ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Иран уранды байытуудан баш тартпай турганын билдирди
Ирандын тышкы иштер министри атомдук объекттерге олуттуу зыян келтирилгенин ырастады, бирок уранды байытуунун улуттук сыймык экенин баса белгиледи. Трамп болсо АКШ "керек болсо" дагы сокку урарын жарыялады.
Иран уранды байытуудан баш тартпай турганын билдирди
/ AA

Ирандын тышкы иштер министри Тегерандын АКШнын акыркы аба соккуларынан олуттуу зыян тартканына карабай атомдук программасынан баш тартпай турганын билдирди. Уранды байытуу улуттук сыймык экенин баса белгиледи.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Fox News менен болгон маегинде: “Азыркы учур үчүн байытуу токтоду анткени чыгым абдан оор жана олутуу”,- деди.

«Бирок, албетте, биз байытуу процессинен баш тарта албайбыз, анткени бул биздин илимпоздордун жетишкендиги»,- деди.

Арагчи келечектеги ядролук келишимдерде Ирандын байытуу укугу сөзсүз камтылышы керектигин сөздөрүнө кошумчалады.

Арагчинин билдирүүлөрү АКШнын 22-июнда араларында жер астындагы Фордо объектиси да болгон үч атомдук объектке карата абадан кол салууларынан көптөгөн жумадан кийин келди. Кол салуулар Израилдин Иран менен 12 күнгө созулган согушуна жооп катары болгон.

Объекттердин «талкаланганын» кабыл алган Арагчи Ирандын ядролук технологиясы сакталып калганын белгиледи. «Технология бул жерде. Атомдук программабыз, байытуу программабыз тыштан импорттолгон нерсе эмес жана бомбалоо менен жок кылуу мүмкүн эмес», – деди.

Керек” болсо дагы көп кол салуу

АКШнын президенти Дональд Трамп Арагчинин билдирүүлөрүнө Truth Social платформасында жооп берип: «Буга чейин айтканымдай керек болсо дагы кылабыз!»,– деп жазды.

Трамп кийинки бөлүшүүсүндө АКШнын чалгындоо отчетторуна таянып кол салуулардын Ирандын атомдук программасын бир канча ай кечеңдеткен болушу мүмкүн экендигин айтып CNN каналын сынга алды. Президент каналдын жетекчилигин кабарчыны жумуштан чыгарууга чакырды.

Арагчи өзгөчө Ирандын Атомдук энергия уюмунун (AEOI) атомдук материалдары менен объектилерине келтирилген зыяндын көлөмүн карап чыкканын ырастады. Бирок ал байытылган урандын сакталгандыгы тууралуу так маалымат берген жок.

Арагчи мындай ийгиликсиздикке карабастан, Ирандын сүйлөшүүлөргө ачык экенин, бирок учурда АКШ менен түздөн түз сүйлөшүүгө жабык экендигин белгиледи.

«Ирандын ядролук программасы тынчтык максатта экенин далилдөө үчүн ишеним жаратууну каалаган чараларды көрүүгө даярбыз», – деген Арагчи буга жооп катары АКШнын санкцияларынын жоюлушун талап кылды.

Арагчи Ирандын ракеталарды иштеп чыгууну жана өндүрүүнү уланта турганын ырастап, Израилдин акыркы кагылышууларда Ирандын ракеталык инфраструктурасын бутага алганына карабастан: «Колубузда өзүбүздү коргой турган маанилүү санда ракета бар»,-деди.

Иран менен Е3 түзгөн - Германия, Франция жана Улуу Британиянын ортосунда жаңы ядролук сүйлөшүүлөрүн жума күнү Стамбулда өткөрүү пландалууда.

АКШ менен Ирандын ортосундагы мурунку кыйыр сүйлөшүүлөр Омандын ортомчулугу аркылуу жүргүзүлгөн, бирок Израилдин 13-июндагы күтүүсүз чабуулунан кийин токтоп калган. АКШ болсо кийинки күндөрү Ирандын атомдук объекттерине карата чабуулдары менен кагылышууга кошулду.

Иликте
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"
Анкара НАТО саммитине  негизги эл аралык медиа борборун даярдады
Сабиха Гөкчен аэропорту жүргүнчүлөр боюнча рекордго жетти
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди