Сереп салуу
ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Корея согушунун  70 -  жылы : түштүк кореялыктар ыраазычылык менен эскерген түрк аскерлери
Корея согушунан бери  70 жыл өткөнүнө карабастан түрк аскерлеринин бул согушта жан аябастан күрөшкөнү Түштүк Корея эли тарабынан азыр да ыраазычылык менен эскерилүүдө.
Корея согушунун  70 -  жылы : түштүк кореялыктар ыраазычылык менен эскерген түрк аскерлери
Корея согушунун 70 - жылы
28 Февраль 2025

Мезгилдин премьер  - министри Аднан Мендерестин сунушу менен Түркия Улуу Улуттук Парламенти Түндүк Кореянын кол салуусуна каршы Түштүк Кореяга аскер жиберүү чечимин чыгарды.

Түрк бригадасы көрсөткөн тайманбастык жана ийгиликтер менен «тандамал бөлүк» деген атка ээ болду жана согуштун жүрүшүн өзгөртүүдө маанилүү роль ойноду.

Стамбулда жашаган 96 жаштагы Корей согушунун ардагери Мустафа Режбероглу TRT World каналына ал күндөр тууралуу буларды айтты : «Анкарада машыккандан кийин Искендерундан кеме менен жолго чыктык. Суэц каналынан, океандардан өттүк жана узак жол жүрүп Кореяга жеттик. Көп кыйынчылыктарды өткөрдүк жана досторубуздан айрылдык. Ал күндөр жадыбалдай эсимде. Согуштун эч бир жерде болушун каалабаймын бирок бир жолу башталдыбы андан кача албайсың».

Түрк бригадасы Кореяга барган биринчи чет элдик бөлүк болду. Согушта  900 түрк аскери шейит болду. Шейиттерден 462си Түштүк Кореянын Бусан шаарындагы БУУнун Корея мемориалдык көрүстөнүндө жатат.

Мехметчик согуштун жүрүшүн өзгөрттү

Түркиянын Түштүк Корея элчиси Мурат Тамер : «Корей согушунун  70 – жылында шейиттерибизди урмат сый жана ыраазычылык менен эскеребиз. Түрк армиясы согушта абдан чоң баатырдыкты көрсөттү жана согуштун жүрүшүн өзгөрттү. Кумянжанг-ни согушундагы жеңиши менен БУУнун күчтөрүнүн өзүнө келишине жардам берди»,- деди.

Корей согушу Түркия жана Түштүк Кореянын ортосундагы күчтүү достуктун пайдубалын түптөдү. Эки өлкө «кан дос» деп аталууда жана бардык тармактарда карым  - катнаштарын өнүктүрүүнү улантууда. Түрк аскерлери согуштан кийин 1971 -  жылга чейин аймакта тынчтыкты коргоо миссиясын улантты.

Түрк аскерлери бир гана согуш аянтында эле эмес, гуманитардык жардамдар менен да өзүн көрсөттү. Түркия согушта ата  - энеси каза болуп жетим болгон кореялык балдар үчүн мектеп курган бир гана өлкө. Бул балдардын бири болгон Айланын баяны адамзатка үмүт берген үлгү болду.

Согушта Сүлейман Дилбирлиги аттуу түрк аскери үй – бүлөсүн жоготкон 5 жаштагы кыз баланы тапты жана ага Айла атын берди. Айла түрк тилинде «ай жана жылдыздардын айланасындагы жарык» деген маанини билдирет.

«Түрк аскерлеринин жардамын унутпайбыз»

Сүлейман Айланы түрк аскердик казармасында 15 ай карады. Ал Түркияга кайтып келе жатканда Айланы Түштүк Кореяда түрк армиясы тарабынан курулган Анкара мектебине киргизүү үчүн жетекчилеринен жардам алды.

Сүлейман үчүн Айланы таштап кетүү кыйын болду. Аны Түркияга алып келип  өз кызы  сыяктуу  чоңойтууну каалады. Тарыхый каттоолорго караганда Айланы бир чемоданга салып өлкө тышына чыгарууга аракет кылды бирок ишке ашкан эмес.

Көптөгөн жылдардан кийин Айла менен Сүлейман Түштүк Кореяда  кайрадан жолугушту. Бул жолугушуу  эки өлкөнүн ортосундагы байланыштын канчалык күчтүү экендигин дагы бир жолу көрсөттү.

Түштүк Кореянын Анкарадагы элчиси Вон ИК Ли бул тууралуу : «Түрк аскерлеринин эбегейсиз жардамы  Корей элинин эсинде терең из калтырды. Корея Республикасы муну эч качан унутпайт»,-деди.

Иликте
Түркия ноябрь айында Сирияга карата транзиттик ташууларды баштайт
Фидан: Израиль Газадагы ок атышпоону саботаж кылды жана бул үчүн жооп бериши керек
Түркия Газага аскер жөнөтүү боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимине ылайык иш алып барат
ЮНЕСКО Эрдогандын сунушу менен 15-декабрды "Дүйнөлүк түрк тилдеринин үй-бүлө күнү" деп жарыялды
Эрдоган: Түркия коргонуу долбоорлору боюнча европалык өнөктөштөрү менен кызматташуусун тездетет
Эрдоган: «ИКУ Сириянын экономикалык өнүгүүсүн колдоо үчүн атайын программаны баштады»
Эрдоган Эль-Фаширдеги жарандык кыргындарды айыптап, мусулман дүйнөсүн кан төгүүнү токтотууга чакырды
Түркия инвестицияларды көбөйтүү үчүн "Nexus of the World" өнөктүгүн баштады
Гремингер: Түркия жана башка державалар дүйнөлүк тартипти адилеттүү түрдө түзүүгө жардам бере алышат
Фидан: «ПКК террордук уюмунун аймактагы кыймылын токтотуу туруктуулук үчүн абдан маанилүү»
Багдад ПКК террор уюмунун куралсыздандырылышын колдойт
Стамбулда Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу жана гуманитардык кризис талкууланат
Оторбаев: «Түркиянын үнү аймактар менен цивилизациялардын ортосунда улам күчөгөн көпүрө түзүүдө»
Амитав Ачарья: «Түркия дүйнөлүк тартиптин жана дипломатиянын бешиги»
Хакан Фидан БУУну реформалоого чакырып, глобалдык тартипте "легитимдүүлүк кризиси" тууралуу эскертти
Вице-президент: Түркия коргоо өнөр жайы темасында компромисске барбайт