ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Иран: Оман менен сүйлөшүүлөрдө Ормуз кысыгындагы кемелердин өтүүсүнө басым жасалууда
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Бекайи: "Биз АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан жокпуз. Оман менен болгон сүйлөшүүлөр кемелердин Ормуз кысыгынан коопсуз өтүшүнө багытталган", - деди.
Иран: Оман менен сүйлөшүүлөрдө Ормуз кысыгындагы кемелердин өтүүсүнө басым жасалууда
Ормуз кысыгы ( REUTERS)

Бекайи борбор шаар Тегеранда өткөн жумалык басма сөз жыйынында учурдагы маселелерге байланыштуу баа берди.

Оман менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр Ормуз кысыгында кемелердин коопсуз өтүүсүн камсыз кылуу максатында жаңы жана убактылуу маршрутту белгилөөгө багытталганын айткан Бекаи буларга токтолду: «АКШ менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жокпуз. Оман менен болгон сүйлөшүүлөр Ормуз кысыгында кемелердин коопсуз өтүүсүн камсыздоого багытталган. АКШнын деңиз блокадасы жана соккулары улантылган сайын Ормуз кысыгында учурдагы кырдаал өзгөрбөйт».

Учурда арачылык кылып жаткан өлкө Пакистан экенин, ал эми Катар бул аракеттерге колдоо көрсөтүп жатканын белгилеген Бекаи Кытайдын да аймактагы чыр-чатак жана коопсуздуктун начарлашынан тынчсызданып, кырдаалдын мындан ары курчуп кетишине жол бербөө үчүн аракет кылып жатканын айтты.

Иранга карата "агрессивдүү позицияны" күч жана коркутуу менен гана токтотууга болорун айткан Бекайи АКШнын Ирандын гана эмес, аймактагы бардык өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч келтирерин билдирди.

АКШнын аймактагы аскердик базаларды колдонушу туруксуздукту күчөтөрүн айткан Бекайи АКШнын президенти Дональд Трамптын Иранга каршы катаал билдирүүлөрүнө байланыштуу: "Ирандык бойдон калалы. Биздин өзүбүздүн адеп-ахлагыбыз бар. Башкалардын катаал сөздөрүн үлгү катары кабыл аларыбызды ойлобойм", - деди.

Украинанын Каспий деңизинде Иранга таандык кемеге кол салуусу тууралуу сөз сүйлөгөн Бекайи украиналык жетекчилердин окуянын кокусунан болгонун айтышканын, бирок Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин башкача маанидеги билдирүүлөрдү жасаганын белгилеп, буларды кошумчалады: «Украинанын бул окуянын кокустук экенин далилдей турган кадам таштап же таштабай турганын көрүү үчүн күтүп жатабыз. Бул сыяктуу окуялардын кайталанбашы үчүн керектүү чараларды көрөбүз».

Иликте
Министр Фидан Кудс боюнча министрлер жыйынына катышат
Wildberries 2027-жылы Казакстанда 260 000 чарчы метр аянтты ээлеген жаңы кампа ачууну пландап жатат
Түркия Кара деңизде кол салууга кабылган кемелердеги жарандарынын абалын кылдат көзөмөлдөп жатат
Apple компаниясы Telegram тиркемесин App Store дүкөнүнөн убактылуу алып салды
Армениянын президенти Хачатурян Пашиняндын жаңы кабинетин бекитти
Иран президенти: Аймактык бүтүндүгүбүздү коргойбуз, бирок согушту кеңейтүүнү каалабайбыз
Президент Эрдоган Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Салман менен сүйлөштү
Жогорку аскердик кеңеш жыйналууда
Ибрахим Калын Газадагы тынчтык планын талкуулоо үчүн Хамастын лидери менен жолугушту
Түркия, Египет жана Катар  геноцидчи Израилди айыптады
Дрондор түнү бою Орусиянын аймактарына сокку уруп, Москвада беш адам каза болду
Министр Фидандын дипломатиялык иш-аракеттери
Казакстан Арал менен Каспийди бириктире турган стратегиялык автожолдун курулушун баштады
Коргоо жана авиация тармагы 1,12 миллиард долларлык экспортту ишке ашырды
Израиль армиясы жана мыйзамсыз отурукташкандар июль айында Батыш Шериага 2256 жолу кол салды