ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Пакистан БУУнун тынчтык чакыруусуна карабастан, Афганистандын борборун жана башка аймактарын атты
Коңшу эки өлкөнүн ортосундагы кагылышуулар күчөгөн сайын, Пакистан өкмөтү аймактын бүтүндүгүнө коркунуч туудурган ар кандай нерсеге "чечкиндүү жооп" берерин билдирди.
Пакистан БУУнун тынчтык чакыруусуна карабастан, Афганистандын борборун жана башка аймактарын атты
Пакистан Кабулга түнкү аба соккуларын жүргүздү, Талибандын аскердик объектилерин бутага алганын билдирди. (Сүрөт: Рейтер/файл) / Reuters

Афган өкмөт катчысынын берген маалыматына караганда Пакистан армиясы борбор шаар Кабул менен бирге Кандахар жана Пактиа аймактары да болгон Афганистандын түрдүү жерлерине абадан операция жүргүздү.

Афганистандын жетекчилери берген билдирүүдө Пакистан күчтөрү «айрым аймактарды» бутага алган аба чабуулдарын ишке ашырганын жана жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:30 чамасында Кабул шаарынын борборунда бир нече ири жардыруулардын катталганын белгилешти. Афган өкмөтүнүн катчысы кол салуулардан каза болгондор жок экенин айтса Исламабад абдан оор жоготуулар болгонун билдирди.

Пакистандын премьер-министринин катчысы Мушарраф Заиди каршы соккуларда 133 афган аскеринин өлтүрүлгөнүн жана 200дөн ашык адамдын жарадар болгонун айтты. Заиди өзгөчө Пакистан күчтөрүнүн 27 афган аскердик постту, эки корпус штабын жана 80ден ашуун танк менен брондолгон унааларды жок кылганын кошумчалады. Пакистандын коопсуздук булактары Кандахардагы операция учурунда ок-дарылары кампасы жана логистикалык базанын талкалангын билдиришти.

Ошол эле учурда Афганистандын Коргоо министрлиги афган күчтөрүнүн Дюранд сызыгынын боюндагы Пакистандын позицияларын бутага алган жооп кайтаруу операциялары түн ортосунда аяктаганын жарыялады. Бейшемби күнү эртең менен төрт саатка созулган чек ара кагылышуусунда кеминде сегиз афган аскери жана эки пакистандык аскер каза болгон. Бул чыңалуу Пакистандын өткөн аптада ишке ашырган аба соккуларынан кийин ишке ашырылды жана 70 «террористтин» өлтүрүлгөнүн билдирсе, БУУ жай тургундардын өлүмү тууралуу отчету абадан жүргүзүлгөн операциядан кийин келди.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш кагылышуулардан улам тынчсыздануусун билдирди. Катчысы Стефан Дужаррик Гутерриштин "тиешелүү тараптарды эл аралык укук боюнча милдеттенмелерин аткарууга" жана дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырганын айтты.

Пакистандын согушкерлердин Афганистандын аймагынан иш жүргүзүп жатат деген айыптоолору жана Кабулдун бул дооматтарды четке кагышы менен эки өлкөнүн ортосундагы карым - катнаштар начарлап баратат.

Иликте
АКШ Иран дрондорун атып түшүргөнүн жарыялады
Сурамжылоолор оппозициянын рейтинги өсүп, Ликуд партиясы эң төмөнкү орунда экенин көрсөттү
2026-жылкы Дүйнөлүк Кубок Мексиканын Түштүк Африканы 2:0 эсебинде жеңиши менен башталды
Орусия: Украинанын Татарстанга дрон чабуулунан 4 адам жаракат алды
Иран эскертти: АКШнын энергетикалык объектилерди бутага алышы "туңгуюкту" жаратышы мүмкүн
Трамптын бутасындагы Харк аралы тууралуу эмнелер белгилүү?
АКШ НАТОнун Европадагы операцияларын кескин кыскартууну пландаштырууда
Канаданын премьер-министри Карни: Түркия НАТОнун маанилүү өнөктөшү
Трамп Иранга карата пландалган кол салууну токтотту; келишим түзүү белгисин берди
Шакира менен Бурна Бой Дүйнөлүк Кубоктун ачылышында чогуу ырдашты
Белфасттагы зордук-зомбулук окуяларынан кийин Британия Ирландия чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү
Сирия купуя документтерди интернетке чыгарып жиберген киберчабуул боюнча иликтөө жүргүзүп жатат
Кудс губернаторулугу: "Израиль UNRWA'га таандык билим берүү комплексин жок кылууну пландап жатат"
Инд океанында  ушул кезге чейинки эң терең жана эң чоң кит көрүстөнү табылды
Пакистан Индия суу агымын чектесе "олуттуу кесепеттерге" дуушар болорун эскертти
Peace Now: Израиль Батыш Шериадагы 69 мыйзамсыз конуш үчүн 51 миллион доллар бөлдү
Иран АКШнын акыркы чабуулдарынан кийин ок атышууну токтотууну жарыялоо "маанисиз" экенин билдирди
Пашинян Армения-Түркия темир жолу "тез" ачылат деп үмүттөнөрүн билдирди
NBC: Трамп коргоо өнөр жайынын жетекчилери менен жолугат
Кытайдын  түштүгүндө болгон жарылууда  7 киши каза болуп,  17 киши жаракат алды