МАДАНИЯТ
2 мүнөт окуу
Кападокия Мишелинде ордун алды
Мишелин декабрь айында Стамбулда өткөрүлө турган аземде Кападокиядагы тандалган ресторандарды жарыялайт.
Кападокия  Мишелинде ордун алды
/ AA

Түркиянын эң белгилүү туристтик аймактарынын бири болгон кооз Кападокия эми Мишелин гиддеринин тизмесине кошулуп, өлкөнүн ашкана чеберчилиги боюнча таанылган акыркы аймагы болду.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой бул жаңылыкты “сыймыктуу учур” деп атап, Түркиянын дүйнөлүк гастрономиядагы өсүп жаткан маанисин баса белгиледи.

Эрсой социалдык медиадан жасаган билдирүүсүндө: «Орто Анадолунун миң жылдык ашпозчулук мурасын бүгүнкү күнгө чейин жеткирген Кападокия Стамбул, Измир жана Мугладан кийин #MICHELINGuide2026 тандоосуна кирди. Бул сыймыктандырган абал Түркиянын гастрономияда жеткен жогорку деңгээлин дагы бир жолу көрсөтүүдө»,-деди.

Маданият жана туризм министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Michelin Guides уюмунун эл аралык директору Гвендал Поулленнек аймактын маданий жана гастрономиялык көп түрдүүлүгү инспекторлордо эстен кеткис таасир калтырганын белгиледи.

Поулленнек: "Кападокиянын кулинардык салты бул аймак менен тыгыз байланышта. Ашпозчулар кол өнөрчүлүктүн ар бир этабында жергиликтүү азыктарды жана айыл чарбаны негизги элемент катары колдонушат. Бул аймакты тандоо үчүн дагы бир себепти сунуш кылгыбыз келет: Кападокиянын теңдеши жок гастрономиялык дүйнөсүн сезүү".

Борбордук Анадолунун тарыхый аймагы жана ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Кападокия пери морулары, аскадан жасалган үйлөрү жана чиркөөлөрү, күндүн чыгышы менен ысык аба шарында саякаттары менен белгилүү. Кападокия ошондой эле тандырда бышкан эти, кебабтары, жергиликтүү мезелери менен бай кулинардык маданиятка ээ.

Мишелин гидинин Кападокиядагы биринчи ресторан тандоосу 4-декабрда Стамбулдагы Four Seasons Hotel Bosphorus мейманканасында боло турган аземде жарыяланат. Ушул эле иш-чарада Стамбул, Измир, Эгей жээги жана Түркиянын түштүк-батышындагы жээк аймагы Мугла үчүн тандоолор да жарыяланат.

Иликте
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
Зеленский Байдендин эвакуация сунушун "Мага ок-дары керек" деген жообу менен четке какканын айтты
Стамбул аэропортуна 'Эң көп байланыштырган аэропорт' сыйлыгы
Ак карлуу Улудаг күздүн түстөрүнө бөлөндү
Трамп алар Иран менен сүйлөшүү өткөрбөгөндөрүн жана жакында "бир нерсе болорун" айтты
АКШ менен Гайана аскердик кызматташтыкты күчөтүү боюнча келишимге кол коюшту
Галатасарай Франциядан 3 упай менен кайтып келди
Король Фахд эл аралык аэропортуна кол салуудан 1 адам каза болуп, 8 киши жаракат алды