандагы жүктөрдүн кирип жатканын көрүп жатабыз жана бул жүктөргө чоң топтор чогулуп, гуманитардык стандарттарга такыр туура келбеген шартта бөлүштүрүлүүдө,” - деди Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин өкүлү Кристиан Кардон Женевада шейшемби күнү журналисттерге.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы шейшемби күнкү маалыматында, дем алыш күндөрдөн бери 137 жүк ташуучу унаа киргизилгенин билдирди. Жардам агенттиктери Газадагы бир нече аптадан бери жардам ала элек 400 миң кишиге жүктөрдү тез арада жеткирүүнү максат кылууда.

Иликте
Эл аралык жаш ишкерлер конгресси Стамбулда өттү
Индонезия: Газа тынчтык күчү 20000 аскерден турушу мүмкүн
Грек премьер-министринин Түркия сапары карым  - катнаштарда жумшоонун белгисин берүүдө
Кытай Кубанын күйүүчү май көйгөйүн чечүүгө аракет кылууда
Россия кол салуусунда Украинанын Одесса облусундагы  энергетика объектисине сокку урду
АКШ менен өзөктүк сүйлөшүүлөр ылдамдады: Иран Оманга коопсуздук кызматынын башчысын жөнөттү
Робот иттер 2026-жылкы Дүйнөлүк Кубокто Мексика полициясына колдоо көрсөтөт
Түркиянын Roketsan компаниясы Риядда жасалма интеллект менен иштеген EREN ок-дарыларын көрсөттү
АКШ соту депортациялоонун жолун ачты: Трамп миңдеген адамдын коргоо макамын алып салууну көздөйт
Ливияда тез жардам тик учагы кулап, беш адам каза болду
Колумбиянын түндүгүндө катуу жааган жамгыр селдерге жана жер көчкүлөрүнө алып келди
Түркиянын тышкы иштер министри Иранга жасалган аба соккулары режимдин алмаштырбай турганын айтты
Японияда катуу жааган кар 46 адамдын өмүрүн алды
Орусиянын дрондору Одесса жана Харьков шаарларына сокку урду
Сириянын түндүк  - батышында болгон селден улам жүздөгөн киши жер которууга аргасыз болду