ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп согуштук компенсацияларды талап кылган Ирандын компенсацияларды өзү төлөшү керектигин айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп АКШнын деңиз флоту Ормуз кысыгын миналардан тазалап, стратегиялык суу жолун толук көзөмөлгө алганын билдирди. Бирок Тегеран өкмөтү АКШ белгиленген шарттарды аткармайынча кысык жабык бойдон каларын билдирди.
Трамп согуштук компенсацияларды талап кылган Ирандын компенсацияларды өзү төлөшү керектигин айтты
(АРХИВ) Трамп согуш компенсациясын талап кылган Иран бул төлөмдү өзү төлөшү керектигин жактады.

АКШ президенти Дональд Трамп Иранга чоң чабуул жасоо ыктмалдуулугун ачык калтырып, Ирандын Жакынкы Чыгышка "акыркы 50 жылда келтирген зыяны" үчүн компенсация төлөшү керектигин айтты.

АКШнын президенти Трамп Овал кабинетте өткөн пресс - жыйындан кийин Иран тууралуу акыркы күн тартибине баа берди.

Ирандын келишимге кол коюу үчүн согуш компенсациясын талап кылганын билдирген Трамп, тескерисинче, Тегеран өзү компенсация төлөшү керектигин ортого салды.

АКШ президенти: "Алар согуш компенсациясын талап кылышты, бул жакшы идея деп ойлойм, биз да алардын 50 жыл бою келтирген зыяны үчүн компенсация талап кылабыз", - деген баа берди.

Иранга карата кол салуу үчүн ачык эшик калтырды

АКШ президенти ошол эле басма сөз жыйынында, Иран менен макулдаша албаса, бул өлкөгө карата чоң сокку уруу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтты.

Трамп: «Соңку билдирүүңүздө Иранга акыркы мүмкүнчүлүк берген элеңиз, азыр абал кандай? Азыр да ири чабуул жасоону пландап жатасызбы?»,- деген суроого: «Жакын арада көрөсүздөр. Эгер муну жасоону кааласак, ага мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Жакында баарына күбө болосуздар», — деп жооп кайтарды.

Ирандын экономикалык жактан оор абалда экенин жана өз аскерлерине айлык да төлөй албай жатканын белгилеген Трамп, буга карабастан өлкө Ормуз кысыгында аскердик жактан дагы эле көйгөй жаратуу күчүнө ээ экендигин айтты.

«Ормуз кысыгы азыр ачык жана кысык толугу менен биздин флоттун көзөмөлүндө», — деген Трамп, кысыктан алардын уруксат берген танкерлер гана өтө аларын, башка кемелер болсо блокадага кабылып жатканын белгиледи.

Иликте
Нидерландия АКШ менен Канададагы 86 тонна алтынын Британияга которду
Байрактар АКЫНЖЫ улуттук багыттоочу комплекттерди колдонуп, буталарга таамай сокку урду
Иран армиясы: "Кувейттеги жана БАЭдеги АКШнын базаларын ракеталар жана дрондор менен бутага алдык"
Израилдин ок атуусунан эки палестиналык, анын ичинде бир бала каза болду
Грецияда Батыш Нил вирусун жуктуруп алгандардын саны 290го жетти
Даниянын чалгын кызматтары орус саботаж ыктымалдуулугуна каршы эскертти
Орусия Москвага багыт алган 37 дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады
АКШнын армиясы Тынч океандын чыгышында бир кемени чөктүрдү
Трамп Иран менен согушту токтотууну карап жатат
Израилдиктер Батыш Шерияда айылга кол салды: 2 палестиналык  каза болду
АКШнын Миннеаполис шаарындагы куралдуу кол салуудан эки адам каза болду
Орусия: "Украинанын аскердик логистикалык борборлоруна жана кемелерине сокку урдук"
Трамп Иранга карата чабуулдардын Израиль менен Жакынкы Чыгышка жардам берүү үчүн жасалганын жактады
Испания Израиль менен Россиянын мигранттардын агымын күчөткөнүн билдирди
Иран менен байланышы бар хакерлер АКШдагы маанилүү инфраструктураларга кол салууга аракет кылышкан